(Кыргыз) Фактчек: Орусияда белгилүү иликтөөчү-журналист Христо Грозевге издөө салындыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Интернетте Орусиянын ИИМи Bellingcat уюмунун иликтөөчү-журналисти Христо Грозевге издөө салгандыгы тууралуу маалымат таркатылууда. Кайсы берене боюнча ага күнөө коюлгандыгын орусиялык күч органдары билдирген эмес.

Factcheck.kg редакциясы анын чоо-жайын аныктады.

Чынында эле, 26-декабрда Bellingcat уюмунун иликтөөчү-журналисти Христо Грозевдин ИИМдин издөө салынгандар боюнча маалыматтар базасына киргизилгендиги мекеменин сайтындагы карточкадан белгилүү болду. “Издөө салганга негиз” деген графада журналист кылмыш кодексинин беренеси боюнча изделип жаткандыгы гана айтылат. ИИМ башка маалыматтарды ачыктабады.

Бирок РИА “Новости” өз маалымат булактарына таянып, Грозевге карата кылмыш иши орус армиясы тууралуу фейктерди тараткандыгы үчүн козголгонун билдирди.

Кылмыш кодексинин 207.3-беренеси боюнча (Орусиянын аскер күчтөрүн колдонуу тууралуу жалган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн) максималдуу жаза катары 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

2020-жылдын декабрында Христо Грозев башка журналисттер жана Алексей Навальныйдын командасы менен биргеликте ФСБнин Криминалистика бөлүмүнүн адистеринин саясатчыны уулантууга катыштыгы бар экендиги тууралуу иликтөө жарыялашкан. Андан сырткары Bellingcat аскердик кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн орус аскерлерин идентификация кылып келет.

Эскерте кетсек, Орусиялык ФСБ 25 июлда “украин жана НАТО чалгынчыларынын орусиялык учкучтарды өзүнө тартуу операциясы” оңунан чыкпады деп билдирген. Атайын кызматтардын версиясы боюнча, Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын боюнча башкы башкармалыгы орус учкучтарын өзүнө тартып, “учактары менен украин аймагына учуп өтүп, украин аскерлеринин аэродромдоруна конууга” көндүрүүгө аракет кылган.

Грозев Twitter’де билдиргендей, ушундай операция чынында эле жүргүзүлгөн, бирок аны ФСБ маалымдагандай Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын боюнча башкы башкармалыгы эмес, мурдагы украин “оперативниктеринин” тобу уюштурган болчу. Журналисттин сөзү боюнча, алар орусиялык учкучтарга Орусиядан учакты айдап кетүүнү, анын ордуна акчаны жана Евробиримдиктин жарандыгын сунушташкан.

Bellingcat командасы бул тууралуу билип калып, ФСБ менен украин атайын кызматтарынын ортосундагы таймаш-оюн тууралуу даректүү тасма даярдай баштаган. Грозев билдиргендей, ФСБ оюн ачыкталып калганын түшүнгөндөн кийин аны токтотуп койгон.

Белгилей кетсек, Bellingcat Орусияда иноагент-ЖМК жана жагымсыз уюм катары таанылган.

Тыянак: чындык. Bellingcat уюмунун иликтөөчү-журналисти Христо Грозев ИИМдин издөө салынгандар боюнча маалыматтар базасына киргизилген.