(Кыргыз) Божомолдон жаралган макала журналисттик этиканын бузулушуна алып келет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Argument.kg сайтынан алынган скриншот

Factcheck.kg кесиптик этиканын бузулушуна жол бергени үчүн Argument.kg сайтын буга чейин бир нече ирет сындаган.

26-июлда аталган сайт «Азия Ньюс» гезитине шилтеме берип, жалаң автордун пикири менен божомолдорунан турган макаланы жарыялаган. Белгилей кетсек, «Азия Ньюс» гезити дагы журналисттик этиканы карманбаган үчүн Factcheck.kg редакциясынын сынына кабылган.

Макаланын баштемасы дагы автордун божомолуна негизделип, мындайча аталат: «Келечекке карай Бабанов президент, Исаков премьер-министр, Мадумаров спикер болобу?». Бул пикирди тастыктоо үчүн автор кандай жүйө келтирген?

“Күзгө карай күтүүсүз пландар түзүлөрү күмөн деле эмес. Саясый күчтөрдүн тарапкерлери, насаатчылары биригүүнү болжошууда. Ошого катар баштары бирикпегендей бийликтин каршылаштары сүйлөшүүлөргө батынышабы? Айрым аңыздар боюнча, келечекке карай Өмүрбек Бабанов президент, Сапар Исаков премьер-министр, Адахан Мадумаров спикер деген божомолдун иш жүзүнө ашары канчалык деңгээлде негиздүү? Бул жагынан тар чөйрөдө талкуулар жанданып, бирок ич ара сүйлөшүүлөр орундалбай атабы? Эмнеси болсо да, оппозиция айдыңына ыктагандар бир-эки ай аралыгында биригүүгө барышары каңкууланды. Амбицияларын жыйыштырып, “мен кыйын” деген текеберликтен бийик тура алышабы? Мезгил көрсөтсүн!”

Макаланын бир гана баштемасы эмес, толук тексти автордун божомолдору жана пикирлерине негизделген. Журналист макалада бир дагы маалымат булагын көрсөткөн эмес. Тексттин ар бир сүйлөмүндө Этикалык кодекстин 10-беренеси бузулган:

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл”. Этикалык кодекс, 10-берене.

Жогорудагы себептерден улам бул текстти журналисттик материал деп атоого болбойт.

Жыйынтык: «Азия Ньюс» гезити макала даярдоодо кесиптик этиканын 10-беренесинин бузулушуна жол берген. Текст бүтүндөй автордун пикири менен божомолдорунун негизинде жасалган, аны журналисттик макала деп атоого болбойт. Буга карабай, маалымат Argument.kg сайтына жайгаштырылган.