(Кыргыз) «Кыргыз Темир Жолу» сапырган миллиарддар. Журналисттик иликтөө

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Temirov Live You Tube каналынын журналисттери “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын асман чапчыган тендерлерин кайсы компаниялар утуп келгенин иликтеп чыкты. Тендерлердин эсебинен которулган каражаттардын изин жада калса россиялык мамлекеттик органдар дагы “кирешелер кылмыштуу жол менен легалдаштырылган” деп таап чыккан.

 

2017-жылы Россиянын Курган облусунун арбитираждык сотунун сайтында Липихина Ольга Николаевна аттуу айым жеке ишкер катары катталып, “Сбербанктан” эсеп ачат. Бир нече убактан кийин банк ишкерден шек санай баштайт.

Калкка кызмат көрсөткөн «Сбербанк Россия» О.Н.Липихина ишкканасынын банктык эсебине контрагенттерден (50-100%) алдын ала төлөм катары акча каражаты которулуп жатканын байкайт. Бирок ишкерлик менен алектенип, операцияларды аткаруу жана алдын ала төлөм алуу үчүн Липихинанын ишмердүүлүк мөөнөтү жетишерлик болгон эмес л жеке ишкер катары 2017-жылы июнь айында каттоодон өткөн).

Курган облусунун арбитраждык сотунун № А34-450/2018 токтому боюнча 2018-жылдын 10-июлундагы чечими.

“Сбербанк” “Интернет банк” системасы боюнча жүргүзүлчү оперияцияларга чектөө киргизет. Бирок О.Н. Липихина буга макул болбой, банкты сотко берген. Сотто “Сбербанк” эмне үчүн мындай чектөөлөр киргизилгенин далилеген.

Банк 2017-жылдын 30-августунан баштап 28-ноябрына чейинки убакта доогердин эсеп дүмүрчөгүндө “акча каражаттарын которуу жана накталай акча менен операцияларды жүргүзүү аркылуу кылмыштуу жолдор менен акча адалдоонун” белгилерин аныктап чыккан.

Курган облусунун арбитраждык сотунун 2018-жылдын 10-июлунда чыккан № А34-450/2018 чечими.

Ошентип арбитраждык сот “Сбербанктын” иш-аракеттерин мыйзамдуу деп таап, Липихина Ольгаганын өтүнүчүн четке каккан.

Липихина деген ким? 

Липихина Ольга Николаевна “Кыргыз Темир Жолу” ишканасы менен иштешкен негизги ишкерлердин бири. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтынан Липихина Ольга 150 млн сомду түзгөн 8 тендерди утуп алган. Анын ысымы “Азаттыктын” иликтөөсүндө да айтылат. 

Журналист Токтосун Шамбетовдун айтымында, “Темир жолу” ишканасында эки локомотивди оңдоо үчүн тендер өткөрүлгөн. Жеңүүчү болгон Липихин ишканасы менен келишим түзүлүп, эки локомотив Орусияга жөнөтүлгөн. Иликтөөчүнүн айтымында алардын бири башкага алмаштырылса, экинчиси дайынсыз жоголгон.

Бирок, оңдоп түзөө болгон эмес, ага карабай ири суммадагы миллиондор сарпталган.

Токтосун Шамбетов эки локомотивди оңдотуу үчүн мамлекет 7 миллион сом зыян тартканын белгилейт. 

“Кыргыз темир жолу” ишканасы кимдер менен иштешип жатканын түшүнүү үчүн журналисттер Орусиянын сотторунун дагы бир чечимине токтолгон.

Орусиялык “Стройтехсервис” ишканасы бажы алымдарын жана КНСти төлөгүсү келбей, Россиянын бажысын сотко берет. Бул фирма «Кыргыз темир жолу» үчүн локомотивдерди оңдоодон өткөргөн. Бирок жол баракчасында жеткирүүчү катары таптакыр башка компания көрсөтүлгөн.

Башкортостан бажысынын билдирүүсүнө ылайык, “Стройтехсервис” компаниясына берилген оңдоо иштерин иш жүзүндө документте көрсөтүлбөгөн ЖЧК “ПромЖД-Гарант” фирмасы жасаган.

