(Кыргыз) “Урап түштү”. Ош аэропортун оңдогон компаниялардын депутаттар менен байланышы. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 18-май күнү катуу жааган жамгырдан улам “Ош” аба майданынын күтүү залынын шыбы урап түштү. Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкууга жем таштады. 

Аэропорттун басма сөз кызматы “Ош” аба майданын реконструкциялоону “Аль-Манар”,  “Элит-Строй-Сити”, “АвантРемСтрой”(азыр “Авангард Сити” болуп өзгөргөн) “Ак Бата” акционердик коому жана “Инженерин Ко” ЖЧКлары бир нече баскыч  менен аткарганын маалымдады.

Аталган аба майданда курулуш башталган 2012-жылдан 2018-жылга чейин жалпы жонунан 234 млн сом сарпталган.

ОшТВ редакциясы аба майдандагы курулуш боюнча тендерлерди жеңген компанияларды текшерип көрүп, алардын Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен байланышы бар экенин аныктады.  

 “Аль-Манар” компаниясы менен Осмоновдордун байланышы

“Манас” эл аралык аэропорту тараткан маалыматка ылайык, “Ош” аэропортун реконструкциялоо ишинин биринчи этабы 2012-жылы башталган. Аны тендерден «Аль-Манар» компаниясы утуп, 78 млн сомдук жумушту аткарган. Бирок үч жылдан кийин табышмактуу жагдайда фирма курган 78 млн сомдук курулуш толугу менен бузулган.

Юстиция министрлигинин сайтында «Аль-Манар» ЖЧКсынын ээси Нурматов Суйунбек Шерматович аттуу жаран көрсөтүлгөн. Компания 2015-жылы 3-августта ишин токтоткон.

Бул компания 2015-жылы Бишкекте курулуш боюнча чырлуу окуяларга аралашканын бир канча басылмалар жазып чыккан.

Интернеттен “Аль-Манар” фирмасына тиешелүү телефон номерин таап Getcontact тиркемесине салып издеп көрдүк.

Анда  “Аль-Манар”, “Ихлас”,  “Арек строй” деген тегдерди көрүүгө болот.

“Ош шамы” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган агасы Нурбек Осмонов  “Аль-Манар” ЖЧКсынын директору экендигин жазып чыккан. Ал эми “Арек” стройдун негиздөөчүсү “Каганат Инвест” экенин белгилеген.

Биз бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов менен байланыштык. Ал “Аль-Манар” ЖЧКсына эч кандай байланышы жоктугун билдирди.

Ачык маалыматтарда  “Аль-Манар” ЖЧКсы 2009-жылы Алай районунун Нура айылындагы үйлөрдү курган фирмалардын арасында бар экенин көрүүгө болот. Мындан сырткары Оштогу  эң бийик көп кабаттуу үйдү да ушул фирма курган.

Биздин редакция “Ош” аэропортундагы курулуш боюнча маалымат алуу үчүн “Аль-Манар” ЖЧКсы менен байланыша алган жок. Эгер фирманын жетекчилиги маалымат берүүнү кааласа биздин эшик ар дайым ачык.

Бир миллиард сомдон ашык каражат алган “Элит-Строй-Сити”

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдары “Элит-Строй-Сити” компаниясы “Ош” аэропорту өткөргөн конкурска катышып, жалпы 18 миллион сомго жакын тендер уткан.

Фирма аэропорттун күтүү залын 870 чарчы метр кеңейткен. Натыйжада жүргүнчүлөр үчүн күтүү залынын аянты 8390 чарчы метр болгон. 

“Элит-Строй-Ситинин” директору менен орун басары бири-биринин айткандарын четке какты

“Элит-Строй-Сити” компаниясынын орун басары Азиз Маматкулов аба майдандагы кырсык боюнча комментарий берип, ишти долбоордо көрсөтүлгөндөй кылып жасалганын, быйыл катуу жамгырга байланыштуу көйгөй болгонун белгиледи.

“Биздин келишим боюнча 24 ай кепилдик бар эле. Чатыры боюнча айта турган болсом биз баарын проект түзгөн фирма сызып берген долбоор менен жасаганбыз. Ал текшерүүдөн өткөн. Бирок быйылкы жылы жаан, сел катуу жүрүп суу токтоткуучу түтүккө суу кирип, батпай кетип атат. Өзүңөр да көрдүңөр жамгыр аябай катуу жаады. 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан быйыл жаанга байланыштуу ушундай болду”, – деди Маматкулов. 

“Элит-Строй-Ситинин” жетекчиси Азамат Кенжебаев орун басарынын айткандарын четке кагып, аба майдандагы суу аккан жерди анын фирмасы жасабаганын айтты.

