(Кыргыз) ФЕЙК: Чер ара жаңжалында Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Россиялык avia.pro басылмасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстан чабуул коючу учкучсуз Bayraktar TB2 учактарын колдонгонун жазып чыкты. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

18-декабрда президенттин басма сөз кызматы Кыргызстанга Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттар алынып келингенин жана алар УКМКнын чек ара кызматында кызмат өтөрүн билдирген.

Техника республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатылып алынып, өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араны коргоо үчүн колдонуу үчүн пландаштырылган.

Бирок УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, алар жаңжал учурунда колдонулган эмес. «Тажикстан учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тууралуу маалыматты бурмалап жатат. Дал ушул тажик чек арачылары жакында эле Кыргызстандын аймагында чалгындоо максатында учкучсуз учактарды колдонгонун Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жеткирилген.», – деп баса белгиледи чек ара кызматы.

Мындан тышкары, россиялык басылмалар каза болгондордун жана жарадар болгондордун саны 50дөн ашканын билдирген

Бул маалымат дагы чындыкка дал келбейт. 

Расмий маалыматтар боюнча, чек ара жаңжалынын натыйжасында тажик тараптан 10 адам жабыркап ( 6 аскер кызматкери жана 4 карапайым тургун), эки адам каза болгон. Кыргызстан тараптан 11  аскер кызматкери жаракат алган. 

Эске салсак, буга чейин дагы avia.pro басылмасы жалган маалымат таратканы менен белгилүү болгон.

Жыйынтык: жалган. Кыргызстан чек ара жаңжалында учкучсуз учактарды колдонду деген маалымат чындыкка дал келбейт.