(Кыргыз) Фактчек: Жумушка жылына эки жолу гана барып $20 000 алса болобу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактарда жана оюн-зоок сайттарында жумушка жылына эки жолу гана барып, $20 000 алып турса болот деген маалымат таркатылууда. Мисал катары жарым жылда бир жолу телемунаранын жарыктандыруусун текшерип, аталаган жыйырма миң АКШ долларын алып турган имиш механик-электриктин иши келтирилет.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Сүрөт боюнча издөө 2015-жылы PopularMechanics сайтында жарыяланган макаланы тапканга мүмкүнчүлүк берди. Макалада бир эркектин телемунаранын эң башына чыккан видеосу бар. Видеонун соңундагы титрден анын ысымы Кевин Шмидт экенин, ал эми роликти аэротартууларду жүргүзгөн Prairie Aerial Photography компаниясынын ээси Тодд Торин жана анын уулу Джозеф тартканын билсек болот.

Видео Түштүк Дакотадагы Салем шаарынан алыс эмес жерде тартылып, YouTube’да 2014-жылы жарыяланган болчу. Ролик дароо популярдуу болуп, бир жума аралыгында аны миллиондон ашык жолу көрүшкөн. Бүгүнкү күндө аны көрүүлөрдүн саны 18 миллионго жетти.

2016-жылы ролик Нью-Йоркто өтө турган аэротартуулардын кинофестивалында көрсөтүлө турган 43 кыскаметраждуу тасмалардын бири катары тандалып алынган. Жалпысынан бул фестивалга катышууга 45 өлкөдөн 330 билдирме түшкөн болчу.

Роликтин каарманы Кевин Шмидт тууралуу сөз кыла турган болсок, ал өз кесибин жакшы көрөт. Бул тууралуу ал Usa Today’ге берген интервьюсунда билдирген. Дүйнөдө аз гана адамга тээ бийиктен туруп жерге карап, жан дүйнөсүндө бейпилдикти сезүү бактысы туура келет. Ошондой эле ал ар бир мунаранын чокусунан селфи кылып, аялына жиберип турат.

Шмидт кезектеги мунарага чыккан сайын селфи кылып, аялына жиберип турат.

Шмидт телемунарага жарым жылда бир жолу чыгат деген сөз чындыкка жатпайт – 8 жыл аралыгында ал ондогон штаттарда жүздөн ашык мунарага чыкканга жетишкен. Мунарага жыл мезгилине карабай, шамалдын ылдамдыгы 90 км/саат болгон кезде да чыгууга туура келет.

Телемунаранын бийиктиги да туура эмес көрсөтүлгөн. Роликтин түшүндүрмөсүнө ишенсек, мунаранын бийиктиги 610 метр эмес 1500 фут же 457 метр.

Кевиндин жана кесиптештеринин айлыктары тууралуу маалыматты Vikor Teleconstructions (мурдагы Sioux Falls Towers) компаниясынын сайтынан таба алдык. Биз аныктагандай, мунараларды тейлеген техниктердин жылдык орточо айлыгы $70 000, ал эми бригадирдики – $95 000.

Тыянак: калп. Мунара техниги Кевин Шмидт чынында эле эң бийик мунараларды тейлеп келет, бирок ал мунарага жарым жылда бир жолу эмес, кыйла көп жолу чыгат. Жылдык айлыгы да айтылгандан 3.5 эсе жогору. Мунаранын бийиктиги да туура эмес көрсөтүлгөн.