(Кыргыз) Президент чын эле “мечиттер мектептен көп жана бул жакшы көрүнүш”,- деп айтканбы, же жокпу?

(Кыргыз) Социалдык тармактарда КР президенти Сооронбай Жээнбековдун айткандары абдан кызуу талкууланууда: “Мектептен мечит көбөйүп кетти, – деп айтып жатышат. Мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт, медресе көбөйсө, ыймандуу жаштар көбөйөт. Бул абдан жакшы көрүнүш”, – деп ал өз сөзүндө билдирген экен.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда КР президенти Сооронбай Жээнбековдун айткандары абдан кызуу талкууланууда. Фейсбукта баракчалардын биринде илинген сүрөттөргө ишенсек,  анда президент  “Мектептен мечит көбөйүп кетти, – деп айтып жатышат. Мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт, медресе көбөйсө, ыймандуу жаштар көбөйөт. Бул абдан жакшы көрүнүш”, – деп ал өз сөзүндө билдирген экен.

Фактчек ресурсу бул жазылгандардын чын-төгүнүн текшерүүгө алды.

Алгач КР президенти Сооронбай Жээнбеков бул сөздөрдү качан жана кайсы жакта айтканын аныктадык.  Буга ылайык, мындай сөздөрдү ушул жылдын 2-сентябрында Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган менен Бишкектеги мечиттин ачылышында билдирген.

КР президентинин сайтында президенттин мындай билдирүүсүн таба алган жокпуз. Бирок  youtube каналында мамлекет башчынын толук сүйлөгөн сөзү жазылган видео табылды. Видеожазуунун 12 мүнөтүнүн 35 секундасында Сооронбай Жээнбеков мындай деп сүйлөгөн:

“Кыргызстанда мектептен мечит көп. Бул дагы жакшы көрүнүш. Кээ бири айтат, мектептен мечит көбөйдү деп. Мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт, медресе көбөйсө, ыймандуу жаштар көбөйөт. Бирок, ушунун баарын туура жолго салышыбыз керек. Азыркы сыртта болуп жаткан коркунучтарды, ошонун баарын эске алып, терроризмди эске алып туруп, биз ынтымактуу, ата-бабалардан калган салтты сактап калышыбыз керек”.

Өкүм: фейк эмес.  Президенттин сөзү контекстен алынып келтирилгени менен айтылган сөздөрдүн мааниси өзгөргөн жок.