(Кыргыз) Фактчек: ырчы Мадонна бала сатууга айыпталуудабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Белгилүү ырчы Мадоннанын африкалык балдарды сатууга тиешеси болушу мүмкүн деген маалымат коомдук тармактарда таркатылууда. Эфиопиянын бүткүл дүйнөлүк федерациясы «адам сатуунун жана социалдык эксперименттердин» орун алышы мүмкүндүгү боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү суранычы менен Малавинин президенти Лазарус Чакверага кайрылган имиш. 

Териштирүүнүн борборунда америкалык ырчы Мадонна жана анын Raising Malawi кайрымдуулук фонду турат. Федерация “балдарды сатуу, сексуалдык эксплуатация, сексуалдык кулчулук, асырап алууну жокко чыгаруу, мажбурлоо, коркутуу, алдамчылык, кызмат абалын же алсыздыкты кыянаттык менен пайдалануу фактылары кылдат иликтенгенге чейин алдын алуу чарасы катары Мадоннанын жана анын жардамчыларынын Африкага жана өзгөчө африкалык балдарга жетүүсүн чектөөнү суранат”.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерип чыкты.

Мадонна 2006-жылдан бери, өзүнүн Raising Malawi фондун негиздегенден баштап Малавиде кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Ушул эле жылы ал 11 айлык Дэвид Банда деген африкалык баланы асырап алган. Анан 2009-жылы соттук териштирүүлөрдөн кийин Мерси Джеймс деген кызды асырап алган. Ал эми 2017-жылы Истер жана Стелла Мвале деген эгиз кыздарды асырап алганга жетишкен.

Ырчынын дарегине мурда да бир нече жолу “балдарды сатууда” деген айыптоолор айтылып келген. 2009-жылы ушундай айыптоолор коюлуп, Мерсини асырап алышына жолтоо болушкан. Ал эмес Дэвид Банданын атасы баласынын асырап алынышын бала сатуу деп баалаган.

4 январда Nyasa Times басылмасы Эфиопиянын бүткүл дүйнөлүк федерациясы Мадоннага жана анын командасына африкалык балдарга жетүүсүн токтотуп туруу суранычы менен Малавинин президенти Лазарус Чакверага кайрылганын билдирген. Петицияда Малавинин өкмөтүнө да “асырап алуучунун социалдык фонуна толук текшерүү жүргүзбөдү” деген сын айтылган.

“Биз, глобалдык диаспора, Эфиопиянын бүткүл дүйнөлүк федерациясындагы дүйнөнүн кара адамдары Африканын бүтүндүгү жана маданий салттары эксплуатацияланбай же дискредитацияланбай, сакталышы боюнча тынчсызданабыз”, – деп айтылат кайрылууда.

Тыянак: далилденген эмес. Мадоннаны чынында эле бала сатууда күнөөлөп жатышат, бирок учурда бул коомдук уюмдун гана петициясы. Соттук иш жок жана айыптоо корутундуусу чыга элек.