(Кыргыз) “Вечерний Бишкек” кайсы макаласын сайтынан алып салды?

(Кыргыз) “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында жарыяланган макалада автордун жеке пикирин гана камтыйт, журналисттик этика нормалары сакталбаган жана далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Медиасын

Tuz.kg аттуу маалымат сайты “Сапар Исаков, Талантбек Исаевдердин аба контрабандасы менен байланышы барбы” аталышындагы макаланы жарыялаган.

Аталышы сенсация көрсөтүү максатында “сары” прессанын стилинде жазылган. Материалда ошол эле стилде кызыкчылыкты көтөрүү максатында – жалпыга жеткиликтүү эмес, үй-бүлөлүк архивде гана сакталуучу жана андагы адамдар ыңгайсыз көрүнүштө (ич кийими менен гана) болгон сүрөт бар. Фотосүрөттө башка адамдар кесилип алып салынганы көрүнүп турат.

tuz.kg сайтында жарыяланган фото

Редакция сүрөттөгү экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана “Манас Менеджмент Компаниясы” ЖАКнун президентин мисал келтирип “жакын мамиледе болгондугунда шек жок” деп жазган. Ушул эле учурда Сапар Исаковдун ошол убакта Кыргызстанда жогорку кызматтардын бирин ээлеп тургандыгы жана таанымал инсан катары көпчүлүк аны менен сүрөткө түшкөндү каалагандыгы жана эстеликке түшкөн мисалдар көп эле болгондугу эске алынган эмес.  Эми ошондо бардык сүрөттөрдү аны менен чогуу түшкөн адамдар “жакын мамиледе болгон” деген маңызда факт катары көрсөтө берсе болобу? Бул редакциянын оюнан чыгарылган тастыкталбаган маалымат катары бааланат. Анткени редакциянын пикирин фотосүрөттөгү адамдар өзү же башка адамдар ырастаган жок.  Ушул эле учурда сүрөттөгү адамдардын ортосунда достук мамилелеринин болушу дагы алардын коррупцияга тийиштигине далил боло албайт.

Макалада текстте сүрөт бир гана кызыктыруу максатында колдонулган, анткени Сапар Исаковду айыптоодо эч кандай факт же иш-аракеттери тууралуу маалымат жазылган эмес.

Ошондой эле материалдын автору “мамлекетке миллиондогон чыгымдарды алып келген жаңжалды жашырып жабуу аракетин көрүп жатышат” деп чыгымдын так көлөмүн келтирбестен же ким тарабынан ушундай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат бербестен, кур сөз менен эле жазып койгон.

Мындан тышкары “2018-жылдын аягында Trade and Finance аттуу австриялык компания ” премьер-министрге, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасына жана “”Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жетекчилигине кайрылгандыгы  жана авиажүк ташуу системасында паракорлук тууралуу маалымат жазылганы менен эч кандай фактылар көрсөтүлгөн эмес. Эскерте кетсек, редакциянын келтирген божомолдуу ой-пикирлери далил болуп бере албайт жана ишеним туудурбайт. “Жүргүзүлгөн жолугуулардын” датасы же жери жазылган жок. Ошондой эле фотосүрөттөр же мисалы өкмөттүн аппаратынын келген конокторду каттоо боюнча документтер көрсөтүлгөн эмес.

Паракорлук тууралуу айтып келгенде автор иликтөөнүн материалдары болгон стастистика, цитаталарды келтирбестен “сенсациялык” деген сөздү тастыкталбаган маалыматтын маанилүүлүгүнө басым жасоо менен колдонгон.

Паракорлук боюнча айыптоодо далил катарында веб-сайттан алынган маалыматты колдонгон. Кызыгы, бул маалымат ал сайтта азыр жок.  Автор белгилегендей,   «Транс Азия Экспресс» ЖАК жана «Транс Азия Экспресс Плюс» ЖЧК компанияларынын кеңселеринде  тинтүү жүргүзүлүп төмөндөтүлгөн бажы төлөмдөрү боюнча документтер табылган. Ушул эле учурда автор тинтүү качан болгонун жазган эмес. Бул маалымат укук органдары тарабынан тастыкталышы керек эле.

Редакция эч кандай далилдер жок эле (укук коргоо органдары тарабынан) компаниянын ишинде кылмыш бар деп бүтүм жасап жатат. Макалада чиновниктердин расмий эмес байланыштары тууралуу маалымат берип, кайра эле эч кандай далилдер көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков материалдагы айрым каармандар менен “жакын” достукта болгондугу “кеңири маалым” жана коррупцияга каршы кызматтын жетекчилигине аларды текшерүүгө тыюу салынгандыгы белгиленген.

Биринчиден, “кеңири маалым” сөз айкалышы далил деп эсептелинбейт, жана ал жеке пикир же божомол деп саналып компаниялар, айрым чиновниктер, бизнесмендерди каралоого багытталган. Коррупцияга каршы кызматка телефон чалуулар болгон же болбогондугун ырастоого толук мүмкүн, бирок андай иш жасалган эмес. Кыскасы, бул редакциянын алдында андай максат турбагандыгынан кабар берет.

Редакциянын материалында буга кошумча “контрабанда бизнесин укукоргоо жана тескөөчү органдар калкалай” тургандыгын жазган, албетте муну ырастоочу эч кандай аргументтер келтирилген жок.  Мындан тышкары макалада автор ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаевди “негизги лоббист” деп атап, бул үчүн негиз катары 2011-жылы ал “Манас Менеджмент Компаниясы” ЖАКнан директорлор Кеңешинин чечими менен үстөксүз карыз алгандыгын мисал кылган. Бул менен редакция бул чечимдин мыйзамдуубу же жокпу териштирүүгө, болбосо Талантбек Исаевдин өзүнөн даеле комментарий алууга аракет жасаган эмес. Материалда ал компаниянын кызыкчылыгын ишке кантип ашырып келгендиги дагы түшүнүксүз бойдон калууда.

Материал толугу менен айыптоо багытын алып, бирок ошол эле учурда абалдын чоо-жайын аныктоо максатында эч кандай иликтөө жасалган эмес жана далилдери жок автордун бир жактуу пикирин гана камтыйт.  Бир дагы расмий булакка жана мамлекеттик органдарга кайрылуу жасалбаган. Буга байланыштуу макала бирөөнүн буйрутмасы менен жасалган болушу толук ыктымал.

Редакция Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинде көрсөтүлгөн негизги этика принциптерин бузду. Журналист кандай гана шартта болбосун жалган маалыматты жарыялабашы керек. Сүрөттөрдү жана аларга карата кол тамга, текст же аталыштарынын үстүнөн редакциялык иштердин жүрүшүндө материалды бурмалоого жол бербөө зарыл. Факт, пикир жана божомолдор бири-биринен ажыратылып көрсөтүлүшү кажет. Оппоненттердин пикири, ал журналисттин сынына кабылган объектиси болгонуна карабастан сөзсүз келтирилип калыс чагылдырылышы керек. 

Гүлнура Торалиева

Эскертүү: Tuz.kg сайтынын редакциясы белгилегендей, бул макала МА сайттарынын биринде жарыяланган. Чындыгында эле бул материал “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында жайгаштырылган болчу, бирок кийинчерээк алып салынган. Макала kabarlar.org сайтында да илинип турат.

“Вечерний Бишкек” сайтында жарыяланган макалага шилтеме: 

https://webcache.googleusercontent.com/search?q=cache:LTRlv6ilx68J:https://www.vb.kg/doc/376034_vskrylis_mnogomilionnye_narysheniia_v_manas_menedjment.html+&cd=1&hl=ru&ct=clnk&gl=kg