(Кыргыз) Антибиотиктерге туруктуу Кытайдын пневмониясы Казакстанга коркунуч жаратабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

«Ак өпкөнүн синдрому» деп аталган оорунун Кытайда күч алып жатканы тууралуу видео Instagram коомдук тармагында таркатылып жатат. Видеодо бул оору менен негизинен жаш балдар ооруй тургандыгы, ал антибиотиктерге туруктуу экендиги, Кытайдын айрым аймактарындагы абал ушунчалык начар болгондуктан карантин киргизилиши мүмкүн экендиги айтылат. Учурда видео 202 миң жолу репост кылынып, ага 6 миң пикир айтылып, дээрлик 56 миң лайк басылган.

Казакстандык КТК каналы таркаткан видеодо мындай деп айтылат:

«Узакка созулган изилдөөлөрдөн кийин массалык инфекциянын себепкери супербактериялар экени белгилүү болду. Алар аба аркылуу жугат. Кытайдагы оору ак өпкө синдрому деген атка конду, анткени бейтаптардын рентген сүрөттөрүндө аппак тактар көрүнүп турат. Бул жугуштуу оору учурда АКШда жана Европада да катталды».

Ошондой эле КТК адистердин сөздөрүнө таянуу менен бул оору менен Казакстанда да балдар ооруп калышы мүмкүн деп билдирет.

Бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурманыбыз Factcheck.kg’ге кайрылды.

“Ак өпкө синдрому” жана “супербактерия” тууралуу эмне белгилүү?

“Ак өпкө синдрому” тууралуу маалымат КТКда 2023-жылдын соңунда жарыяланган болчу. Дал ошол убакта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Кытайда респиратордук инфекциялар, негизинен балдар арасында көбөйгөнүн билдирген болчу.

Кытай бийликтери ошондо оорунун күчөшүн COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышы жана суук мезгилдин башталышы, ошондой эле Mycoplasma pneumoniae, респиратордук синцитиалдык вирус RSV жана coronavirus 2 (SARS-CoV-) катуу курч респиратордук синдрому сыяктуу белгилүү патогендердин эл арасында таркап жатышы менен түшүндүргөн.

Ошол кезде балдар арасында эң көп кездешкен оору Mycoplasma pneumoniae болгон. ДСУнун маалыматы боюнча, аны «антибиотиктер менен жеңил эле дарыласа болот».

Андан сырткары ДСУнун отчетунда “өзгөчө же жаңы патогендер же өзгөчө клиникалык көрүнүштөр байкалган эмес” деп айтылат. Ошентип, антибиотиктер менен дарылоого мүмкүн эмес болгон “супербактериялар” тууралуу билдирүү калп болуп саналат.

Кытайдан сырткары башка өлкөлөрдө эмне байкалган?

АКШ

АКШнын Огайо штатындагы Уоррен округунун саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү 2023-жылы күзүндө «балдар пневмония менен ооруган өтө көп учурлар» катталганын билдиришкен. Бирок бул жаңы респиратордук оору эмес экенин билдирип, адатынча күзүндө байкалган пневмония менен ооругандардын санынын өсүшү экенин белгилешкен.

«Бул эпидемиянын штат боюнча, улуттук же эл аралык деңгээлдеги башка эпидемиялар менен байланышта экенине эч кандай далил жок», – деп билдирген Огайо штатынын бийлиги.

Европа

Ушул эле убакта ДСУ Европада балдар арасында респиратордук оорунун күчөгөнүн билдирген. Ага сезонго байланыштуу суук аба-ырайы себепкер болгон, бул дем алуу органдарынын козгогучтарынын көбөйүшүнө жана адамдардын көбүрөөк ооруп калышына алып келген. Башкача айтканда Кытайдагы, АКШдагы жана Европадагы оорулардын күчөшү бири бири менен байланышта эмес.

Тыянак: калп. “Ак өпкө синдрому” тууралуу көп таркатылып жаткан видео эски болуп саналат, ал 2023-жылы жарыяланган болчу. Ошол кезде Кытайда чынында эле респиратордук оорулардын күчөшү байкалган, бирок эч кандай «супербактерия» табылган эмес. Андан сырткары Кытайдагы, АКШдагы жана Европадагы оорулардын күчөшү бири бири менен байланышта болгон эмес.

Учурда Кытайда метапневмовирус оорусунун күчөшү катталды. Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, түндүктөгү аймактарда бул оору менен ооругандардын саны бир аз көбөйгөн, бирок ал өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн төмөн. Ошол эле кезде Independent’тин маалыматы боюнча, Кытайда респиратордук вирусту жуктурган учурлар көбөйүп, бул ооруканалардын толуп кетишине алып келген. Биздин кийинки макалада метапневмовирус оорусунун күчөшү жөнүндө кененирээк маалымат беребиз.