(Кыргыз) Кытайлыктарга каршы митингдердин артында КИМ турат?

(Кыргыз) Бул журналисттик иликтөө ачык маалыматтарды колдонуу менен жүргүзүлдү.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кырк чоро жана курултай

2018-жылдын 20-декабрында Кыргызстанда Кытай элчилигинин имаратынын алдында митинг өтөөрү жарыяланган. Бул митингдин уюштуруучусу – “Кыргыз чоролору” аттуу коомдук бирикме (алардын каймана аты “Кырк Чоро”).

Ушул эле учурда “Кыргыз чоролору” КБ азыркы жетекчиси Замирбек Көчөрбаев 2019-жылдын 7-январында митинг болоорун Фейсбуктагы жеке баракчасында билдирген.

«Кыргыз чоролору»  уюму сексуалдык азчылыктарга каршы, чет элдик уюмдарды текшерүү жана башка акциялары менен белгилүү болгон. Акыркы учурларда өткөн жылдын ноябрь айында болуп өткөн курултайда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча билдирүүлөрү менен таанымал. Курултайда катышуучулар азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди сындашкан эле.

7 январда  борбордук Ала-Тоо аянтында кытайлыктарга каршы митинг болуп өттү. Иш-чарада байкалгандай, бул маселеде кызыкчылыгы бар топтордун саны көп.  Анткени топтор кийинки митингдер тууралуу өз алдынча макулдашып жатышты. Башында мындай акцияларды ар кайсы жерлерде өткөрүүнү сунуштап, бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин 17-январда Ала-Тоо аянтына эле токтолушту.

12 январда  «Достук» мейманканасында “Кырк уруу кыргыз жети дубан” коомдук кыймылынын жыйыны өттү. Бул уюмдун “Кырк чоролорго” тийешеси жок. Иш-чарага бир нече коомдук ишмерлер чакырылган, алардын ичинде юрист Бекбосун Борубашев да бар.

17 январда кезектеги акция боюнча билдирүү мэрияга эки жолу түшкөн. Алардын биринде  «Жаны муун» коомдук кыймылынын мүчөсү Аманбол Бабакуловдун кол тамгасы бар.  «Жаны муун» жана «Кырк чоро» 17-январда өтчү митингге катышуудан баш тартышкан. «Кырк чоронун» лидерлери билдиргендей, Аманбол алардын уюму менен эч кандай байланышы жок, ал эми  «Жаны муундун» өкүлдөрү айткандай, кытайлыктарга каршы митинг жеке эле Аманболдун демилгеси боюнча өткөрүлгөнү жатат.

Аманбол Бабакулов акыркы жылдарда өтүп жаткан митингдердин активдүү катышуучусу. Ал митингдерге чейин эле фейсбуктагы баракчасында  кытайлыктарга каршы мазмундагы үч билдирүү калтырган.

Дайыров жана кытайлык компаниялар

Мэрияга кезектеги акция тууралуу экинчи билдирүү  “Кырк уруу кыргыз жети дубан” уюмунан анын жетекчиси Бердибек Дайыровдун атынан келип түшкөн.  Бул ким? Эң кызыгы, Кытайга каршы митингди кытайлык компания менен байланышы бар адам өткөрүп жатат.  Бердибек Дайыров «Алтын Эмгекчил» аттуу алтын чалгындоочу фирманын уюмдаштыруучуларынын бири. Бул уюмдун экинчи уюмдаштыруучусу Джу Жон Жун аттуу чет элдик жаран.

Бүгүнкү күндө өнөр жай, энергетика жерди иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин сайтында бул жоопкерчилиги чектелген уюм 7 миң гектардай эки аймакка чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жазылып турат.

2015-жылы Бердибек Дайыров Солтон-Сары кени боюнча аукционго активдүү түрдө каршы болуп келген.

«Силер эмнеге элге салган жоксуңар. Экинчиси албетте кыргыздарга бергенге кызыкчылыгыңар болушу керек. Ошон үчүн аукцион ачык айкын өткөрүлсүн. Эмне үчүн кайсы жердин алтыны алынып жаткандыгы тууралуу картасы жок», – деди Нарын облусундагы Эмгекчил айылынын тургуну  Бердибек Дайыров

Ушул эле учурда өзүнүн компаниясынын кызыкчылыгын алдыга жылдырууда.

