(Кыргыз) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясы жок деп билдирген эмес

(Русский) Информация о том, что ВОЗ заявил об отсутствии пандемии COVID-19 не соответствует действительности. Ответ специалиста ВОЗ о редких случаях заражения бессимптомными носителями вируса выдернут из контекста.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму күтүүсүздөн коронавирус пандемиясы жок деп билдирди”. Дал ушундай баштема менен бир нече басылмалар жаңылык жазып, ал кыргызстандык социалдык тармак колдонуучуларынын арасында тарап кеткен. 

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын изилдеди. 

vmire.pro сайтынын макаласында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) вакциналарды натыйжасыз деп, ал эми  ооруга чалдыккандар менен контактта болгондорду көзөмөлдөө негизсиз деген билдирдүү таратты деп айтылат. Симптомдору жок оорулуулар COVID-19 илдетин таратпайт деген БДССУнун билдирүүсү буга негиз болгону айтылат. 

Макаланын автору 2020-жылдын 8-июнунда өткөн брифингге шилтеме кылган жана БДССУнун Сovid-19 боюнча техникалык жетекчиси Мария Ван Керкхоув сүйлөгөн 3 мүнөттүк тасманы тартуулаган.   

 

Автор далил катары берген  тасмада Мария Ван Керкхоув симптомсуз оору тууралуу кеп кылганын белгилейбиз.  

Биз БДССУнун расмий сайтынан 8-июндагы брифинг  тартылган  видеотасманы таптык. Анда Мария Ван Керкхоув мындай деп айткан: 

«Айрым ооруулууларда дарттын белгилери болбойт, ал эми айрымдарында ал белгилер инкубациялык мезгил өткөн соң пайда болот. Алгач ушул эки нерсени ажыратып билүү зарыл. Оруунун белгиси жок болгон симптомсуз дартты контакттагылар аркылуу гана аныктай алабыз. Башкача айтканда, биз бейтапты карантинге алабыз. Андан соң, симптому жокторду жана айрым симптомдору бар болгондордун анализдерин алабыз. Көп учурда оору жеңил өтүп, бейтап аз жөтөлүп, дене табы көтөрүлбөгөнүн жана бейтаптын дем алуусу басаңдабаганын байкадык». 

«Айрым бейтаптарда дарт симптомсуз өтсө да, тест оң натыйжа берерин билебиз. Бул адамдар текшерилүүдөн өтүп турушу зарыл.  Мындан тышкары, симптому жок бейтаптар ооруну башкаларга өтө сейрек учурда жугузарын аныктадык», – деп билдирди Мария Ван Керкхоув.  

Белгилей кетсек, брифинг учурунда журналисттер дал ошол симптомсуз дарттар тууралуу суроо бергени жана БДССУнун адиси анын тегерегинде гана сөз кылганын жалпыга маалымдоо каражаттары макаласында тактаган эмес. 

Брифингдин толук варианты 44 мүнөттү түзөт. Анда  БДССУ адистери карантин шарттарын сактоо кажет экенин баса белгилеп, пандемия жок деп айткан эмес. 

Бирфинг баштан аягына чейин COVID-19 вирусунун учурдагы абалы жана  БДССУнун буга карата иши тууралуу болгон. 

БДССУнун өкүлдөрү дүйнөдө коронавирустан улам 400 миңден ашуун өлүм жана акыркы 9-10 күндө 100 миңден ашуун жаңы учур катталганын белгилеген. 

Мындан тышкары БДССУнун расмий сайтынан пандемия тууралуу текст түрүндө жаңылыктарга көз чаптырып, акыркы жаңылык 4-июнда жарыяланганын аныктайбыз. Эске салсак, пандемия жок деген маалымат 8-июндан кийин пайда болгон. 

Дагы бир айта кетчү жагдай, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында,  пандемия — бул  жаңы илдеттин дүйнөлүк масштабда таралышы. 

Жыйынтык: Фейк. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия жок деп билдирген эмес. БДССУнун адисинин симптомсуз бейтаптар ооруну өтө сейрек жугузат деген жүйөсүн ЖМКлар бардык бейтаптарга таандык деген өңүттө  жазып чыккан.