Башкортостан Арбитраждык сотунун чечиминен

“Стройтехсервис” – ортомчу фирма. “Кыргыз темир жолу” ишканасы өндүрүүчүнү тендерге түз чакыруунун ордуна ортомчу фирма аркылуу кызматтарды сатып алган.

Курган облусунун арбитраждык сотунун чечиминен  “Стройтехсервис” тарабынан кызматтардын баасы көтөрүлгөнү аныкталган. Негизги жана кошумча келишимдерди эске алганда локомотив дөңгөлөктөрүн оңдоо баасы 452 миң долларды түзгөн. Чынында оңдоо иштерине 218 миң доллар сарпталган. Башкача айтканда чыгым дээрлик эки эсе көбөйгөн. Транспорттук чыгымдарды кошпогондо бул иштен “Стройтехсервис” 14 млн 303 миң 733 рубль же 220 миң доллар пайда көргөнүн россиянын салык органдары аныктаган.

«Стройтехсервис» ишканасынын директору Абабков Афанасий Аркадиевич. Анын катталган дареги Ольга Николаевна Липихинанын ишкер катары катталган дарегине дал келип турат. Өздүк маалымат булактар Афанасий Абабков менен Ольга Липихина жубайлар экенин айтышкан. “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү документтерде “Липихина” ишканасын Афанасий Абабков башкарары айтылат. Сот Ольга Липихина сыяктуу эле Абабковго дагы бирдей чечим чыгарган. “Сбербанк” ага эсеп ачуудан баш тарткан.

Росфинмониторингдин маалыматы боюнча, А.А.Абабковдун операциялары “Сбербанк” тарабынан бир нече жолу шектүү деп табылган. Бул тууралуу тиешелүү отчеттору да бар.

Он жетинчи арбитраждык соттун токтому

Орусянын соторунун чечиминен Абабковдун жана Липихинанын кызмат көрсөтүүчү жана товарга буйрутма берүүчү бир нече фирмасы, мындан тышкары “Кыргыз Темир Жолу” ишканасынан утуп алган тендерлери аныкталды. Жеке ишкер Вячеслав Владимирович 395 млн сомдук, “Стройтранспромсервис” 173 млн сомдук, ал эми “Зарена” компаниясы 500 миң сомдук тендерди утуп алган. Тактап айтканда аталган фирмалар тендерден утуп алып, кайрадан  “Липихина”, Афанасий Абабков, “Стройтехсервис” компаниясынын фирмаларына буйрутма берген. Тагыраагы “Кыргыз Темир Жолу” менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда эки жолу ортомчулук кылган.

Абабков менен Липихинанын байланышы

ОССРП сайтындагы маалыматтарга ылайык, Абабков “Бишкек курулуш материалдары” заводуна ээлик кылуучулардын бири. “Кыргыз Темир Жолунун” мурдагы башчысы Адылбек Адранов да аталган компанияга ээлик кылгандардын катарында. Бул фирманын директору дагы Абабков Александр Аркадьевич деген адам болгон. Белгилей кетсек, Абабков Александрдын дагы жеке фирмасы бар. Ал буга чейин айтылган экинчи ортомчу “Стройтранспромсервис” фирмасы.

ОССРП сайтындагы маалыматка ылайык, Афанасий “Магнум групп” өндүрүш ишканасына ээлик кылуучулардын бири. Негиздөөчүлөрдүн катарында Голенко Александр Ильич аттуу адам дагы бар.

Ал эми былтыр жабылган “Тиасай маркет” фирмасынын негиздөөчүсү Олег Кузнецов. Бул фима дагы “Кыргыз Темир Жолунун” ири тендерлерин утуп, жалпысынан 164 млн сом каражат алган.

Эми “Тиасай маркет” менен Александр Голенконун байланышы тууралуу айтсак, “Тиасай маркет” Пригородный айылындагы 1-май көчөсүндө жайгашкан номер 31-үйгө катталган. Кадастрдын сайтына ылайык, бул үйдүн ээси Голенко.

Тендерлерди утуп келген “Фирдаус плюс” компаниясы дагы жабылган. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Старикова Лидия Прокопьевна да бар. Аталган компания жалпы жонунан жарым миллиард сомго бааланган тендерлерди уктан. “Ачык бюджет” поталынан “Тиасай маркет” фирмасынын төлөмдөрү Старикова Лидия аркылуу жүрүзүлгөнүн көрсө болот.  Мамлекеттик сатып алуулар порталында “Тиасай маркет”  Интергельпо 1 дареги боюнча катталганын көрө алабыз. Белгилей кетсек, “Фирдаус плюс” компаниясы да дал ушул дарек боюнча катталган.

