(Кыргыз) Акыркы жылдарда Кыргызстан кандай гранттарды алды?
Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору пайда болору менен «чет элдик каржылоо» деген термин көбүрөөк колдонула баштады. Чет элдик каражаттардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарды «өзүлөрү бийликке келүүнү каалап жатат» деп күнөөлөп келишет. Ошол эле кезде бийликтин өзү чет элдик каржылоого көз каранды экендигин сөз кылышпайт. Жыл сайын Кыргызстан чет элдик өнөктөрдөн жана банктардан миллиондогон долларга гранттык каражаттарды алып келет.
Бул материал Кыргызстан 2022-жылдын январынан 2024-жылдын январына чейин кандай гранттарды алганы жана аларды ким бергени тууралуу.
Гранттын өлчөмү: €3 млн
Донор: Евробиримдик
Дата: январь, 2024-ж.
Грант Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн министрлер кабинетине которулган. Финансы министрлиги билдиргендей, аталган каражат бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталмакчы.
Гранттын өлчөмү: $27.8 млн
Донор: Дүйнөлүк фонд
Дата: декабрь, 2023-ж.
Грант кургак учук жана СПИД менен күрөшүүгө багытталган.
Гранттын өлчөмү: $20 млн
Донор: Азиа өнүгүү банкы (АӨБ)
Дата: декабрь, 2023-ж.
Бардыгы болуп АӨБ Кыргызстанга $40 млн жардам бөлгөн. Бул каражаттын жарымы грант болуп эсептелет, калган жарымы — насыя. Каражаттар агротармактагы кластердик өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
Гранттын өлчөмү: $11.4 млн
Донор: Дүйнөлүк банк
Дата: декабрь, 2023-ж.
Грант баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууга багытталган.
«Бул акчага биз лаборатордук жабдыктарды (гематологиялык талдагыч, биохимиялык талдагыч ж.б.), медициналык калдыктарды кайра иштеткен жабдыкты (автокладар, шредерлер), кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту үчүн симуляциялык жабдыкты, үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкаларын, медициналык калдыктарды ташыган транспорттук каражаттарды, компьютердик техниканы сатып алабыз. Андан сырткары гранттык каражатка программалык камсыздоолор жана IT-тутумдар (электрондук медициналык карта, медициналык каражаттарды каттоочу автоматтык тутум, окутууну башкаруу тутуму ж.б.) иштелип чыкмакчы», – деп билдирген ЖКнын депутаты Дастан Бекешов өзүнүн Telegram-каналында.
Гранттын өлчөмү: €7 млн
Донор: Евробиримдик
Дата: октябрь, 2023-ж.
Финансы министрлиги бул каражатты билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга, бардык мектептерди интернет менен камсыздоого жумшоону пландаштырган.
«7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана», – деп билдирген Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.
Гранттын өлчөмү: $2.26 млн
Донор: Жапониянын өкмөтү
Дата: август, 2023-ж.
Каражат «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялары программасы» долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өзүнүн фейсбук баракчасында билдиргендей, каражат кадрларды даярдоого жана мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумашалат.
Гранттын өлчөмү: $42 млн
Донор: КЭРдин өкмөтү
Дата: май, 2023-ж.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, грант эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыкка ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн.
Гранттын өлчөмү: €10 млн
Донор: Германия менен Швейцариянын өкмөттөрү, Евробиримдик
Дата: май. 2023-ж.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, каражат экологиялык таза продуктыларды жана туристтик инфратүзүмдү колдоого жумшалат.
Гранттын өлчөмү: $5.1 млн
Донор: Жапониянын өкмөтү
Дата: май, 2023-ж.
Бул каражат Кыргызстанга «Баткен облусунун жолдорун тейлеген жабдууларды жана жолдун бетин жакшыртуу» долбоорунун алкагында берилген. Ошондой эле 53 даана жол тейлөө жана жол куруу машиналарын жана жабдууларын жеткирүү пландаштырылган.
Гранттын өлчөмү: €4.5 млн
Донор: Германиянын өкмөтү
Дата: апрель, 2023-ж.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахмановдун айтымында, каражаттар Бишкектеги перинаталдык борбордун жана кургак учукка каршы оорукананын, Ош менен Таластагы перинаталдык борборлордун курулушун аяктоого жумшалмакчы.
Гранттын өлчөмү: $7.6 млн
Донор: Жапониянын өкмөтү
Дата: январь, 2023-ж.
Грант Бишкек шаары менен Чүй облусундагы оорукалар үчүн медиациналык жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн.
Гранттын өлчөмү: $25 млн
Донор: Азиа өнүгүү банкы (АӨР)
Дата: ноябрь, 2022-ж.
Бул каражат $50 млн өлчөмүндөгү жардамдын бөлүгү болуп эсептелет: $25 млн насыя түрүндө, калган $25 млн грант түрүндө. АӨБ бул каражатты Кыргызстандын өкмөтүнө Украинадагы кырдаалдын фонунда COVID-19 пандемиясынан кийин калктын аялуу катмарынын азык-түлүк коопсуздугун, социалдык коргоосун жана жашоо-турмушун колдоого жардам берүү үчүн берген.
Гранттын өлчөмү: $20 млн
Донор: Азиа өнүгүү банкы (АӨР)
Дата: сентябрь, 2022-ж.
Каражат «Аймактык саламаттык сактоо коопсуздугун чыңдоо» долбоорунун алкагында берилген. Ал $20 млн грант жана $10 млн насыя түрүндөгү каражатты караштырат. Долбоор өлкөнүн лабораториялык диагностикалык потенциалын жакшыртууга жана чек арага жакын аймактардагы лабораториялар менен ооруканалардын ортосундагы аймактык байланышты бекемдөөгө багытталган.
Гранттын өлчөмү: €3.7 млн
Донор: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)
Дата: июль, 2022-ж.
Бул грант Ош облусундагы ирригациялык тутумду жакшыртууга багытталган ЕРӨБдүн $17.87 млн өлчөмүндөгү каржылык жардамынын бөлүгү болуп эсептелет.
Гранттын өлчөмү: $25 млн
Донор: Дүйнөлүк банк
Дата: июнь, 2022-ж.
$50 млн өлчөмүндөгү каржылык жардамдын бир бөлүгү болуп эсептелет, калганы насыя түрүндө берилет. Долбоор Кыргызстандын электр энергетика тармагын финансылык жактан калыбына келтирүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Гранттын өлчөмү: €32 млн
Донор: Евробиримдик
Дата: апрель, 2022-ж.
Бул каражат Кыргызстандагы билим берүү тутумун колдоого багытталган. Бул жардамдын алкагында инклюзивдүү билим берүүгө жана да мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн жана медиасабаттуулуктарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Гранттын өлчөмү: €10 млн
Донор: Германиянын өнүгүү банкы (KFW)
Дата: апрель, 2022-ж.
Грант агрокаржы тармагындагы кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүгө бөлүнгөн. Каражаттар фермерлер менен ишканаларга техникаларын жаңыртууга жана заманбап технологияларды колдонууга жардам берүүгө эсептелген.
Тыянак:
2022-жылдын январынан тартып 2024-жылдын январына чейин Кыргызстан кеминде дегенде $186.16 млн жана €70.2 млн өлчөмүндөгү чет элдик гранттарды алган. Улуттук банктын курсу боюнча бул каражаттарды сомго которгондо ал 23 млрд 411 млн сомду түзөт. Белгилей кете турган жагдай, бул жерде ЖМКлар жазып чагылдырган гранттар гана келтирилген.