(Кыргыз) Москванын асманында белгисиз объектпи же кадыресе физикалык кубулушпу? Тактайбыз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Көп кабаттуу үйлөрдүн фонунда абада калкып турган түтүн шакекчесине окшош газ сымал объект тартылган видео Твиттерде таркатылууда.

Каймана аты (ники) @AS74LifeNumber2 видеонун автору түшүндүрмө берген эмес, бир гана “МСК” деген жазуу калтырган, ал боюнча бул сырдуу объект Москвада тартылган болушу керек деп божомолдосо болот. Ушуга байланыштуу видеого эмне тартылгандыгы боюнча көптөгөн божомолдор айтыла баштады. 

Болгону бир нече сааттын ичинде видеону 160 миңден ашык киши көргөн, жүздөн ашык колдонуучу аны менен бөлүшкөн. Видео заматта вирустук болуп, анын менен башка коомдук тармактарда да бөлүшө башташкан.

Factcheck.kg редакциясы бул сырдуу көрүнүштү изилдеп чыгып, чындыгында эмне болгонун аныктады. Спойлер: көптөгөн колдонуучулар божомолдогондой анын БУОго (НЛО), Украинадагы согушка жана жашыруун аскердик өндүрүмдөргө эч кандай тиешеси жок.

Редакциянын журналисттери видеокадрларды талдап чыгып, бул тороид шакекче (куюн шакекчеси) экенин аныктады. Бул айланып жаткан суюктуктун же газдын аймагынын суюктуктун же газдын ошол эле же башка аймагы аркылуу жылышына байланыштуу кубулуш. Бул убакта агым тороиддин (бубликтин же шаккектин) формасын кабыл алат. Башкача айтканда, кыймылдагы газ же суюктук ушундай эле субстанция менен кезиккенде “жайлап”, “шакекчени” жаратып оролуп айлана баштайт.

Куюн шакекчелери биринчи жолу математикалык түрдө немец физиги Герман фон Гельмольц менен 1867-жылы “Куюн кыймылдарын туюнткан гидродинамикалык теңдемелердин интегралдары тууралуу” эмгегинде талданган болчу. Бул кубулуш көптөн бери изилденип жатканы менен шакекчелердин жаралышын жана алардын өз ара аракеттенишин окумуштуулар азыркыга чейин изилдеп келишет.

Микрожардыруунун куюн шакекчелери

Үндөн да ылдам болгон импулстуу плазма агымдарынын белгилүү бир шартта абада урунуп токтоо учурунда когеренттүү куюн түзүмдөрүнүн, мисалы жашоо убактысы энергосалымга жана газодинамикалык чыгууга мүнөздүү убакыттан кыйла көбүрөк болгон чоң өлчөмдөгү шакекче (тороид) куюндардын жаралышына байланыштуу радиациялык-газодинамикалык кубулуштар жөнүндө изилдөө 2008-жылы “Техникалык физика журналында” жарыяланган болчу.

Тороид куюндары жаратылышта көп кезигет – бул түтүндүн шакекчелери, булуттардан турган куюн, суу айлампалары. Абада такай тороид куюндары жаралып турат, бирок аларды адам көп учурда көрө албайт. Шакекчелердин “жашоо” убактысы ар кандай болот. Айрымдары салыштырмалуу узак жашап, кээде адамдар аларды көрө алат. Аларга эң жөнөкөй мисал – тамеки түтүнүнөн шакекчелер.

Тамеки чеккендерден сырткары куюн шакектерин жасаганды дельфиндер жакшы көрөт. Алар муну оюн катары кабылдашат.

Бул видеодо slow motion’до сууда эки куюн шакекчелеринин бири бири менен урунушу боюнча эксперимент тартылган.

Куюн замбиреги менен эксперимент өткөрүлгөн.

Бул кубулуш 2013-жылы Колледж-Стейшндеги трансформатор жарылганда байкалган, бул жарылуу учурунда көпкө жашаган куюн шакекчеси пайда болуп ал кечки асманга көтөрүлгөн.

Башка роликтин авторлору бензин толтурулган банканы жардыруу боюнча эксперимент жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында көпкө жашаган тороид куюну пайда болгон. Эксперимент жүргүзгөндөр өзүлөрү буга катуу таңгалышкан.

Көпкө жашаган кара түтүндөн турган куюн шакекчеси мындан бир нече жыл мурун Вьетнамда катталган.

Видеодогу куюн шакекченин жаралышына эмне себеп болгону белгисиз. Бирок анын астында курулуш иштери жүрүп жатканын көрсө болот. Тороид шакекчеси кайсы бир жардыруу же курулуш материалдарын өртөө учурунда пайда болушу мүмкүн.

Тыянак: чындык. Видеого тороид куюну (куюн шакекчеси) тартылган, ал жаратылышта кеңири кезиккен кубулуш болуп эсептелет, бирок алардын көбүн адамдын көзү көрө албайт.