Александр Голенко деген ким?

Александр Голенко 50 жашта. Ал быйыл “Ишеним” партиясынын курамында Бишкек шаардык кеңешине аттанган.

Журналисттер социалдык тармактардан Александр Голенко, Александр Абабков, Лидия Старикова, Валентина Сорокинанын бирге түшкөн сүрөтүн таап чыгышкан.

Голенко “Андров”, “Магнум групп” жана “Кош-Тамчы” фирмаларынын тең негиздөөчүсү. Osoo.kg сайты 2019-жылга чейин “Кош-Тамчы” фирмасын Каныбек Туманбаев жетектеп турганын кабарлайт. Массалык маалымат каражаттары Туманбаев Атамбаевчил аткаминер Икрамжан Илмияновдун ишенимдүү кишиси болгонун кабарлайт. 2015-жылы Каныбек Туманбаев бийликчил КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. 2020-жылы ал бийликчил “Биримдик” партиясынан парламентке аттанган. Ал эми быйыл аны Садыр Жапаровдун жанында жүргөнүн көрсө болот. Муну президенттин пресс-кызматынын сүрөттөрү дагы ырастайт.

Туманбаевдин “Кыргыз Темир Жолуна” кандай тешеси бар? 

Баатырбек Жантаев “Сай-Аска” компаниясынын директору, “Кыргыз Темир Жолуна” материалдык-техникалык камсыздоо боюнча тендерин утуп, дээрлик 55 млн сомго ээ болгон. Андан соң Жантаев “Кыргыз Темир Жолдун” филиалын жетектеп калат.

Ал эми  “Кош-Тамчы” фирмасына Туманбаев дагы, Жантаев дагы жетекчилик кылышкан. Мындан тышкары, Баатырбек “Блэк-Стар бургер” фирмасынын тең негиздөөчүсү. “Блэк-Стар-Бургердин” ачылышында лентаны Каныбек Туманбаев кесип жатканын көрө алабыз.

Учурда Жантаевдин “Кыргыз Темир Жолунда” иштери-иштебеси белгисиз. Бирок журналисттер бул ишкананын кызматкерлеринин телефон номурларынын тизмегине ээ болушкан. Аталган тизмектен Дайыр Орунбеков аттуу кызматкер башкы адис катары көрсөтүлүп, номуру жазылган. Get contact  тиркемесинин жардамы менен номур Орунбековго таандык экени аныкталган. Дайыр Орунбеков социалдык тармактарда активдүү жана бир үйдүн короосунан түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшүп турат.  Журналисттер бул үйдү аныктап, кадастр аркылуу ал Баатырбек Жантаевге катталганын таап чыгышкан.

“Дыйкан” базарынын жетекчисинин кандай тиешеси бар? 

“Дыйкан” базарын “Кыргыз Темир Жолу” ачкан жана анын жетекчилерин дагы ишкана дайындайт. Базарынын жаңы директору Жеңишбек Апсаматов Туманбаев сыяктуу эле Аксы районунан. Экөөнүн жашы да бирдей. Такталбаган маалыматка ылайык алар классташтар. Белгилей кетчү жагдай, Апсаматовдун классташы Апсаматов, Туманбаев менен бирге түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарда жарыялаган.

Кайсы гана бийлик келбесин, Каныбек Туманбаев анын тилин таап кеткени менен белгилүү болду.  Анын айланасындагы адамдар “Кыргыз Темир Жолу” ишканасындагы ар кандай кызматтарды ээлеп келген жана ишкананын ири тендерлерин утуп келет.

Анан калса сот иштерине, камоолорго, журналистик иликтөөлөргө карабай, аталган топ ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантып келет.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эле жеке ишкер Липихина Ольга Николаевна 408 млн сомдук тендерди утуп алган.

Схемада көрсөтүлгөн компаниялар жалпысынан “Кыргыз темир жолунан” 1 миллиард 866 миллион сомго тендерлерди утуп алган.