(Кыргыз) Министрдин жаңы вирус кооптуу деген сөзү далилденген жок

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коронавирустун британиялык штаммы мурдагыдан да кооптуу жана оор абалда өтүп, ага көпчүлүк учурда жаштар чалдыгат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди

«Буга чейинки дарт жаштар жана балдар арасында жеңил өтсө, оорунун бул формасы агресивдүү, ал эми өлүмгө дуушар болгондордун саны 2,5 эсе көп болот», – деп билдирди министр.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

 

Вирус мурдагыдан канчалык тез тарайт?

Бүгүнкү күндө вирустун жаңы штаммы мурдагыдан тез тарайт деген далилдер жок.

Британиянын Өнүгүп келаткан вирус коркунучтары боюнча эксперттер комитетинин акыркы бааларына ылайык,  В.1.1.7 вирусу тезирээк жайылып, Лондондогу инфекциялардын 80%ына себепкер. “Бирок, 100% ишеним менен айтуу үчүн, бизге дагы кошумча маалымат керек”, – деди Оксфорд университетинин комитетинин мүчөсү Питер Хорби.

Математикалык моделдөө жана инфекциялык оорулар борборунун (CMMID) изилдөөсүнө ылайык, адистер жаңы штамм башка доминанттык штаммдарга караганда 50-74% га көп тараган деп эсептешет. Бирок бул изилдөө рецензиядан өтө элек.

Жаңы штамм мурдагыдан кооптуу жана оор абалда өтөбү? Андан жабыр тарткандар өлүмгө көбүрөөк дуушар болобу?

Британиянын саламаттыкты сактоо министрлигинине караштуу коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын окумуштуулары Улуу Британияда табылган жаңы штамм  өтө оор илдетке же өлүмдүн көбөйүшүнө алып келбейт деген бүтүм чыгарган. Учурда бул изилдөөлөр аягына чыга элек.

 

Вирустун жаңы формасы балдар жана жаштар үчүн кооптуубу?

Бул тууралуу учурда далилдер жок. Инфекция дана глобалдык саламаттыкты сактоо кафедрасынын жетекчиси профессор Джулиан Хискокс Би-би-сиге берген маегинде бул маалыматты тастыктаган

Genomics UK Covid-19 консорциумуна катышкан окумуштуулар  Кембридж студенттерине SARS-CoV-2 вирусунун ыкчам түрдө жукпаганын семестрдин алгачык беш жумасында аныктаган

Эмне кылуу керек?

ДССУнун маалыматы боюнча, вирус канчалык мутацияланбасын, социалдык дистанция жана маска кийүү, колду дезинфекциялоо сыяктуу негизги алдын алуу чаралары дагы деле болсо коргонуунун негизги жолдору болуп саналат. 

Жыйынтык: далилденген эмес

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри жарыялаган маалымат учурда дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан изилденип бүтө элек. Вирустун жаңы түрүнүн тезирээк жайылып, балдарга жана жаштарга кооптуу же өлүмгө алып келээрине 100% далил жок.