(Кыргыз) Көп аялы бар жана мотиватор: “Сорос-Кыргызстан” фондунун жабылышынын демилгечилери тууралуу эмнелер белгилүү

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

«Эркин Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Илимбек Исраилов жана Бакытбек Мойдунов чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алууну жана “Сорос-Кыргызстан” фондун жабууну талап кылышты. Мындай талаптарын жакында АКИpress’те өткөн пресс-конференцияда билдиришти.

Алардын айтымында, “Сорос-Кыргызстан” фонду “элге каршы саясат жүргүзүш үчүн” каражаттарды бөлүп келет.

Factcheck.kg редакциясы мындай билдирүү менен чыккан активисттер тууралуу маалыматтарды издеп көрдү.

Илимбек Исраилов деген ким?

Илимбек Исраилов коомдук тармактарда өзүн саясий блогермин деп тааныштырат. Ал Садыр Жапаровдун, Шайлообек Атазовдун, Райымбек Матраимовдун жактоочусу. Аны коомдук тармактардагы посттору жана ысмы аталгандарды колдоп чыккан митингдери айгинелейт.

Өзүн блогермин деп тааныштырган Исраилов “Одноклассники” коомдук тармагында 2016-жылдан бери Садыр Жапаровду жана 2020-жылдын октябрынан тартып Камчыбек Ташиев жетектей баштаган “Мекенчил” партиясын колдогон материалдарды жарыялап келген. Ага чейин партиянын лидери Садыр Жапаров болчу.

2021-жылдын 1-мартында Исраилов экс-бажычы Райымбек Матраимовду колдогон митинге катышып, “Клооп” менен “Азаттыктын” журналисттерин чагымчыл кылууга аракет кылган.

Кийинчирээк, 2021-жылдын 28-апрелинде бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТга каршы уюштурулган митингде модераторлордун бири болгон.

2022-жылдын 13-октябрында “Азаттык” радиосунун кеңсесинин жанындагы митингдин жетекчиси болгон. Анда акцияга 30 киши чыгып, көз карандысыз үч медианы: «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.Media редакцияларын жабууну талапы кылышкан. Ошондо Илимбек Исраилов эмкиде күч колдоноорун жана “Азаттыктын” имаратына бензин чачаарын айткан болчу.

2022-жылдын ноябрында ал “7-каналдын” берүүсүнө катышып, «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.Media редакцияларын жабууга жана чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды кабыл алууга чакырган. Белгилей кетчү нерсе, ошол эле жылдын декабрында ал телеканалдын жетекчилигинен ыраазычылык кат алган. Аталган “7-каналдын” негиздөөчүсү болуп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек саналат.

Өзүнүн интервьюсунда активист эки аяла бар экенин жана дагы экөөнү издеп жүргөнүн жашырбай айткан. Блогду алып баргандан башка эч кандай жумуш менен алектенбейт.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алуу, башкача айтканда, эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу жүздөн үч жүз саатка коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

Бакытбек Мойдунов жөнүндө эмне билебиз?

Пресс-конференциянын экинчи катышуучусу – Бакытбек Мойдунов. Журналисттер анын Instagram, Facebook жана YouTube тармактарындагы баракчаларын табышты. Instagram’дагы профилинде ал өзүн бизнесмен, үй бүлөнү алдыңкы орунга койгон адам, активист, «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери жана «Ак-Ниет Садака» фондунун президенти деп тааныштырат.

Бакытбек Мойдуновдун коомдук тармактардагы баракчаларына көңүл бурсак, ал Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулуна (“Эркин Кыргызстан” партиясынын негизөөчүсү, – ред. түш.) жакын экенин көрөбүз. Саясатчы дагы өзүнүн талаштүү билдирүүлөрү менен белгилүү. Мисалы, 2014-жылы Бакир уулу Израилдин желегин даарат кагазы катары колдонууга чакырып, пресс-конференция учурунда аны кантип жасоо керектигин көрсөтүп берген.

Мойдуновдун Instagram’ында Бакир уулу менен түшкөн сүрөттөрү бар. Ал эми саясатчы өзүнүн Фейсбуктагы жазууларында башкалардын катарында Мойдуновду көп белгилейт.

Эскерте кетсек, так ушул Турсунбай Бакир уулу бир жыл мурун Kaktus.media жана Kloop.kg редакцияларынын алдында өткөн митингдердин демилгечилеринин бири болгон жана кесиптештерибизге чет элдик агент статусун берүүгө чакырган.

Кийин Бакир уулу Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселе боюнча: “Суу сактагычтын алдындагы жердин берилип кетишине Кыргыз ССРинин жетекчилиги күнөөлүү, азыркы бийлик ошол каталарды оңдоп жатат”, – деген.

Пресс-конференциянын катышуучусу Бакытбек Мойдунов мурда “Сорос-Кыргызстан” фондун жабуу тууралуу саясий билдирүүлөрдү кылган эмес. Анын коомдук тармактагы ишмердүүлүгү негизинен дин жаатында болгон, ал ар түрдүү “социалдык эксперименттерди” жүргүзүп, шыктандыруучу сүрөттөр менен бөлүшүп турат.

Идеялык шыктандыруучу

Турсунбай Бакир уулу – «Эркин Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү, Илимбек Исраилов жана Бакытбек Мойдунов негизинен анын көз карашын айтып чыгышкан.

Бир жыл мурун көз карандысыз ЖМКлардын редакцияларынын жанында митингдерди өткөрүүнүн алдында да Исраилов пресс-конференция уюштуруп, аны экс-депутат Бакир уулу каржылаган. Жогоруда айтылгандай, саясатчы өзү да бул митингдерге активдүү катышкан.

Талаштуу саясатчы тууралуу Kaktus.media кенен материал даярдаган:

Саясатчынын карьерасындагы эң эсте каларлык демилгеси – “шарият боюнча” көп аял алууну жайылтуусу болду. Ал кыргыз жигиттерине бир нече үй-бүлө курууга кеңештерин берип келген.

“Биздин укук” коомдук фонду 2017-жылы жаратылышты коргоо зонасында — Ататүрк паркында — кан сарайларды куруу үчүн жерлердин сатылышы тууралуу журналисттик иликөөнү даярдашкан. Бир катар мамлекеттик ишмерлер менен биргеликте Турсунбай Бакир уулунун да Ататүрк паркында үй мүлкү болгон.

2019-жылы ал “Кыш болбойт!” (“Зима не будет!”) деп айтканы менен Кыргызстанда белгилүү болгон, теңирчи Арстанбек Алайга видео-кайрылуу жасаган. Бакир уулу аны диний негизде эркекче сүйлөшүүгө чакырган.

Бакир уулу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду активдүү колдоп келет. Ал коомдук тармактарда «Боштондук Садыр Жапаровко» маанисиндеги посттор менен бөлүшүп келген. Мамлекет башчынын жетишкендиктери менен суктанат.