(Кыргыз) Премьер-министр жумуш орундары тууралуу цифра менен манипуляция жасады

(Кыргыз) Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун жардамы менен жаңы 75 миң жумуш орундары түзүлгөндүгүн билдирген. Бул цифра абдан көбөйтүлүп айтылган жана чындыкка такыр туура келбейт.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

«Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду 1-июнга карата $267 млн  сумманы түзгөн 1064 долбоорду каржылаган. Натыйжасында, өндүрүш долбоорлорунда 75 255 жаңы жумуш орундары  түзүлгөн» …

Мындай билдирүүнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев июль айында Ысык-Көлдө аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында жасаган.

Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун насыяларынын жардамы менен 75 255 жаңы жумуш орундары түзүлгөндүгү тууралуу айтылган цифра абдан көбөйтүлгөн жана чындыкка туура келбейт. 

Чындыгында канча?

Чындыгында, КРӨФ тарабынан алынган насыялардын негизинде жаңы 1 5 миң жумуш орундары түзүлгөн.   Ал эми калган 60 миң жумуш орундары бул кыйыр натыйжанын жыйынтыгы экендигин Factcheck.kg сайтынын журналисттерине КРӨФнан билдиришти. Бул маалыматка ылайык, болжолдоп алганда, Фонддон алынган насыялардын жыйынтыгында 75 миңден ашык жаңы жумуш орундары пайда болду.

Sputnik радиосуна Фонддун башчысы Эркин Асрандиев бул эсептөөлөрдү мындайча түшүндүрүп берди:

– 16  миң  – бул түз  мааниде пайда болгон жумуш орундары. Бул эмнени түшүндүрөт? Мисалы, биз берген акчага ишкерлер кант заводун ачты дейли.  Ал жакта 1 500 адам иштейт, бул түз мааниде пайда болгон жумуш орундары.  Ал  эми заводго кант кызылчаларын тапшырган адамдардын саны бул кыйыр маанидеги жумуш орундарынын саны. 

Белгилей кетсек, 15 миң жаңы жумуш орундары тузүлгөндүгүн Фактчекке КРӨФнун  маалымат кызматынан билдиришкен, ал эми фонддун башчысы Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун угармандарына 16 миң жумуш орундары тууралуу сөз кылып жатат.

Кыйыр мааниде түзүлгөн 60 миң жумуш орундары эмнеге эсепке алынбайт?

КРӨФ тарабынан алынган насыянын негизинде кызматташкан калган 60 миң жумуш орундары буга чейин эле жумуш орундарына ээ деп эсептелинип келген.  Кант заводунун ишке кириши менен абал өзгөргөн жок. Жаңы жумуш орундарын эч ким түзгөн жок.

Дыйкандар эми кант кызылчасын өстүрсө,  буга чейин башка өсүмдүктөрдү өстүрүп, акча алып келчү жумуш менен өздөрүн камсыз кылып келишет.

Жүк ташуучу машиналардын айдоочулары деле кант кызылчасын эмес, башка нерселерди деле ташып жан багып келишет.  Мындайча айтканда, булар деле өздөрүн өзү жумуш менен камсыз кылышат.

Factcheck.kg премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “жаңы 75 255 жумуш орундарынын түзүлгөндүгү” тууралуу маалыматты орой түрдөгү манипуляция деп баалайт.

15 миң жумуш орундары тууралуу цифра дагы шек жаратат

КРӨФ тарабынан каржыланган өндүрүштөрдүн ишке кириши менен жаңы 15 миң жумуш орундарынын пайда болгондугу дагы шектүү. Улуттук статистикалык комитеттен алынган расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылдан бери Кыргызстанда өндүрүш, уюм, мекемелерде иштеген кызматкерлердин көбөйүшүнүн саны 4 миңге да жетпейт.

КРӨФу насыяларды жигердүү түрдө 2016-жылдан баштап бере баштаган. Алгачкы насыясы 2015-жылдын сентябрында берилген, ал эми калган айларында жалпысынан долбоорлорго $13 млн каражат кеткен. 2016-жылы бул сумма 10 эседен ашык көбөйүп, В $175 млнго жетти.

Эгерде чындап эле 15 миң адам жаңы жумуш орундары менен камсыз болду десек, анда башка 11 миң адам тескерисинче жумуштарынан кетиши керек эле. Бул боюнча маалыматты премьер-министр айткан жок.