(Кыргыз) Эльдар Абакиров: “Азыркы парламенттин референдум өткөрүүгө укугу жок экенин Венеция комиссиясы да билдирген”

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2020-жылдын 17-ноябрында Венеция комиссиясы Конституциялык палатага жооп катары конституциялык реформа жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу өз бүтүмүн чыгарган.

Анда депутаттарга маанилүү чечимдерди кабыл алуудан баш тартуу сунушталган.

Корутундуда “парламент конституциялык өзгөртүүлөрдү, саясий дебаттардын алкагында кадимки калыбына келүү үчүн зарыл болбогон башка маанилүү реформаларды кабыл албашы керек”, – деп айтылат. 

 

Жыйынтык: чындык.