«КСДПнын рейтинги нөл болгон»
«КСДПнын Ошто рейтинги нөл болуп турган учурда, биз санаалаштарыбыз жана тарапташтарыбыз менен партиянын ячейкаларын ачканбыз, анан аз убакыттын ичинде партия шайлоочулардын арасында кадыр-баркка ээ боло алды» – Сооронбай Жээнбеков, 2018-жылдын 16-ноябры, «24.kg» МА.
«24.kg» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Соронбай Жээнбеков Ош облусунда партиянын рейтингин көтөрүп бергенин айтты. Бирок бул билдирүүсүндө КСДПнын рейтинги кайсы жылдары “нөл” болгонун тактаган жок.
Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Factcheck.kg ресурсуна партиянын 2011- жана 2015- жылдардагы рейтингин салыштырып көрүүнү сунуштады.
Парламенттик шайлоо 2010-жылдын 10-октябрында өткөн. Ошол учурда КСДП өлкө боюнча 7,83% добушка ээ болгон. Анын ичинде Ош облусу боюнча – 1,87% шайлоочу КСДПны шайлашкан.
2012-жылы өткөн жергиликтүү Кеңештерди шайлоодо КСДП Ошто 23,98% добуш алган.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП республика боюнча 7%, аймактык 0,7% тоскоолдуктан өтүп, өлкө боюнча 26,81% шайлоочунун добушуна ээ болгон, ал эми Ош боюнча бул көрсөткүч – 39,73% түзөт.
2016-жылы Ош шаарынын Кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын 30,61% добушун КСДПга беришкен.
Мындан тышкары, КСДПнын рейтинги 2007-жылы да нөлгө түшкөн эмес. Бул жылы парламенттик шайлоо биринчи жолу партиялык тизме менен өткөрүлгөн эле. Ошол убакта партия өлкө боюнча 5%, облустар боюнча 0,5% тоскоолдукту жеңип 5,05 % шайлоочунун добушу менен Жогорку Кеңештин(IV чакырылыш) 11 мандатка ээ болгон.
Бул шайлоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2010-жылдан бери (Ош шаары – 2,72%) партиянын рейтинги өсүп, 2012-жылы 23,98%га, 2015-жылы 39,73%га жеткен.
КСДПнын рейтингин көтөрүүгө Сооронбай Жээнбековдун эмгегинин деңгээлин далилдөө мүмкүн болгон жок. Көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө бир топ факторлор себеп болушу ыктымал.
Өкүм: манипуляция.
- сөзүнө эмоциялык түс берүү үчүн ашыра кошуп сүйлөө(“рейтинги нөл”) ;
- далилдөөгө мүмкүн эмес аргументти колдонуу.
«Жээнбековдун рейтинги шайлоого чейин 3% болгон»
«Жээнбековдун рейтинги жылдын башында шайлоого чейин 3% болгон. Анан кантип ал бизге рейтинг кошуп бере алат эле? Бул 2017-жыл. Ал эми 2010-жылы Жээнбеков ошол эле Мелис Мырзакматовдун жанында бирөөнүн артынан унчукпай эле ээрчип жүргөн боз көлөкө эле болчу». Алмазбек Атамбаев, 2018-жылдын 19-ноябры, «Апрель» телеканалы.
Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда алып баруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, жалпы республикалык изилдөөнүн маалыматтарын келтирди.
М-Вектор 2017-жылдын апрель-май айларында(шайлоо алдында) жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, Сооронбай Жээнбековго, чындап эле респонденттердин 3%ы гана өз добуштарын беришмек.
Ошентсе да, 2017-жылдын мартында SIAR мындан башка цифраларды көрсөттү, тактап айтканда сурамжылоого катышкандардын 4,8%ы “жакынкы жекшемби күнү” Жээнбековго добуштарын беришмек. Ал эми адамдардын 4,4%ы анын президент болууга шансы көбүрөөк экенин белгилешкен.
«Эл Пикирдин» изилдөөсү боюнча ( 2017-жылдын май айы) сурамжылоого катышкандардын 2,9%ы Жээнбековго “ишеним көрсөтүшкөн” (бул убакта Жээнбеков премьер-министр болуп турган), бирок 5,8%ы гана ага добуштарын беришкен.
Алмазбек Атамбаев Ош шаары боюнча рейтинг тууралуу сөз кылбастан, бүт өлкө боюнча цифраларды келтирген.
Атамбаев далил катары келтирген М-Вектордун ошол эле изилдөөсүндө Жээнбековдун Ош шаары боюнча рейтинги 3%дан жогору, бирок абдан көп эмес (5,6%).
Сооронбай Жээнбековдун КСДПнын рейтингин Ош шаарында көтөрүүгө кошкон салымы менен Президенттик шайлоонун алдындагы анын жеке рейтингин салыштырууга болбойт. Партиянын рейтингине, Президенттикке талапкердин рейтингине дагы ар кандай факторлор таасир тийгизиши мүмкүн.
Өкүм: манипуляция.
- Теманы алмаштыруу.
- далилдөөгө мүмкүн болбогон аргументтерди колдонуу.
Factchеck.kg ресурсунун бүтүмү:
- Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө ашыра сүйлөп, манипуляциянын элементин колдонгон. КСДПнын рейтинги нөл болушу мүмкүн эмес;
- Алмазбек Атамбаевдин манипуляциясы – бул теманы алмаштырып сүйлөө.
Эки саясатчы тең далилдөөгө кыйын болгон аргументтерди келтиришти.
Рейтингдин өсүшүнө тиги же бул адамдын тийгизген таасирин аныктоо мүмкүн болгон жок. Келтирилген цифралар тиги же бул учурда аргумент боло албайт.
*Буга окшош учурларда сатыкта колдонулуучу эконометриялык модельдер бар. Бирок бул модель саясий тапшырмаларды чечүүдө сейрек учурларда гана пайдаланылат.