(Кыргыз) “Роскосмостун” экс-жетекчиси Рогозин Донецктеги аткылоо учурунда жарадар болду
“Роскосмостун” мурдагы жетекчиси Дмитрий Рогозин Донецктеги мейманкананы аткылоо учурунда жарадар болгону тууралуу маалымат Интернет тармагында таркатылууда. ТАСС жана РИА Новости маалымат агенттиктери Рогозиндин жардамчысынын сөзүнө таянып, ал ооруканага жаткырылганын, өмүрүнө коркунуч жок экенин билдиришти.
Factcheck.kg редакциясы окуянын чоо-жайын аныктады.
Чынында эле, “Роскосмос” мамлекеттик корпорациянын мурдагы жетекчиси Дмитрий Рогозин 21-декабрдан 22сине караган түнү Донецктеги мейманкананы аткылоо учурунда жарадар болгон.
Орусиялык Baza басылмасы билдиргендей, Рогозин туулган күнүн белгилеп жаткан Донецктеги “Шеш-Беш” рестораны аткылоого учураган. Басылма тактагандай, аткаминер башынан, жамбашынан жана сол санынан жаракат алган.
Рогозин өзү алган жараттары тууралуу мындай деп айтат: “Аркаман жаракат алдым. Аманмын. Осколок омурткамдан бир сантиметр аралыкта [өттү]”.
Рогозинден сырткары өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдүн өкмөт башчысы Виталий Хоценко да жаракат алган. Хоценконун жарадар болгонун ТАСС агенттигине анын пресс-катчысы тастыктаган. Анын сөзү боюнча, жетекчисинин өмүрүнө коркунуч жок.
Такталган маалыматтар боюнча, аткылоо учурунда бардыгы болуп 2 адам курман болуп, 5 киши жаракат алган.
Орусиялык ЖМКлардын маалыматтары боюнча, украин аскерлери аткылоо үчүн 155 мм CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмону колдонушкан.
Эскерте кетсек, “Роскосмостун” экс-генералдык директору Дмитрий Рогозин, мамлекеттик корпорацияны 2018-жылдын майынан өткөн июлда кызматынан бошотулганга чейин жетектеген. Күзүндө Рогозин “атайын аскердик операция” деп аталган аймакка барарын, ал жакта орусиянын аскердик бөлүктөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнү максат кылган эксперттик топту жетектей турганын билдирген.
Дмитрий Рогозин 2014-жылы эле Донбасстагы окоптордо болууну кыялданаарын айткан болчу.
Тыянак: чындык. “Роскосмостун экс-жетекчиси Дмитрий Рогозин Донецктеги мейманкананы аткылоо учурунда чынында эле жарадар болгон.