(Кыргыз) Белгилүү экоактивист Грета Тунбергдин үйүндө кандай креслолор бар? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз кайрылып, белгилүү экоактивист Грета Тунберг менен энеси креслодо отуруп түшкөн сүрөттү текшерип берүүнү өтүндү. Кадрга жаныбарлардын терисинен жасалган дагы бир кресло түшүп калган. Сүрөткө жазылган пикирде бул креслолордун баасы 8 300 жана 9 600 евро экени айтылат. Тунберг бардарчылык бай жашоодон жана айлана-чөйрөгө керектөө мамиле кылуудан баш тартууга чакырыктары жана энеси экөө эт жебегендери менен белгилүү.

Биз бул маалыматты текшерип чыгып, сүрөт жасалма эмес экенин, анда чын эле Грета Тунберг жана анын энеси белгилүү швед опера ырчысы Малена Эрман тартылганын аныктадык.

Сүрөт 2018-жылдын апрелинде тартылганы айтылат, бирок интернеттеги эң эски маалымат 2019-жылдын 24-апрелинде пайда болгон. Ал Dailymail.co.uk басылмасында жарыяланган жана анда Грета 15 жаштагы өспүрүм кыз деп мүнөздөлөт, бирок 2019-жылы ал 16 жашта болчу.

Бул сүрөткө чоң кызыгуу 2019-жылдын декабрында жаралды. Анда жөнөкөй колдонуучулардан сырткары коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер сүрөт боюнча пикирлерин билдиришкен.

Австриялык журналист Мартин Граф 2019-жылдын 5-декабрында Facebook’тагы баракачасында жарыялаган постто ““климат” үчүн күрөшүп, “керектөөчү мамиледен баш тартууга” үндөгөндөрдүн бардыгы эле өзүлөрү айтканды жасай беришпейт”, – деп жазган. Бул постко 15 миң лайк басылып, дээрлик 5 миң адам пикир калтырып, 27 миңи аны менен бөлүшкөн.

“Кымбат баалуу эмеректердин фонунда “уурдалган балалык” жана “уурдалган кыялдар” тууралуу ыйламсырап айтылган сөздөр адам көңүлүн иренжитет. Бардарчылыкта жашап туруп калган дүйнөнү планетаны талкаланышына күнөөлөө жана керектөөчүлүк мамиледен баш тартууну талап кылуу – бул эки жүздүүлүк”, – деп жазган Мартин Граф.

Грета энеси экөө түшкөн сүрөт жарыяланаары менен коомдук тармактарда эмеректерди саткан онлайн дүкөндөрдүн көптөгөн скриншоттор пайда боло баштаган. Алардан сүрөттөгү эки креслону жана бааларын көрсө болот эле.

Грета Тунбергдин жактоочулары нааразычылыктарын билдирип, ошол эле пикирлерде Графты бир тараптуулукта күнөөлөп, сүрөттү жасалма деп чыгышкан.

Мындан сырткары Тунбергдин жактоочулары дагы бир нече дооматтарды коюшту. Алар эмеректин аныктыгынан күмөн санашты: эмеректер чынында эле кытайда өндүрүлгөн жасалма, же мурда колдонулган жана e-bay аркылуу сатылып алынган болушу мүмкүн болчу.

Ошондой эле сүрөттүн датасы боюнча доомат болду. Эгер ал 2018-жылдын апрелинде тартылган болсо, демек Грета 2018-жылдын августунда “Skolstrejk för Klimatet” деген жазуусу бар көрнөкчөнү көтөрүп алып швед парламентинин алдына чыгып, анын ысмы бүткүл дүйнөгө жаңырган кезде анын үй бүлөсүндө сүрөттөгү эмеректер бар болчу. Ушуга байланыштуу алар “климаттык” каражаттарга сатып алынган эмес.

Креслолар жасалма эмеспи жана алар чынында канча турушат?

Ырас, сүрөт аркылуу креслолордун жасалма же жасалма эмес экенин айтуу кыйын. Бирок Stylight немис басылмасы рыноктогу ассортиментти изилдеп, алардын жасалышынын сапатын, накта креслолордун жана алардын көчүрмөлөрүнүн бааларын аныктап чыккан.

Басылма аныктагандай, Грета жана энеси отурган Арне Якобсон ойлоп чыгарган накта “жумуртка-отургучтун” баасы чынында эле 5000-7000 евро турат, ал эми анын репликасын 600 еврого сатып алса болот. Бирок репликанын дизайны оригиналдан айырмаланып турганы байкалып турат.

Жумурткага окшош креслону Арне Якобсон 1960-жылдары ойлоп чыгарган. Дизайндын классикасын плагиаттан тигишинен эле аныктаса болот: оригиналда сапаттуу материалдар колдонулат, ал эми чехолдору колго жасалган. Тигиши тыкан жана четтерине дал келтирилген. Ал эми көчүрмөнүн, тескерисинче, тигиштери көп, айрымдары туура эмес жайгашкан. 

Грета отуруп түшкөн сүрөттөгү креслодо тигиштер аз жана алар тыкан экенин байкаса болот, бул анын жасалма эмес экенин айгинелейт.

Кадрга түшкөн экинчи креслонун да баасын аныкташкан. Учурда аны арзантатуудан кийин 5995 долларга сатып алса болот. Германиялык Vitra компаниясынын Eames Lounge Chair and Ottoman креслосу – люкс буюму болуп эсептелет. Дизайндын концепциясы 1956-жылы ойлоп чыгарылган жана анда Eames’ге таандык бардык белгилер бар. Көп учурда бул креслону он тогузунчу кылымдагы англиялык клубдук креслонун интерпретациясы деп мүнөздөшөт. Ал комфорттун символу болуп эсептелет. Жана да, ал накта териден жасалган.

Тыянак: далилденген эмес. Креслолордун баасы далилденди, бирок алардын жасалма же жасалма эмес экендигин так айтуу мүмкүн эмес. Ошондой эле сүрөт тартылган дата боюнча суроолор бар.