(Кыргыз) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запорожьедеги АЭСке бара алабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Telegram-каналдарда орусиялык армиянын иш-аракеттеринен улам МАГАТЭ Запорожьедеги АЭСте радиациялык коопсуздукту текшерүү үчүн бара албай жатканы тууралуу украина тараптын “фейкин” төгүндөгөн маалымат таратылууда. Электр станцияда ядердик коопсуздуктун талаптары бузулуп жатат.

Журналисттердин айтымында МАГАТЭнин Запорожьедеги АЭСти каалаган убакытта текшерүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле орусия тарап жана Запорожье облусунун администрациясы буга тоскоол болбой эле, тескерисинче эл аралык комиссияны атомдук электр станцияга  чакырып жатышат. Буга Украина каршы болууда.

Бул билдирүүлөр пропаганда жана манипуляция болуп саналат. Украиналык кесиптештер буга чейин жазып келгендей АЭСти орусия тарап басып алгандан бери ишенимдүү көзөмөлдөп жаткандыгын далилдөөгө аракет кылып келет.

Белгилей кетсек, МАГАТЭнин башкы директорунун орун басары жана Ядердик энергия департаментинин жетекчиси Михаил Чудаков орусиялык болуп эсептелет.

Украина өз кезегинде МАГАТЭден дүйнө коомчулугуна кайрылып атомдук станциядан баскынчыларды чыгарууну жана уюмдун жетекчилик кызматтарынан орусиялыктарды  четтетүүнү  талап кылууда. Анын ордуна эл аралык уюм Украина аларды Запорожье АЭСине келүүгө чакырып жатат деп жалган билдирүү тараткан.

Мунун айынан МАГАТЭ бул маселе боюнча Орусиянын пайдасына иш жүргүзүп жатат деп эсептеген Украина уюмдун делегациясы Запорожье АЭСине келип абал тууралуу шектүү жыйынтыктарды чыгаруусун каалабайт.

Эскерте кетсек, июнь айында баскынчылар атомдук электр станциянын аймагында ядердик коопсуздукка коркунуч жаратып жатканына карабастан реактивдүү залптык ок атуучу “Смерч» менен «Град» тутумдарын, танк жана брондолгон транспортерлорду жайгаштырган эле.  Алар ЗАЭСти калкан катары колдонууда. Анткени Куралдуу аба күчтөрү ага ок ат албайт. Июль айынан бери станциядан Никополь шаарын түн сайын “Смерч» жана «Град» менен аткылап башташкан.

Бүтүм: манипуляция жана пропаганда. Фейкти «төгүндөөнүн» өзү да фейк.