(Кыргыз) Балдар өлүмүнө тиешелүү статистика кантип бурмаланган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Өлкөдөгү ЖМКлар жана расмий спикерлер Кыргызстанда балдар өлүмүнүн жылдан жылга азайганын кабарлап келет. Айрым басылмалар бул көрсөткүч Орто Азия боюнча эң төмөн деп билдирет.

Sputnik-Кыргызстан сайтында  UNICEF маалыматына таянуу менен, 1000 тирүү балага 11,6 бала өлүмү туура келет  жана беш жашка чейинки 86 баланын ичинен бирөө каза табат деп жазылган.  Бул Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты көрсөткүч деп айтылат.

Маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин Factcheck ачык булактардан текшерип көрдү.

Дүйнөлүк Банктын маалыматына ылайык, 1990 жылдан 2017-жылга чейин балдар өлүмү  3,2 эсе азайган.

Алсак,  1990-жылы өлкөдөгү көз жумган балдардын саны  71,5 (1000 балага), ал эми 2017-жылы -22,2 болгон.

Улуттук статистика комитети да аталган көрсөткүчтүн төмөндөгөнүн далилдейт, бирок өлкөдөгү расмий статистика Улуттук Банктын маалыматынан айырмаланат:  2015-жылы ар бир миң балага 18, ал эми 2017-жылы 15,6 баланын өлүмү дал келген.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2015-жылы 24,8, ал эми 2017-жылы 22,2ни түзгөн.

Sputnik-Кыргызстан макаласында коңшу өлкөлөрдөгү балдар өлүмү тууралуу да кабарланат. Ага ылайык, Өзбекстандагы көрсөткүч 13,8, Тажикстанда-19,9, ал эми Түркмөнстанда-22,3.

Аталган өлкөлөр арасында эң көп балдар өлүмү Түркмөнстанда, ал эми эң аз учур Кыргызстанда катталганын Дүйнөлүк Банктын расмий сайтынан көрсө болот.

Белгилей кетчү жагдай, «Орто Азия» (Средняя Азия, Middle Asia) жана «Борбордук Азия» (Центральная Азия, Central Asia) түшүнүктөрү орус жана англис тилдеринде ар башка маанини билдирет.

Орто Азияга (Средняя Азия) Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү кирет.

Ал эми Борбордук Азиянын (Центральная Азия) курамында аталган өлкөлөрдөн тышкары Казакстан мамлекети да бар.

Англис тилинде  Middle Asia түшүнүгү жогоруда айтылган беш мамлекетти өзүнө камтыйт жана Central Asia курамына мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрү менен бирге Кытай жана Монголиянын айрым аймагы кирет.

Жыйынтык

– Кыргызстанда балдар өлүмү азайганы тууралуу маалымат – чындык;

– ал көрсөткүч Орто Азияда (Средняя Азия) эң төмөн деген маалымат- чындык;

– ал эми регионду ала турган болсок, балдар өлүмү эң аз катталган мамлекет Кыргызстан эмес, Казакстан болуп чыга келет. Коңшу өлкөдөгү бул көрсөткүч Кыргызстандыкынан эки эсе аз.

Өкүм: манипуляция