2012-жылы Бердибек Дайыров Нарында болуп өткөн  ЖКнын мурунку депутаты жана Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевди колдогон митингдерди уюштуруп келген. Эскерте кетсек, Эмгекчил айылында Нариман Түлеев дагы туулуп өскөн.

Бердибек Дайыровдун уулу Ишенбек Бердибекович Дайыров “Эмгекчил жаштары” аттуу жаштар уюмунун уюмдаштыруучуларынын бири. Бул уюм Эмгекчил айылында алкоголь ичимдиктерин жок кылуу акциясы менен таанымал.

Атамбаевдин изи. 

Айрым бир кыргыз тилдүү гезиттер 17-январда өткөн Кытайга каршы митингди экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырууда.

Биринчи кезекте “Кырк Чоронун” катышуусу менен болгондугу үчүн. Бирок макалада объективдүү далил болуучу маалыматтар келтирилген эмес.  “Кырк Чоро” уюму 17-январда болуп өткөн митингге тийешеси жок. Бул тууралуу алар өздөрү билдирүү жасашкан. Бирок азыркы жана мурунку президенттердин өз ара тирешүүсүнөн кийин “Кырк Чоро” экс-президентке каршы позицияны карманышууда. Биз жогоруда белгилегендей, бул уюм 2018-жылдын 24-ноябрында болуп өткөн Атамбаевге каршы курултайды  уюштургандардын бири болгон.

Кезектеги далил катары Аманбол Бабакуловду көрсөтүшүүдө. Ал Атамбаев менен байланышы бар экен. Бирок бул боюнча далилдер жок. Мындан тышкары Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасында экс-президентти активдүү түрдө сындап келет. Ошондой эле “Назарньюс”тун Атамбаев митингдин уюштуруучусу болгондугу тууралуу макаласын өз барагына бөлүшкөн.

Митингге чыккандардын талаптарынын бир бул Кытайдан алынган насыяларды алууга тийешеси барлар өздөрү ошол карызды төлөшү керек. Насыялардын көбү Атамбаевдин убагында алынган.

Жээнбековдун изи

Айрымдар бул митингдер менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду дагы байланыштырып жүрүшөт. Далил катары Аманбол Бабакулов менен Президенттин басмасөз-катчысы Толгонай Стамалиеванын чогуу түшкөн сүрөттөрү келтирилген. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында, бул фотосүрөт “Кат куржуну” акциясы боюнча мамлекет башчыга каттарды тапшыруу иш-чарасында тартылгандыгы аныкталды. Бирок Аманбол Бабакулов акциянын башкы уюштуруучусу болгон эмес.

Тыюу салынган уюмдар

Фейсбук социалдык түйүнүндө кытайлыктарга каршы маанайдагы билдирүүлөрдү  таратуучулар тууралуу биз мурунку макалаларыбызда жазганбыз. Бирок митингди уюштурууга тыюу салынган уюмдардын катыштыгы барбы же жокпу, бул боюнча далилдер табылбады.

Уйгурлардын изи.

Кытайлыктарга каршы өткөрүлүп жаткан митингдер менен түрдүү саясий күчтөрдү дагы байланыштырышууда. “Учур” баракчасында жарыяланган посттордун биринде бул митингди уйгурлар уюштуруп жаткандыгы жазылган. Бирок бул боюнча да далилдер жок.

Бүтүм:

– Кытайлыктарга каршы акциялар менен “Кыргыз чоролору”(Кырк Чоро) жана “Кырк уруу кыргыз Жети дубан” (бул уюм буга чейин белгилүү болчу эмес жана бул коомдук кыймыл каттоодо жок) уюмдарынын байланышы бар. Алар бул аракетти өздөрүнүн уюмдарын таанытуу максатында дагы колдонушу ыктымал. 

– Аманбол Бабакулов дагы медиа чөйрө аркылуу таанылгысы келгендердин катарында.

– Алмазбек Атамбаевдин митингдерге тийешеси барбы же жокпу, бул боюнча далилдер табылбады. Объективдүү маалыматтар боюнча анын буга тийиштиги жок.

– Сооронбай Жээнбековдун катыштыгы дагы далилдөөгө муктаж жана мындай аракет маалымат кампаниясынын бир элементи болуп саналат.

– Уйгурлардын катыштыгы дагы ырасталган жок. 

– Тыюу салынган экстремисттик уюмдар расмий түрдө өздөрүнө жоопкерчилик алышкан эмес. Бирок митингден кийин өз талаптарын көтөрүп чыгышкан.