(Кыргыз) Манипуляцияга багытталган KYRGYZTODAY.KG сайтынын макаласына МЕДИАСЫН

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

27-мартта KYRGYZTODAY.KG  сайтына “Кыргызстанда дагы 2 адамдан таажывирус табылды, эми алардын жалпы саны 60ка жетти” деген аталыштагы макала жарыяланган.

Макалада өлкөдө коронавирус дагы эки адамдан табылганы тууралуу жазылып, COVID.kg расмий сайтынан алынган маалыматка шилтеме кылынган.

Ошол эле макаланын төмөн жагында жаңылык жарыяланган соң расмий сайттагы маалымат өзгөрүлгөнү тууралуу айтылып, бирок, баштема алмашылган эмес.

Расмий маалымат актуалдаштырылганына карабай, KYRGYZTODAY.KG баштеманы билип туруп, өзгөртүүсүз калтырган.

Муну менен автор кесиптик этиканы бузуп, манипуляция ыкмасын колдонгон:

  • Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 8-берене.

  • Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 9-берене.

  • “Дезинформация” пропаганда ыкмасы – коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү.

Жыйынтык: Автор кесиптик этиканы одоно  бузуп, манипуляция ыкмасын колдонгон:

  1. Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодекси, 8 жана 9 берене

  2. “Дезинформация” аттуу пропаганда ыкмасы.