(Кыргыз) Садыр Жапаровдун $15 миң турган эң кымбат курткасы табылды

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21-октябрда Нарын облусунун Куланак айылында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына арналган салтанатта капсула салды.

Салтанатка мамлекет башчы көк куртка кийип келди, мурда бул кийим менен ал эл алдына чыга элек болчу. Factcheck.kg’нин журналисттери анын баасын аныктайбыз деп көп убакыт коротушту.

This slideshow requires JavaScript.

Бир катар люкс бренддердин ушуга окшош курткалары бар: чөнтөктөрүнүн жайгашуусу, клапандары жана жакасындагы териси окшошуп кетет. Сазкундуздун териси менен опокшош куртка ENRICO MANDELLI брендинде бар, анын баасы 350 миң сомдон кымбат (259 миң рубль). MooRER брендинде да ушуга окшош жакасы кемчет териден 127 миң сом (€1.575) турган сырткы кийими бар. Белгилей кетсек президенттин ушул бренддеги бир нече курткасы бар (1, 2).

Бирок көп убакытты талап кылган издөөнүн жыйынтыгында Садыр Жапаровдун курткасы италиялык Loro Piano брендине таандык экенин таптык. Анын ичи жана жакасы сазкундуздун терисинен жасалган, ал эми баасы 1 млн 264 миң сомду же $15.3 миң түзөт (сатуучунун сайтында анын баасы 941.8 мин рубль деп көрсөтүлгөн).

Москва ЦУМунун сайтында күрөң түстөгү куртка 1 млн 283 миң сом же $15.5 миң турат.

Эскерте кетсек Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл мартта “Лужники” стадионунда өткөн “Крым жазы” концертинде Loro Piana брендинин 1 млн 445 миң рублдук курткасын кийип турган.

Билдирме:

Өткөндө Садыр Жапаровдун баасы 158 миң сомдук MooRER брендиндеги бир курткасы кыргызстандыктардын 22 жашоо минимумуна туура келээрин жазганбыз.

Ал эми 1 млн 264 миң сомдук Loro Piano’нун курткасы 175.5 жашоо минимумуна туура келет.

Жалпы республика боюнча 2022-жылдын III кварталындагы адам башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7242 сомду түздү.

Жашоо минимуму эмнеден турат:

  • Тамак-аш азыктары – 65% же 4 707 сом,
  • Азык-түлүк эмес товарлар – 16% же 1 159 сом,
  • Кызматтар – 17% же 1 231 сом,
  • Салыктар – 2% же 145 сом.

Кыргызстанда 15 миң долларга үй сатып алса болот. Мисалы, Чолпон-Атада же Бостериде 36-37 чарчы метр ремонту жок бир бөлмөлүү батирди.