(Кыргыз) Президенттин насыя тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Президент Садыр Жапаров 31-августта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып Кыргызстан быйыл сырттан бир тыйын да карыз албаганын айткан.

“Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык”, -деп билдирген Жапаров.

Президенттин бул билдирүүсүн коомчулук кескин сынга алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Твиттердеги” баракчасына “Кандайча? Мен биз ратификациялаган бир нече макулдашууларды мисал келтире алам” деп жазган.

Бирок коомчулуктун сынынан кийин президенттин басма сөз кызматы өлкө башчынын сөзү туура эмес чечмеленгенин, чынында чет өлкөдөн алынган насыя бюджетти колдоого багытталбай, инфраструктуралык долбоорлорго жумшалганын тактаган

«Т-Медиа» бул маалыматты текшерип көрдү.

Кыргызстан 2021-жылдын март жана май айларында эл аралык каржы-уюмдардан 100 миллион доллардан ашуун насыя алган. Буга Жогорку Кеңеш ратификациялаган мыйзам долбоорлору далил боло алат.

Биринчи карыз. Кыргыз өкмөтүнүн Ислам өнүктүрүү банкы, ОПЕК өнүктүрүү фонду жана Кувейт фонду менен макулдашуусуна ылайык, Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай бөлүгүнүн курулушуна 128 млн доллар бөлүнөт. Мунун ичинен 35% грант түрүндө. Калганы 2,5% үстөк менен 23 жылдык мөөнөткө насыя катары берилген. Бул келишимди Жогорку Кеңеш июнь аягында, каникулга кетердин алдында ратификациялаган. 

Экинчи карыз. Ноокат жана Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн бир нече миллион долларлык келишимдерге макулдук берилген. Ага ылайык, Ош облусунун Ноокат шаарын жана ага чектеш Фрунзе жана Чапаев айылдарына ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4,8 миллион евро алынган. Макулдашылган сумманын 2,2 миллион евросу насыя, 2,2 миллион евросу грант, ал эми 600 миң евросу Япония өкмөтү тарабынан техникалык грант түрүндө берилет. Ал эми Кербен шаарына таза суу киргизүү үчүн 6,5 миллион евролук насыя алынган.

Депутат Дастан Бекешев бул насыяларды алуу келишимин Жогорку Кеңеш июнь айынын аягында, каникулга кетердин алдында ратификациялаганын “Т-Медиага” билдирди. Анын пикиринде, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу карыз акча аз алынган. Бирок аз алынгана президенттин да, өкмөттүн да эч кандай тиешеси жок.

“Президент бир нерсени туура айтты. Анткени быйыл башка жылдарга салыштырмалуу аз насыя алдык. Бирок таптакыр албай койгон жокпуз. Ошол эле Корумду-Балбай бөлүгүнүн курулушуна эл аралык каржы уюмдарынан 100 миллион доллардан ашуун карыз алганбыз. Андан тышкары Ноокат менен Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн бир нече миллион долларлык келишимдерге макулдук берилген. Ушул эки насыя президенттин сөзүнө мисал болуп берет. Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы “Бюджетти колдоо боюнча насыя алган эмеспиз. Бул инфраструктуралык насыялар болгон” деп кайра комментарий берип жатпайбы. Бирок биз бюджетти колдогон бир топ эле гранттарды алганбыз да. Мисалы, коронавирус менен күрөшүү боюнча гранттар бар”, -дейт Бекешев.

«Экономиканы колдоого, COVID-19 менен күрөшүүгө»

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети  ушул жылдын 31-майында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүүрү ассоциациясынын ортосунда (Дүйнөлүк банктын тобу) “COVID-19 боюнча шашылыш долбоору үчүн кошумча каржылоо» жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун жактырган. Ага ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берүүнү пландаган. Анын 10 миллиону — грант,  калганы 0,75%дык ченде кредит түрүндө берилет. Насыя мөөнөтү алты жылдык жеңилдик убактысын кошкондо 38 жылды түзөт.

Парламенттин ушул эле комитети июнь айында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана гранттык долбоорун ратификатиялаган. Макулдашуунун алкагында аталган банк 80 миллион доллар бөлөт — ал чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшалат. Анын 69,3 миллиону жеңилдетилген насыя, 10,7 млн доллары грант түрүндө болот. Карыз-насыянын 24 жыл, үстөк пайызы 1%.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Жети-Өгүз районундагы дыйкандарды буудай эгүүгө стимулдаштыруу долбооруна 5 миллион сом бөлгөн. Акчалай колдоо грант түрүндө берилген. 

Эл аралык валюта фонду бир нече мамлекетке 650 миллиард доллар бөлгөн. Анын ичинен Кыргызстанга 240 миллион доллар тийген. 23-августта 650 миллиард доллар өлчөмүндөгү карыз алуунун (SDR) атайын укуктарын бөлүштүрүү ишке ашары маалым болгон. Бул тарыхтагы эң ири сумма болуп саналат. 170 SDR же болбосо азыркы курс менен алганда 240 миллион долларлык каражат Кыргызстанга келип түштү. Бул каражат экономикасы аксаган өлкөлөргө бөлүнүп берилген.

Былтыркы 350 млн доллар эмнеге жумшалган?

Эми Садыр Жапаровдун Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн сырттан 350 миллион доллар карыз алган деген сөзүн текшерип көрөлү.

Кыргызстан былтыр коронавирус пандемиясынан улам чет элдик донорлордон насыя жана грант (кайтарымсыз) түрүндө 375 миллион доллар каражат алган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчётунда жазылат. Анын 96 миллион доллары грант түрүндө, 280 миллиону карыз-насыя катары берилген.

Алынган каражаттар:

  • Эл аралык валюта фондунан  — 242 млн доллар;
  • Азия өнүктүрүү банкы  — 56 млн доллар;
  • Европа биримдиги  — 27,3 млн;
  • KfW Германия өнүктүрүү банкынан  — 15,4 млн доллар;
  • Дүйнөлүк банктан  — 11,2 млн доллар;
  • Орусиядан  — 20 млн доллар;
  • Ислам өнүктүрүү банкынан  — 4,1 млн доллар келген.

Бул каражат эмнеге жумшалды?

Чет элдик донорлордон грант жана насыя түрүндө алынган бул каражаттарды өкмөт үч тармакка жумшаган. Бул тууралуу “Т-Медиага” Каржы министрлигинен билдиришти.

375 миллион доллардын 257,7 млн доллары бюджетти колдоого, 68,3 миллиону саламатыкты сактоо секторуна жана калган 48,8 миллион доллар экономиканы колдоого жумшалган.

Жыйынтык:

  1. 2021-жылы чет жактан алынган насыялар инфраструктуралык гана долбоорлого жумшалды деген маалымат жалган. Алардын арасынан пандемия менен күрөшүүгө, буудай өндүрүүгө жана эңшерилген экономиканы колдоого багытталган насыялар бар.
  2. 2020-жылы 350 миллион доллар бюджетти жабууга алынды деген маалымат жалган. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 280 миллион доллар насыя алынып, анын 257 миллион доллары бюджетти колдоого жумшалган.

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк күнүнө карата эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө сырттан алынган карыз боюнча эки ирет калп айткан.

Булак: T media