(Кыргыз) Германиянын Кыргызстанга экспорту көбөйүүдө. Кайсы товарлары популярдуу болууда?
Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Германиянын Кыргызстанга экспорту өскөн. Бул тууралуу немис ЖМКлары жазып чыгышты. Factcheck.kg’нин журналисттери КРдин Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарын талдап чыгып, Германиядан Кыргызстанга баарынан көп кайсы товар экспорттолгонун жана анын согушка тиешеси барбы, жокпу аныктап чыкты.
Немис ЖМКларынын маалыматы боюнча, 2022-жылы январдан мартка чейин Германиянын Кыргызстанга экспорту 950%га өскөн. Бул постсоветтик чөлкөм үчүн рекорддук көлөм болуп эсептелет. Мисалы, Грузияга экспорт 92%га, Казакстанга – 136%га, Аорменияга – 172%га, Тажикстанга – 154%га өскөн болчу.
Эл аралык каржы институтунун (IIF) башкы экономисти Робин Брукстун айтымында, бул тенденция Украинадагы согушка байланыштуу.
«Орусия Украинага кол салгандан бери немис автоунааларынын жана запастык бөлүктөрүнүн экспорту 5 миң 500 пайызга өскөн. Анын баары Орусияга жиберилип жатканын билиш үчүн окумуштуу-ракетчи болуунун кереги жок. Кыргызстанда жок жерден эле заматта массалык бум башталды деп айтканга болбойт. Германия муну токтотушу керек», – деп билдирген Робин Брукс.
Ал ошондой эле товарларды Кыргызстанга экспорттобой койгондон Германияда өндүрүш азайып калбайт деп белигилеген. Роберт Брукстун божомолунда, запастык бөлүктөрдү «орусиялык олигархтар аскердик жүк ташуучу унааларды оңдош үчүн колдонушууда».
Сандар эмне дейт?
Германиянын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылы Германиядан КМШ өлкөлөрүнө (бул жерде Орусияны эсепке албаганда) €7.7 млрдга товарлар экспорттолуп, €9.6 млрдга товарлар импорттолгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнө экспорт 62.7%га, ал эми импорт 71%га өскөнүн билдирет.
2022-жылы КМШ өлкөлөрүнө экспорттолгон немис товарларынын көп бөлүгү Казакстанга туура келет (€2.8 млрд). Мурдагы жылга салыштырмалуу бул өлкөгө экспорт дээрлик эки эсе өскөн (94.9%).
Экспорттун өзгөчө чоң өсүү темпи Кыргызстанда (561%, €323 млнго чейин), Арменияда (165.7%, €476 млнго чейин) жана Өзбекстанда (129.7%, €1,3 млрдга чейин) байкалган.
БУУ COMTRADE (эл аралык соода-сатык боюнча статистика) дагы ушундай маалыматтарды берет. Анын маалыматы боюнча, 2022-жылы Германиядан Кыргызстанга товарлардын экспорту $353.11 млн же €323 млн түзгөн. Мындай көрсөткүчтөр акыркы 25 жылы аралыгында биринчи жолу катталган.
Германия Кыргызстанга баарынан көп транспорттук каражаттарды (трамвайдан башкасын) ($192 млн) экспорттойт, экинчи орунда авто унаалар, ядролук реакторлор, казандар (котелдор) ($36 млн) турат, үчүнчү орунда электр жабдыктар ($23.4 млн).
Ошол эле кезде Улуттук статкомитеттин маалыматтары башка сандарды келтирет. Мисалы, 2022-жылы Германиядан Кыргызстанга импорттолгон товардын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 260%га өсүп, $164 млн түзгөн. Башкача айтканда, БУУ COMTRADE жана Германиянын статистикалык комитети келтирген көрсөткүчтөрдөн эки эсе аз.
Кыргызстан Германиядан баарынан көп авто унааларды сатып алган. Бардыгы 5.4 млрд сомго же $65.8 млнго 1313 автоунаа. Бир автоунаанын орточо баасы $50 миң түзгөн. Ал эми 2021-жылы Кыргызстан 58 автоунаа сатып алган жана автоунаанын орточо баасы $30.9 миң болгон.
Аны менен катар Германиядан Кыргызстанда көп санда электр товарлар импорттологон. Мисалы, $450 миңге электр кыймылдаткычтардын жана жабдыктардын 10 тонна запастык бөлүктөрү. 2021-жылы ушул эле убакта $2.7 миңге ипорттолгон болчу.
2023-жылы (январь-октябрь) Германия Кыргызстанга экспортун дагы көбөйтө алган. Бардыгы болуп бул өлкөдөн $337 млнго товар иморттолгон, 2022-жылга салыштырмалуу өсүш 350%ды түзгөн. Германиядан автоунааларды сатып алуу көбөйгөн. 2023-жылдын январь-октябрь аралыгында эле Кыргызстан 5320 автоунаа сатып алган. Ар биринин орточо баасы $40.9 миң түзөт.
Электр товарларды сатып алуу да өскөн. Аны менен катар Германия сордургуч, винт-гайкалар, бычактар сыяктуу куралдарды да экспорттой баштаган.
Тыянак: Германия чынында эле Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга экспорттун көлөмүн өстүргөн. Кыргызстан баарынан көп кымбат баалуу автоунааларды сатып ала баштаган.