“Мен өзүм барып көрүп келдим. Биз суу аккан жерлерди алган эмеспиз. Суу аккан жерлер ичинде чыгуу залында жана 4-сектордо агыптыр. Аны биз жасаган эмеспиз”, – деди Кенжебаев.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсы Ош эл аралык аэропорту өткөргөн тендерлерге катышып, жалпы 32,3 миллион сомдук беш тендерди уткан.

Анын ичинен 14,5 миллион сомдук тендерди Жалал-Абад аэропортунун имаратын кеңейтүү боюнча тендерди уткан. Калганы Ош аэропортунан уткан.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 2018-жылдын август айынан бери “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсына Оморов Канатбек Абдильмаматович аттуу жаран ээлик кылат.

Ага чейин фирманын жетекчиси катары Айгүл Салиева, негиздөөчүсү Мурзалы Салиев көрсөтүлгөн.

Айгүл Салиева Ош шаардык кеңешине «Бир Бол» партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланып келген. Аны менен телефон аркылуу байланышканыбызда “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсынын жетекчиси Оморов Канатбек Абдильмаматович жакын иниси экенин тастыктады.

Биздин жеке булактар билдиргендей, фирманын чыныгы ээси Айгүл Салиеванын бир тууган иниси Мырза Салиев.

“Элит-Строй-Сити” компаниясы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы өткөргөн тендерлерге катышып, 860,7 млн сомдук ири тендерлерди уткан. Фирма Ош мэриясынын ипотекалык үйлөрүн куруу боюнча ири тендерлерин  көп  утат. Муну аталган ЖЧКнын жетекчиси тендерге эч ким катышпаганы менен түшүндүрөт.

“Элит-Строй-Сити” жалпы жонунан мамлекеттик сатып алууларга катышып,  жалпы миллиард сомдон ашуун суммадагы тендерди уткан.

Айтмакчы аталган компания учурда Ош шаарында бир канча жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. 

“Инженерин Ко”

Үчүнчү долбоор 2016-2017- жылдары ишке ашырылган. Анда аба майдандын имаратына дагы 720 чарчы метр кошуу ишин “Инженерин Ко” ишканасы ишке ашырган.

“Ак Бата” акционердик коому

Ош аэропортун реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы 2015-жылы башталып, 2016-жылы бүткөн. Анда аэропорттун имараты 900 чарчы метрге чоңойтулуп, 4900 кв. метр болгон. Курулушту “Ак Бата” акционердик коому жүргүзгөн.

Акционердик коомдун аткаруучу директору Алымбек Мамитбаевдин айтымында, ал жетектеген фирма Ош аба майданы откөргөн тендерге катышып 16 миллион 109 миң 387 сомдук иш аткарган.

“Баардык өзүнүн процедуралары менен иш алып барганбыз. Биз кире беришин эмес, эл аралык каттамдар учкан күтүү залын оңдогонбуз. Суу аккан жакты башка фирмалар оңдогон. Ким оңдогонун билбейбиз”, – деди Мамитбаев.

Мамитбаев былтыр шайлоодо “Ыйман Нуру” саясий партиясы менен Ош шаардык кеңешине талапкер болгон. 

Юстиция министрлигинин сайтында аталган акционердик коомдун 284 акционери бар экенин көрүүгө болот. Ал эми жетекчиси катары Женалиев Канатбек Жолбаевич аттуу жаран көрсөтүлгөн.

“АвантРемСтрой” (азыр “Авангард Сити” болуп өзгөргөн)

Төртүнчү долбоор менен жүргүнчүлөр келген зал дагы 1900 чарчы метрге кеңейтилип, 7520 чарчы метрге чоңойтулган. Курулушту “АвантРемСтрой” ишканасы жүргүзгөн. Фирма Ош аэропортунда 46 миллион сомдук тендерди уткан.

Копаниянын жетекчиси аба майдандагы кырсык болгон жерди алар курбаганын билдирди.

“Биз курган жак учуп келүү залы. 2018-жылы март айында тапшырганбыз. 2 жыл кепилдик менен курганбыз. Биз кечээ барып кабар алып келдик. Учуп келүү залынан суу өткөн жок. Жамгыр катуу жаагандыктан арыктарга суу батпай ашып кеткен. Суу өткөн жак бизге тиешеси жок”, – деди Аскаров.

Аталган компаниянын негиздөөчүсү жана директору Мухаметашым Аскаров экенин OsOO.kg маалымдайт. Аскаров “Бир Бол” партиясынын курамында Ош шаардык кеңешине “Бир бол” партиясынын курамында аттанган.

Жыйынтык: “Ош” аба майданын реконструкциялоого катышкан компаниялардын Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен байланышы бар. 

Булак: ОшТВ