(Кыргыз) Фактчек: Француздар бензинге кезекке туруп жатышабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактарда жана мессенджерлерде Францияда бензинге байланыштуу маселе жаралууда деген маалымат таркатылууда. Бензиндин дефицити жаралышы мүмкүн деп кооптонгон француздар аны көбүрөөк сатып алып коюш үчүн кезектерге тура башташты деп айтылат. 

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Видеого бекитилген материалдан макаланын түпнускасын тапса болот, анда элдин көбү отундан көбүрөөк сатып алганга аракеттенишкендиктен ага таңсыздык пайда болушу мүмкүн деген кооптонуу айтылат. 17-январда бир канча май куюучу жайларда бензин жок калган.

Буга 19-январга пландаштырылган профсоюздардын нааразычылык акциялары себепчи болгон. Энергетика, коомдук транспорт, авиаташуулар жана мектептер сыяктуу негизги секторлордун өкүлдөрү бул акцияларга катыша тургандарын билдиришкен. Жалпысынан өлкө боюнча 200дөн ашык акция күтүлүүдө, ал эми жалпы улуттук иш таштоо мамлекеттик секторго катуу таасир этет деп күтүлүүдө.

Нааразычылык акциялардын өткөрүлүшүнө, өз кезегинде, өткөн жумада жарыяланган пенсиялык реформа себепчи болду. Эммануэль Макрондун өкмөтү мыйзамда каралган пенсияга чыгуу жашын 2030-жылга чейин 62 жаштан 64 жашка чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Мыйзам 2023-жылдын сентябрында күчүнө кирмекчи. Пенсия алыш үчүн адам 43 жыл иштеши керек болот. Реформа жарыялангандан кийин сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзгөн IFOP компаниясы аныктагандай, сурамжылангандардын 68%ы бул реформага каршы экенин билдиришкен.

Эскерте кетсек, быйыл күзүндө мамлекет субсидиялаган күйүүчү майга жеңилдиктердин көлөмү азайтылганда да май куюуучу жайларда кезектер пайда болгон.

Тыянак: чындык. Францияда чынында эле бензинге кезектер пайда болууда. Анын пайда болушуна пенсия реформасына каршы пландаштырылган нааразачылык акциялар себепчи болду.