(Кыргыз) Талас облусунун жаңы губернатору турфирмага ээлик кылат

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Буга чейин президенттин аппаратында бөлүм башчы кызматын аркалап келген Бакытбек Нарбеков Талас облусунун губернатору болуп дайындалды. Эске салсак, 2020-жылкы парламенттик шайлоого ал “Биримдик” партиясынан аттанган. Партия тизмегинде Нарбеков 112-орунда эле. Ал эми 2015-жылы “Бир Бол” партиясынын тизмегинде 89-орунда болгон. 2015-жылы Нарбеков Бюджет жана финансы бөлүмүнүн сектор жетекчиси эле.

Factcheck.kg Бакытбек Нарбековдун 2002-жылдан тарта турфирмага ээлик кыларын жана аны декларациясында көрсөтпөгөнүн аныктады.

Губернатордун турфирмасы

 “ВОТ-TUR” (“БОТ-ТУР”)  ЖЧКсы 2002-жылы түптөлгөн. Бакытбек Наркулович Нарбеков анын негиздөөчүсү жана директору. Маалыматка ылайык, компания Профсоюз үйүнүн имаратында Чүй проспектиси, 207 дареги боюнча жайгашкан. 

“ВОТ-TUR” турфирмасынын ИНН көрсөтүлбөгөнүнө байланыштуу бюджетке төлөгөн салыктары тууралуу маалымат жок. 

Губернатордун декларациясы


Ачык булактарда Нарбековдун 2015 жана 2016-жылкы декларациясы гана көрсөтүлгөн.

2015-жылы анын кирешеси 579 миң сомду (айына 48 миң сом)  түзгөн. Ал эми жакын тууганы 100 миң сом тапканы тууралуу маалымат бар. Документке ылайык, экөөндө тең турак-жай да, унаа да жок эле.

2016-жылы Нарбековдун кирешеси 557 миң сомду түзгөн. Декларацияда 2004-жылкы Тойота-Кемри үлгүсүндөгү унаа көрөтүлөт. Ал эми жакын тууганынын кирешеси өзгөрүүсүз 100 миң сом бойдон калат. 

Башка мүлк, анын ичинде бизнестеги үлүш тууралуу маалымат жок. Эске салсак мамлекеттик кызматты аркалап, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып аткан учурда, чиновнивктерге коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Алар кызматка киришкен соң, компанияларын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берип, коммерциялык ишмердүүгүн токтотууга тийиш. Мындан тышкары, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер жылдык декларациясында компаниялардын же алардын акцияларын көрөтүүсү керек. Бакытбек Нарматов “БОТ-ТУР” ЖЧКсы түзүлгөн учурда кандай кызматты ээлегени белгисиз, бирок компания бүгүнкү күнгө чейин ишин токтотуу же кайра каттоодон өткөрүү жол-жобосунан өтпөгөндүктөн, ал жарактуу деп эсептелет.