(Кыргыз) Сооронбай Жээнбеков убадасын аткарабы?

(Кыргыз) Ысык-Көл облусунда эки жылдан бери эки мектептин курулушу бүтпөй турат. Өз убагында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун бул мектепти курууга акча бөлдүртүү тууралуу убадасы унутта калган сыяктуу…. Видеорепортаж.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Ысык-Көл облусунда эки жылдан бери  эки мектептин курулушу бүтпөй турат. Өз убагында президент Сооронбай Жээнбековдун бул мектепти курууга акча бөлдүртүү тууралуу убадасы унутта калган сыяктуу….

Семеновка айылындагы мектептин курулушу 2016-жылы башталган. 49 миллион сомдун 5 миллиону гана бөлүнүп, ошол боюнча курулуш токтоп турат. Мектепти куруп жаткан курулуш компаниясы өз каражатына 6 миллион сомдон ашык каражатка бааланган жумушту аткарган. Бул каражат фундаментине жана дубалына гана жетти. Каржы министрлиги өз кезегинде бул объектинин курулушун 2019-жылдын планына киргизүүнү убада кылууда.

Түп айылында мектепти курууга 2016-жылдан бери 80 миллион сомдун 9 миллионго жакыны бөлүнгөн. Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында эл менен болгон жолугушууда бул маселени жеке көзөмөлүнө алууга убада берген. Бирок бир жыл өтсө дагы, мектептин курулушу токтогон боюнча турат.

Биздин кабарчылар Ысык-Көл облусуна барып, окуянын аныктыгына күбө болуп кайтышты.