(Кыргыз) Фотофейк. Кадыр Маликов жана ислам тууралуу плакат

(Кыргыз) Атактуу телолог Кадыр Маликовдун “исламга ишенбейм” жазуусу бар плакаты менен турган сүрөтү социалдык тармактарга жайылды. Factcheck сүрөттүн чын-төгүнүн текшерип көрдү.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook социалдык тармагында атактуу теолог Кадыр Маликовдун плакат кармап турган сүрөтү жайылды. Плакатта “Кечиресиз! Мен мындан ары исламга ишенбейм” деп жазылат. Сүрөткө  колдонуучулар “бул жалган”, “фейк” деген комментарийлерди калтырганы менен, айрымдары ага ишеним көрсөтөрү тууралуу жазышкан.

Factcheck.kg анык сүрөт мене Photoshop аркылуу жасалгандын айырмасын  аныктап-билүү тууралуу баяндайт.

Маликовун сүрөтүн Яндекс аркылуу издөө салып, анык сүрөттү табабыз.

Picture 2

Кадыр Маликовдун сүрөтүн анын Facebook соцтармагындагы баракчасынан көрсө болот.  Ал 2015-жылдын 27-июлунда Палестинага колдоо көрсөтүү максатында уюшулган митинг учурунда тартылган.

Фейк маалыматты жаратууда мүчүлүштүктөр болбой койбойт. Аны кылдат текшерсе байкалып калат.

Алгач, плакаттагы жазуу башка жактан алынып чапталгандай элес калтырат. Ал эми аны  Foto Forensics  (башка булактан алынган же кошумча тартылган элементтерди көрсөтөт) сервиси аркылуу текшерсек, текст жазылган аймак дароо көзгө көрүнөт.

Picture 3

Мындан тышкары, жазуу менен плакаттын бири-бирине дал келбеши. Тексттин жайгашканы, плакаттын бурчтары суроо туудурат.

Сүрөттү чоңойтуп көрө турган болсок, анын жасалма жол менен өзгөрүүгө учураганын байкаса болот.

Picture 4

Чыныгы сүрөтөгү плакаттын бети акка боелуп, үстүнө жазуу түшүрүлгөн. Ал өтө “орой” ыкма менен жасалып, мүчүлүштүктөр даана көрүнүп калган.

Жыйынтык:

– Фотофейк. Сүрөттөгү текст жасалма жол менен өзгөртүлгөн.