(Кыргыз) Батукаев Атамбаев тууралуу интервью бергенби? Фейк таратууга ким кызыкдар?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Janyryk.org сайтында жарыяланган мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин интервьюсу тарады.

Соцтармак колдонуучулар  Factcheck.kg ресурсуна маалыматты тактап берүү өтүнүчү менен кайрылды.

http://janyryk.org/ маалымат булагы катары россиялык «Версия» сайтын көрсөткөн. Алгач бул сайттын өзүнө көз чаптырсак. Андагы макалалардын дээрлик көпчүлүгү  экс-президент Атамбаев менен анын тарапташтарын сындаган өңүттө жазылганы байкалат. Мындан тышкары, учурдагы саясатчыларды жана бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен депутат Искендер Матраимовду жактаган макалалар да бар.

Сайттын өзүндө редакция тууралуу маалымат жок. Анын дареги, байланыш телефону жана домени белгисиз. ЖМК кай жерде катталганын аныктоо мүмкүн эмес.

Ал эми «Версия»  сайты, тескеринче, өзү тууралуу толук маалымат берген. Анын негиздөөчүсү  – «Версия» ЖЧКсы.  Сайтта  редакциянын дареги көрсөтүлгөн: 123022, Москва шаары, 1905 – жыл көчөсү, 7-үй, стр. 1, к. Г, каб. 26, эт. 5.  Мындан тышкары, Роскомнадзордун номери катталган – ЭЛ № ФС 77 – 7268, 04.05.2018. Гезиттин башкы редактору- Александр Синищук, башкы мүдүрү – Зятьков К.Н.

Ал эми Janyryk.org  сайтында жарыяланып, макаланын автору деп берилген  Елена Борисова аттуу журналист “Версиядан” табылган эмес. Атор аркылуу издөө салганыбызда мындай ысымы бар журналистти тапкан жокпуз. Макалада: «Кыргызстанда Азиз Батукевдин бошотулушу тууралуу сөз жүрүп аткан чакта журналист Елена Борисова бул иштин негизги фигурантынан интервью алды» деп жазылган.

Макалада Алмазбек Атамбаевдин атасынын аты да ката жазылганы шек туудурду,  Шаршеновичтин ордуна Шаршенбаевич деп берилген.

 Janyryk.org сайты  интервью «Версияга»  жарыяланганын жазып, андагы интервьюнун  эки скриншотун да окурмандарга тартуулаган.

Маалыматты тактоо үчүн алгач “Версия” сайтынан «Батукаев» деп жазып издөө салабыз. Жыйынтыгында бул фамилия менен бир гана макала чыгат, бирок каармандын аты башка экенине  көңүл бурабыз.

 

Ал эми «Атамбаев» деп издөө салганда көбүрөөк маалымат чыгат. Бирок кримавторитет тууралуу эч нерсе табылган жок.

Google аркылуу макаланын атын жазып издөө салсак да, биз издеген маалымат чыкпайт.

Эми макаладагы скриншотторго назар салсак. Экөөнүн тең сапаты начар болгондуктан, аларды даана байкоо мүмкүн эмес.

 

 

 

 

 

Скриншоттордун ар бирин ачып, алар жайгашкан даректи көрө алабыз- http://janyryk.org/wp-content/uploads/2019/06/62194924_1144083519103533_4060294015273140224_n-300×158.jpg . Даректин соңунда  «300×158» сандарын көрүп, сүрөт автоматтык түрдө сайт системасы (CMS) аркылуу жасалганына көзүбүз жетти. Демек, серверде нукура өлчөмдөгү файл да болушу керек деп божомолдойбуз.

Дарек сапчасынан сандарды өчүрүп салсак, биз болжогондой нукура сүрөттөрдү көрө алабыз. Эми ушул сүрөттөрдү текшерип көрсөк.

Алгач Janyryk.org тартуулаган скриншот менен «Версия» сайтындагы каалаган макаланын скриншотун салыштырабыз.

Экөөнү салыштырып көрүп, көптөгөн дал келишпестикти байкайбыз. Сол тарапта – Janyryk сайтынын скриншоту, ал эми оң тарапта –  «Версияныкы»:

1. Барактын көрүнүшү, тамгалардын шрифти жана өңү (кызыл жана жашыл түстө).  Janyryk скриншотунда макаланын темасы жок, “Версиянын” макаласында  көрсөтүлгөн “тема” чынында аныктама. Janyryk берген скриншоттогу теманын фонунун өңү да нукура сайттыкына окшошпой калган жана скриншоттун өзү узунунан кыстырылып калганын байкайбыз.

2. Шилтеме менен макаланын темасы да дал келбей калган (көк түстө). «Версиадагы» материалдардын шилтемелеринин баары темаларына дал келет. Ал эми Janyryk тартуулаган скриншоттогу шилтемеде   «Ингушетияда мурдагы милиция кызматкерин кесиптештери коргогон» («В Ингушетии бывшего оперативника УБЭП пытали коллеги») деп жазылган. Ал эми анын төмөн жагындагы макаланын темасы “Азиз Батукаев: Кыргызстанда адилеттүүлүк бар. Мен Алмаз Шаршенбаевичке ыраазымын” («Азиз Батукаев: В Кыргызстане есть справедливость. Я благодарен Алмазу Шаршенбаевичу») деп  жазылган.

3. Дарек сапчадагы жазууда да ката кеткен (кара түстө):   «blogadaren деген сөз ката менен жазылган. Дарек сапчасын авторлор материалдын анык экенин далилдөө үчүн кошуп койгон өңдүү. Бирок мындай шилтеме автоматтык түрдөө жасаларын эске алуу керек. Андай болгондо ката кетирүү мүмкүн эмес эле. Эгерде дарек сапчасына ушул жазууларды терсек, төмөндөгүдөй жыйынтык алабыз:

 Factcheck.kg  «Версия» редакциясына да кайрылып көрдү. Анын өкүлү  Наталья Харламова бизге  Батукаев тууралуу интервью “Версияда” жарыяланбаганын жазып, аны “болбогон жасалма” деди.

Жыйынтык:

Janyryk.org сайтына жарыяланган Азиз Батукаевдин интервьюсу- фейк.