(Кыргыз) АТАКТУУ «ФАКТЧЕК».

(Кыргыз) Кыргызстанда мындан бир жыл мурун “фактчек” деген эмне экендигин адистердин айрымдары гана түшүнө турган болсо, азыр журналисттердин күнүмдүк лексикасында колдонулуп калды. Албетте, буга чейин деле фактчек журналистиканын бир жанры катары белгилүү болуп, журналисттер жалган маалыматтарды өз алдынча текшерип, бетин ачып жарыялап турушчу. Бирок бул жанр “фактчек” экендигин, так методологиясын, форматтарын, аталыштын өзүн, эмнени түшүндүрөөрүн эч ким аңдай элек эле.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Бүгүнкү күндө фактчек жанрынын ыкма-жолдорун көпчүлүк колдоно билет. Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматты верификациялоого негизделген материалдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп барат.

Өткөн жылдын апрель айында “ЖМКда плюрализм менен калыстыкты жана Борбор Азиянын аудиториясында медиа сабаттуулукту өнүктүрүү” аттуу долбоор өз ишин баштаган. Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстан жана Казакстандын ЖМКынын журналисттери үчүн фактчекинг жана эл аралык жаңылыктарды кантип чагылдыруу керектиги боюнча комплекстүү семинар-тренингдер өттү. 12-15- жана 17-20-августтарда Улуу Британия, Россия жана Голландиядан келишкен фактчек боюнча эл аралык күчтүү тренерлердин жетекчилиги астында төрт күндүк семинарларда Казакстан жана Кыргызстандан 18 тренер даярдалды. Бул долбоор андан ары Albany Associates International жана Астана менен Бишкектеги IREX Europe Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу астында Эл аралык журналистика борбору MediaNet (Алмат) жана Кыргызстанда “Медиа Өнүктүрүү Борбору” КФ тарабынан  уланып ишке ашырылып жатат.

2017-жылдын ноябрь айында Медиа  Өнүктүрүү Борбору кезектеги тренинг-семинарлардын сериясын кыргызстандык журналисттер үчүн өткөрдү.  Эки күндүк семинарда 20дан ашык, ЖМКдын редакцияларында өткөн тренингдерде 90дон ашык журналисттер фактчекинг боюнча өздөрүнүн билимин жогорулатышты. Жыйынтыгы көп күттүргөн жок, анткени азыркы күндө Кыргызстанда алдыңкы ЖМКларда маалыматтардын басымдуу бөлүгү верификация менен коштолуп жарыяланып жатканын байкоого болот.

2018-жылдын январында Кыргызстанда Медиа Өнүктүрүү Борбору фактчекингди өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында жергиликтүү тренерлердин адискөйлүгүн көтөрүү боюнча дагы тренингдерди өткөрүүгө жетишти. Мында электрондук ЖМКдын(телекөрсөтүү жана радио) журналисттери окуудан өтүшкөн. Жылдан-жылга фактчекингдин ыкма-жолдорун үйрөнүүнү каалаган ЖМК өкүлдөрүнүн саны көбөйүп, мындай семинарларга суроо-талап өсүүдө. Кыргызстандын түштүгүндө Ош шаарында да  фактчек боюнча семинар болуп, 26 журналист маалыматтын аныктыгын текшерүүнү өздөштүрүштү.

Белгиленгендей, “Медиа Өнүктрүү Борбору” Коомдук Фонду бир жылга жетпеген убакытта  Кыргызстандын ЖМК ишмердүүлүгүндө “фактчек” жанрын киргизүүгө үлгүрдү. Учурда өлкө боюнча фактчекингди окутууга даярдалган жүздөн ашык медиа-тренерлер жана журналисттер бар.  ЖМКларда байма-бай “фактчек” жанрында текшерилген материалдар чыгып турат. Ош шаарынын “Нур ТВ” телеканалында “Factnews” аттуу атайын программа ачылып иштөөдө.

Медиа Өнүктүрүү Борбору долбоордун алкагында жургүзгөн ишмердүүлүгүнө ылайык регион үчүн factcheck.kg аттуу платформаны түзүү боюнча чечим кабыл алды.  Ресурс жалган жана фейк маалыматтары, коомдук пикирдин манипуляциясы, маалыматтардын фальсификациясы менен күрөшүүгө багытталган.  2018-жылдын июнь айынан баштап, factcheck.kg платформасы өз ишин баштады жана анда фактчек материалдарынан тышкары, медиа-эксперттер жазган медиасын(медиакритика) боюнча макалалар дагы жарыяланып турат. Өз кезегинде башка уюмдар да Кыргызстанда фактчек жанрын өнүктүрүү боюнча өз долбоорлорун ишке ашырышууда. Баарыбыз биргеликте иш алып баруу менен эми ишенимдүү түрдө Кыргызстанда “фактчек” түшүнүгү кеңири колдонулуп, өнүгүп жатат, деп айта алабыз.

Маалымдама:

Factcheck — «фактыларды аныктоо үчүн проблемаларды изилдөө процесси» (Оксфорд сөздүгү).

Цифралар:

Facebook социалдык тармагында  эң атактуу 23 фейк материалдары 10,6 миллион бөлүшүү, жактыруу жана комментарийлерге ээ болгон(ар бири 460 000).  Изилдөөгө ылайык, америкалыктардын 75 пайызы фейкти объективдүү маалыматтан айырмалай алышпайт. Pew Research Center (Journalism&Media) маалыматтары боюнча, интернет колдонуучуларынын 23 пайызы  маалыматтын чын-төгүнүн териштирбей эле достору жана жакындары  менен бөлүшө беришет.

BuzzFeed News жүргүзгөн изилдөөдөгү маалыматтар (2016-жыл) https://www.buzzfeed.com/craigsilver…/top-fake-news-of-2016….

«Медиа Өнүктүрүү Борбору» КФ