(Кыргыз) Фактчек: Джордж Сорос окуялар ал каалагандай чагылдырылышы үчүн 200дөн ашык дүйнөлүк медиаларга акча төлөп келгенби?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактарда Fox News’га шилтеме кылынып, “Джордж Сорос көп жылдар бою CNN, NBC, CBS, Bloomberg, NPR жана Washington Post сыяктуу 54 ЖМКнын өкүлдөрүнө акча төлөп келген” деген маалымат таркатылып жатат.

«253 ЖМК тарабынан дүйнөлүк окуялар ал каалагандай нукта чагылдырылышы үчүн Сорос 131 млн доллардан кем эмес каражат жумшаган. Ал репортерлордон жана теле алып баруучулардан баштап, ЖМКнын редакторлоруна жана жетекчилерине чейин, бардыгына төлөп келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүдө айтылгандардын аныктыгын текшерип көрдү.

Ушуга окшош билдирүүнү ЖМКлар MRC Business сайтына шилтеме кылып таркатышууда. Аталган сайтта чынында эле отчет жарыяланган, анда: “Дүйнө жүзүндөгү ЖМКлар жана активисттер менен байланышы бар 253 уюм аборт, марксисттик экономика, антиамериканизм, полицияны каржылоодон баш тартуу, экологиялык экстремизм темалары боюнча Джордж Соростун радикалдык идеяларын жайылтууга жардам берип келишет”, – деп айтылат.

Бирок Media Bias/Fact Check  (ЖМКлардын маалымат булактарынын калыстыгын, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн текшерген көз карандысыз веб-сайт, — ред. түш.) жогоруда аталган булак консервативдик көз карашка катуу ыктайт деп билдирет. Анда маалыматты бурмалап коюшу мүмкүн эмоционалдуу тил жана стереотиптер колдонулат.

Ошондой эле Media Bias/Fact Check маалымдагандай, MRC Business жаңылыш бүтүмгө алып келген отчетторду жарыялап келет, ал эми алар таянган маалымат булактар ишенимдүү эмес болуп эсептелет. Politifact (фактчекинг булагы, — ред. түш.) бир нече жолу MRC Business сайтынын материалдарын текшерип, чындыкка жатпаган, далилсиз маалыматтарды тапкан, мисалы:

Тыянак: далилденген эмес, Fox News ишенимдүү маалымат булагы болуп эсептелбеген MRC Business сайтынын отчетун колдонгон.