(Кыргыз) Садыр Жапаровдун президенттигинин дагы бир жылы. Убадалары аткарылуудабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Дээрлик эки жыл мурун, 2021-жылдын 10-январында өлкөнүн президенти болуп Садыр Жапаров шайланган. Шайлоочулардын 79.2% добуштарын ага беришкен болчу. Бул убакыт аралыгында мамлекет башчы көп убадаларын берди. Алардын катарында мигранттарды кайтаруу, футболдук аренаны куруу, сөз эркиндигин камсыздоо деген убадалар бар болчу.

Factcheck.kg реакциясы президент берген убадаларын жана билдирүүлөрүн канчалык деңгээлде аткарганын аныктап чыкты.

Прокуратура кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүү

“Прокуратура кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт”. Бул тууралуу президент 2021-жылдын 20-ноябрында Прокуратура күнүндө билдирген болчу.

Мамлекет башчы прокурорлордон бир жыл күтүп туруусун суранып, көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлерине иш шарттары түзүлөөрүн убадалаган.

“Силерге иш шарттары түзүлүүдө. Бир жыл мурун чыдай тургула деп сурандым эле. Өз кызыкчылыгыңар үчүн жашабай, коомдун жыргалчылыгы үчүн иштегиле жана жарандардын укугун коргогула! Прокуратуранын кызматкерлери элге жакын болушу керек. Силерди эч нерсеге муктаж болбосун деп айлыгыңарды көтөрөбүз. Ошол эле кезде мамлекет силерден ак ниет эмгекти талап кылат”, – деген Садыр Жапаров.

Иш жүзүндө: аткарыла элек. 2022-жылдын 1-октябрында прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматкерлеринин маянасы 80%га чейин көтөрүлгөн.

Өлкөдө сөз эркиндиги сакталат

Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-октябрында “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденцияда өткөн пресс-конференция учурунда өлкөдө сөз эркиндиги сакталып калаарын, журналисттерди куугунтуктоого жол бербестигин билдирген.

“Бир жыл аралыгында жок дегенде бир журналист негизсиз суракка чакырылдыбы? Жок. Мен дайыма айтып келем, силер тууралуу эмне гана жазышпасын, баарын Кудайга койгула деп. Өзүңөр билесиңер, мурда бийлик силерди көп миллиондогон сомго сотко берет эле. Силер болсо сотко барганга аргасыз болуп, өлкөдөн чыгып кете албайт болчусуңар… Эл баарын билет. Мына мени да каралап жатышат. Бир нече сайт мени дайыма жамандап жазат. Анткени мен алардын каржы булактарын жаап салгам. Караса, аларды MegaCom, аэропорт жана “Кумтор” колдоп келген экен”, – деген ал.

Иш жүзүндө: аткарылган жок.

2021-жылдын августунда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган болчу. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн бийлиги соттун чечими жок эле юридикалык же жеке тараптын арыздануусу боюнча каалаган сайтты бөгөттөп кое алат.

Маданият министрлиги ушул мыйзамга шилтемелеп, ResPublica гезитинин сайтын бөгөттөп койгон. Кийинчирээк 24.kg маалыматтык агенттигинин сайтын бөгөттөө аракети болгон.

Ошондон көп өтпөй Маданият министрлиги өз демилгеси менен 2022-жылдын 26-октябрында «Азаттык Медианын» сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “бул чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген жалган материалдарга байланыштуу колдонулган”.

Быйыл январда күч органдарынын кызматкерлери иликтөөчү-журналист Болот Темировдун кеңсесине кирип келишип, тинтүү учурунда анын чөнтөгүнө баңгизатты салып коюшкан. Ал эми ноябрда Темиров Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, дароо сот залынан өлкөдөн чыгарылган.

Эл аралык класстагы футбол стадионун куруу

2021-жылдын 10-декабрында Кыргызстан футболунун 100 жылдыгына арналган салтанатту иш чарада Садыр Жапаров келерки, 2022-жылда Кыргызстанда эл аралык класстагы футбол стадиону курула баштаарын билдирген.

“Кудай буюрса, Бишкектен баштайбыз. Совет көчөсү менен Түштүк магистраль кесилишкен аймакта 30 000 көрүүчүгө эсептелген стадионду курууну пландаштырып жатабыз. Биз эч кимден жардам сурабайбыз, бюджеттин эсебинен курабыз”.

Иш жүзүндө: иш жүрүп жатат. Экс-пресс-катчы Эрбол Султанбаев Vesti.kg сайтына берген комментарийинде курулуш иштери менен бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар европалык компания алектенерин билдирген. Бул жаңылык быйыл июлда жарыяланган, демек ал убакта стадиондун курулушу баштала элек болчу. Августта даярдоо иштери башталып, тосмолор орнотулганы белгилүү болду. Министрлер кабинети Орок айылынын жанындагы 20.78 гектар жерди трансформация кылган.

Саясат жарандардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталат

2021-жылдын 15-декабрында Садыр Жапаров: «Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат», – деп билдирген.

Иш жүзүндө: аткарылган жок. Октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыгышкан 20 саясатчы менен активист камакка алынган. Аларга массалык баш аламандыкка даярданган деген айып тагылган. Ошондой эле Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан блогер Ырыс Жекшеналиев убактылуу кармоочу жайга жиберилген. Адилет Али Мыктыбек июлда камакка алынган. Ал казинолорду мыйзмадаштырууга каршы чыгып, митингдерди уюштуруп келген. Коомдук тармактардагы билдирүүлөрү үчүн Мирлан Ураимов кармалган.

Мигранттарды кайтаруу

2021-жылдын 18-декабрында Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда Садыр Жапаров министрлер кабинетине Кыргызстанда айлыктары жакшы жумуш орундарын түзүү тапшырмасын бергенин айткан.

“Биз кесипкөй адистерди мекенибизде алып калышыбыз керек”.

Иш жүзүндө: аткарылган жок.

2022-жылы Орусияга андан да көп кыргызстандыктар чыгып кеткен. Мисалы, 2022-жылдын биринчи жарымында 438.2 миң кыргызстандык Орусияга кеткен. Бул мурдагы жылдагы ушундай көрсөткүчкө караганда 53.3 миң адамга көп. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын үчүнчү кварталанынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда орточо айлык 24 миң 594 сомго барабар, ал эми жашоо минимуму 7 миң 242,09 сомду түзөт. Ошол эле кезде, Иш менен камсыз кылуу кызматы маалымдагандай, 2022-жылдын 1-августуна карата бош жумуш орундардын саны 11 325 бирдикти түзгөн. Алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон жана бир бош жумуш ордуна жумуш издеген 22 адам туура келген.

Быйыл мамлекет башчы дагы төмөнкү убадаларды берди: сырткы карызды убагында төлөө, 2023-жылы жеңилдетилген ипотека үчүн 15 кабаттуу үйлөрдү көп курууну баштоо, армияда дедовщинаны жоюу, мугалимдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.

Биз мындан ары да өлкө жетекчилеринин убадаларына көз салып турмакчыбыз.