(Кыргыз) Кыргызстандыктарды Кытай аңдыганы чынбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кытай чек ара кызматкерлери кыргыз-кытай чек арасынан өткөн бардык жарандардын телефонуна сырдуу тиркеме орнотушат.

Factcheck.kg редакциясына окурмандардын бири кайрылып, “кытайлык чек ара кызматкерлери кыргызстандык саякатчылардын телефондоруна  шпиондук тиркеме орнотууда” деген божомолду тактап берүүнү өтүндү. Маалымат 2-июлда социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тараган.  Ага ылайык, Иркештам контролдук пунктунда чек арадан өткөндөрдүн телефондору алынып, бир нече убактан соң кайтарылып берилген. Ал эми айрым жарандар телефондорунан сырдуу тиркеменин пайда болгонун айтып чыгышкан.

 Соцтармактардагы маалымат британиялык The Guardian, америкалык The New York Times жана немецтик Süddeutsche Zeitung басылмалары биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында тараган. Бирок, билидирүүдө аталган басылмалардын макалаларына түз шилтеме көрсөтүлбөгөндүгүнөн улам, окумандарда маалыматтын тактыгына карата күмөн жаралган.

Factcheck.kg билдирүүнүн чын-төгүнүн териштирип көрдү.

Жогоруда сөз болгон иликтөө чын эле жарыяланганын Google аркылуу таптык: The Guardian, The New York Times, Süddeutsche Zeitung.

Басылмалардын макалаларында кытайлык чек ара күзөтү чек арадан өткөндөрдүн баарынан чөнтөк телефондорун блоктон чыгарып, жыйнап алганы айтылат. Бир нече убактан соң аппаратарды ээлерине кайтарып бергенде  Android оперативдик системасынын колдонуучулары телефонунан  BXAQ («Фенг кай») тиркемесинин орнотулуп калганын байкаган. The Guardian маалыматына ылайык, аталган тиркеме телефондогу контактыларды, жеке билдирүүлөрдү, чалуулардын тизмегин, календарь, телефонго жүктөлгөн тиркемелерди жана аппарат ээсинин социалдык тармактагы псевдонимин көчүрүп, атайын серверге маалымдайт.

Телефонундагы өзгөрүүнү байкап калган туристтин айтымында, чек ара кызматкерлери тиркемени эмне максатта жүктөгөнүн айтпай, жөн гана «курал-жарак, терроризм, исламизм жана порнографиянын издерин» издегенин кабарлаган.

Белгилей кетчү жагдай, The Guardian, The New York Times жана Süddeutsche Zeitung басылмаларына жарыяланган макалалардын мазмуну орус тилдүү интернет айдыңында жайылган билдирүүдөн  айырмаланат. Аталган басылмалардын маалыматына ылайык, сырду тиркеме бир гана кыргызстандык жарандардын телефонуна эмес, Кыргызстан менен Синьцзян-Уйгур автономиялык аймагындагы чек араны өткөндөрдүн баарына орнотулган.

Жыйынтык:

– Кыргыз-кытай чек арасын өткөндөрдүн чөнтөн телефондоруна орнотулган сырдуу тиркеме тууралуу маалымат чын эле 2 июлда The Guardian, The New York Times жана Süddeutsche Zeitung басылмаларында жарыяланган.

– ЖМКда жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар бири-биринен айырмаланат: чөнтөк телефондор бир гана кыргызстандык жарандардан эмес, кыргыз-кытай чек арасын өткөндрдүн баарынан алынат.