(Кыргыз) Фактчек. Каракол шаарынын жаңы мэри КР Президентинин агасынын күйөө баласы

(Кыргыз) FACTCHECK Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун кызынын күйөөсү болгондугун аныктады.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Каракол шаарынын жаңы мэри дайындалгандан баштап, Кыргызстандын ЖМКлары аны Сооронбай Жээнбековдун күйөө баласы экендигин жазып чыгышты. Бирок ушул эле учурда, Адыл Каниметов кимдин күйөөсү экендигин жарыялашкан жок.

Factcheck Кыргызстандын социалдык түйүндөрүндө жарыяланган маалыматтар боюнча Адыл Каниметовдун өлкө башчысы менен туугандык байланышын изилдеп таап чыкты. Адыл Каниметовдун аялы Жибек Шарипова Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шариповдун кызы. Төмөндө анын сүрөтү.

Ал эми кийинки сүрөттө Жибек Шарипова үй-бүлөсү менен чогуу түшкөн. Көрүнүп тургандай, мында күйөөсү Адыл Каниметов менен кызынын сүрөтү дагы бар.  Бул сүрөт Жусупбек Шариповдун социалдык тармактардын бириндеги профилинен алынган.

Салыштыруу үчүн Каракол шаарынын жаңы мэри Адыл Каниметовдун ЖМКларда жарыяланган сүрөтү.

Өкүм:

Ишенимдүү булактардан жана соцтармактардан алынган маалыматтарга ылайык, Каракол шаарынын жаңы мэри Адыл Каниметов чындап эле Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы деген маалымат – ЧЫНДЫК!