Чек ара жаңжалы учурунда маалымат кандай бурмаланды? ЖМКларга МЕДИАСЫН

Кыргыз-тажик жаңжалын чагылдырууда массалык маалымат каражаттары мүчүлүштүктөрдү кетирбей койгон жок. Алардын арасында манипуляция ыкмасын колдонуп, фейк маалыматты жарыялагандары да бар. Factcheck.kg акыркы эки жума ичинде ЖМКларга жарыяланган макалаларга саресеп салып, кесиптик этиканын бузулушуна жол берген макалалардын түрмөгүн даярдады.

 Эмомали Рахмондун отставкасы

Govori.TV басылмасы 30-апрелде тажик оппозициясы Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандыгы тууралуу жаңылык жазды. 

Макалада “Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири – бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жалпыга жар салууда” деп айтылат.

Журналист маалымат булагынын активдүү гипершилтемесин көрсөткөн эмес. 

 ISLOH TV  ютуб-каналында Рахмондун отставкасын талап кылган көптөгөн видеолорду көрсө болот. Бирок алардын эң акыркысы 9 ай мурда жүктөлгөн. Демек, тажикстандык президентке жарыяланган импичменттин соңку чек ара чыры менен байланышы жок. Ал эми ЖМК бул маалыматты жанылык катары берип, чындык жана объективдүүлүк принциптеринин бузулушуна жол берген. 

Дал ушул “жаңылыкты” кыргыз тилдүү kadam-media, nazarnews.org, abal.kg, koom.press, media-center.kg, serep.kg, kg.eurasiatoday аттуу сайттар да жазып чыккан.

Айрым басылмалар Полит Клиника медиасына таянган. Бирок бул медианын сайтында жогорудагы маалымат табылган жок.

Түркиянын жардамы

1-майда россиялык басылмалар Түркия Кыргызстанга жардам катары учкучу жок учактарды бере тургандыгын жазып чыккан. Фейк жаңылыкты чыгарган сайттардын бардыгы avia pro аттуу агенттикке шилтеме берген. Макала текшерилбестен kabarlar.org басылмасына жарыяланган жана 3000 ирет окулган.

Эрдогандын Тажикстанга берген эскертүүсү 

1-майда теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүүгө жардам берүүсү үчүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кайрылган. Анда, согуш кыргыздарга дагы, тажик элдерине дагы керек эмес экендиги белгиленип, күнөөсүз жарандардын каны төгүлгөндүгү айтылган.

Ал эми 3-майда Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына катына жооп алганын жана бул тууралуу ага Түркиянын коомдук ишмери Өмер Эрдоган билдиргенин жазып чыккан.

“Өмер Эрдогандын айтымында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүн чакырып, Тажикстан тараптан Кыргыз Республикасына болгон аскердик агрессия кайталанбашы керек деген эскертүүнү берет экен”, – деп билдирген ал.

Молдокматова бул сөздөрүнүн далилин бербегенине карабай, Vesti.kg басылмасы жаңылыкты жарыялаган. Ал эми Кыргызстан жана  Тажикистан өлкөлөрүнүн фактчекерлери бул маалыматты текшерген соң, төгүндөгөн. 

Каза болгондордун тизмеги аркылуу манипуляциялоо

“Кыргызстандык аскерлер жөнөкөй жарандар менен эмес, аскер агрессору менен күрөшкөн”. Дал ушундай баштема менен “Вечерний Бишкек” басылмасы 3-майда макала жазган. Журналист чек ара чырынын кесепетинен эки өлкөдө каза болгон жарандардын тизмегин салыштырган. Тажик тараптан каза болгондордун арасында жаш балдар жана айымдар жок болгондуктан окуяныТажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясы деп баалаган. Эске салсак, кесиптик этикага ылайык, фактылар жана пикирлер бири биринен даана ажыратылуусу зарыл. Мындан тышкары, макалада кастык тили колдонулган.