(Кыргыз) Фактчек: Куш тумоосу Европада «күч алдыбы»?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

«Европада куш тумоосу күч алды» деген билдирүүлөр Telegram каналдарда таркатыла баштады. Өзгөчө Франция менен Германияда бул илдет катуу күч алган. Илдет канаттуулардын санын кыскартууда. Чарабалардын ээлери куштарды сойгонго же өзүнчө имараттарда бөлүп кармаганга аргасыз болушууда.

Өзгөчө оор кырдаал Германиянын зоопарктарында байкалат. Берлиндин башкы зоопаркынын жарымын жабууга туура келди, анткени тестирлөө учурунда бир кушта тумоо байкалган.

Factcheck.kg редакциясы Европада куш тумоосуна байланыштуу абал кандай экенин аныктады.

Европадагы эпидемия

Чынында эле Оорулардын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө боюнча Европа борборунун (ECDC) маалыматы боюнча, өтө жугуштуу куш тумоосунун (HPAI) 2021-2022-жылдардагы эпидемиялык сезону Европанын азыркы тарыхындагы эң чоң сезон болуп саналат. Оору тараган аймак өтө чоң: Шпицберген аралдарынан Түштүк Португалияга чейин жана Европанын батышынан Украинага чейин, бардыгы болуп илдет 37 өлкөдө катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, үй канаттуулары арасында оорунун 2467 учуру катталган. 48 млн канаттуу бракка чыгарылган жана жок кылынган. Капаста кармалган куштар арасында 187 мындай учур жана жапайы канаттуулар арасында 3573 учур катталган.

Зооноздор тобокелдиги

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2003-жылдан тарта 2022-жылдын октябрына чейин 21 өлкөдө адамдардын A(H5N1) тумоосун жуктуруп алгандарынын 868 учуру жана ага байланыштуу 456 адамдын өлүмү катталган. ,

Бүгүнкү күндө Европада адамдын A(H5N1) тумоосун жуктуруп алганынын үч учуру катталган – бир учур 2021-жылы Улуу Британияда жана эки учур 2022-жылы Испанияда.

Бирок ага карабай Оорулардын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө боюнча Европа борборунун тыянагы боюнча, жалпысынан Евробиримдик чөлкөмүндө калктын куш тумоосу менен ооруп калуу тобокелдиги төмөн, ал эми кесибине байланыштуу куштар менен алектенгендердин ооруп калуу тобокелдиги төмөндөн ортого чейин – азыр куштардын арасында жүргөн куш тумоосунун вирустарынын көп түрдүүлүгүнө байланыштуу так бир нерсе айтуу кыйын. Адамдын жугуштуу куш продуктыларынан ооруп калуу тобокелдиги өтө төмөн деп эсептелет.

Анданы сырткары, Оорулардын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө боюнча Европа борбору EFSA, Евробиримдиктин маалымдама лабораториясы жана Эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча Европа агенттиги менен биргеликте «ЕБС/ЕЭАдагы адамдарда тумоо вирусуна байланыштуу зооноздук инфекцияларды тестирлөө жана аныктоо» деген техникалык отчет жарыялаган.

Зооноздук тумоонун инфекциясы адамдарда ар кандай өтөт: ал симптомсуз өтүшү мүмкүн, же жогорку дем алуу органдары сезгениши мүмкүн (лихорадка, жөтөл), же оору бат күчөп оор пневмонияга, курч респиратордук дистресс-синдромго өтүп, шокко же адамдын өлүмүнө да алып келиши мүмкүн.

Адамдар куш тумоосун адатынча ооруган тирүү канаттуулар же алардын өлүктөрү менен же жугуштуу чөйрөдө алектенгенде жуктуруп алат.

Германиядагы зоопарктар

Берлин зоопаркы чындап эле куш тумоосуна байланыштуу сактануу чарасы катары карантинге жабылган. Бул вирусту таркатпоо максатында кылынды, мисалы, зоопаркка келгендердин үстүңкү кийимине, бут кийимине жабышып калган куш боктору аркылуу. Зоопарк канчага чейин жабык болоору азырынча белгисиз.

13-ноябрда зоопаркта балкабаш – пеликансымалдуулар отрядына кирген саз кушу – өлгөн. Берлин-Бранденбург мамлекеттик лаборатория билдиргендей, анын өлүмүнө куш тумоосу себепкер болгон. Бул тыянакты Улуттук маалымдама лабораториясы да тастыктаган.

Ветеринарлардан, кураторлордон жана зоотехниктерден, ошондой эле Берлин зоопаркынын директорунан турган адистердин командасы ыкчам түрдө сактануу чараларын көргөн.

«Биз дароо эле карантиндик чараларды колдондук. Пингвидер жана жырткыч куштар баш болуп бардык куштар арт жактагы кушканаларга жана атканаларга которулду. Биздин бактыбызга бир да кушта куш тумоосунун белгилери байкалган жок. Бирок баары бир куштун бардыгын куш тумоосуна текшерип жатабыз», – деп түшүндүрдү кырдаалды Берлин зоопаркынын директору Кристиан Керн.

Куш тумоосу Германиянын башка зоопарктарында да, анын ичинде Грайфсвальдда, Карлсруэде, Ростокто жана Гейдельбергде катталган.

Тыянак: чындык. Чынында эле өтө жугуштуу куш тумоосунун (HPAI) 2021-2022-жылдардагы эпидемиялык сезону Европанын азыркы тарыхындагы эң чоң сезон болуп саналат. Берлин зоопаркы бир куштун тумоодон өлгөндүгү тастыкталгандан кийин карантинге жабылган.