(Кыргыз) Кытайлыктар тарабынан сабалган мусулман бала тууралуу видео – ФЕЙК

(Кыргыз) 25-декабрда Facebook соцтармагында «Кадам.kg» баракчасында катуу сабалган баланын видеосу жарыяланган. Алдында бул баланы кытайлыктар ата-энеси мусулман болгону үчүн кордогондугу жазылган.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

25-декабрда Facebook соцтармагында «Кадам.kg» баракчасында катуу сабалган баланын видеосу жарыяланган. Алдында бул баланы кытайлыктар ата-энеси мусулман болгону үчүн кордогондугу жазылган.

После публикации статьи автор удалил видео

Бул постту 70 миңдей адам көргөн, 2 миңден ашык адам башка баракчаларга бөлүшкөн жана астына 150 комментарий жазылган. Албетте, интернет колдонуучулары калтырган пикирлердин көпчүлүгүндө башка улут өкүлдөрүнө карата жек көрүү сезимдери байкалат.

Көрүнүп тургандай, посттун алдында Амантур Манапбаев аттуу колдонуучунун комментарийи бар: «Мен кытай тилин билем. Видеону этият угуп көрдүм. Чындыгында андай эмес экен. Баланы энеси сабаган. Видеого полиция кызматкерлери тартып алышкан. Алар баладан апасы аны эмнеге сабагандыгын сурап жатышат. Буга байланыштуу мен биринчи кезекте Кадам редакциясын бул калп маалыматты жайылтпоого чакырат элем. Кытайлыктарга карата негизсиз улуттук жек көрүү сезимин козутпагыла. Бул силердин кесипкөйсүздүгүңөрдөн кабар берет. Ал эми калгандарына айтып кетким келет, Мындай маалыматтарды сын менен кабыл алып, токтоолукка чакырам. Чагымчылыкка алдырбагыла» (faccheck.kg которду).

Алдында Ulan Chokushov аттуу интернет колдонуучунун түшүндүрмөсу бар:

«Оператордун суроосу: – Сенин атын ким? – Ли Хуан Дин – Сени ким сабады? – Апам – Ал сени эмнеге сабады? андан ары түшүнүксүз… – Ооруп жатабы? Бала башын чайкайт – ооруган жок» 

Бул видеону кытайлык видеопорталдардан да табууга болот. Сүрөттөмөсүндө Кыргызстанда тараган видеонун алдында жазылган сүрөттөмөдөн алда канча айырмасы бар.  Бул видео атасы менен ажырашып кеткен энеси тарабынан аесуз жана байма-бай сабалган бала тууралуу.

Балага суроо: – Ооруп жатабы?

Баланын жообу: – Көнүп калгандан кийин оорубай калат.

Өкүм: Ата-энеси мусулман болгону үчүн кытайлыктар тарабынан катуу сабалган бала тууралуу видео – бул фейк жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган.