(Кыргыз) “Медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук мектеби” жаңы долбоорунун башталышы тууралуу жарыя кылабыз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Арыбаңыздар, урматтуу достор жана келечектеги кесиптештер! Медиа Өнүктүрүү Борбору жана Factcheck.kg «Санариптик жана медиа сабаттуулук мектеби» жаңы долбоорун ишке ашыра баштаганын кабарлаганга шашылуудабыз. Бул долбоор бардык кызыкдар адамдарга маалыматка сын көз караш менен караганга, маалыматтарды текшерүүнүн аспаптары менен иштегенди үйрөнгөнгө жардам бере алат.

Маалыматтык согуш жана пандемия күч алган учурда ар бир адам маалыматтык агымдарды талдаганды, окуяларга баа бергенди, манипуляция менен жалган маалыматтарга туруштук бергенди билиши керектиги зарылчылыгы пайда болду.

Кесипкөй адистерден турган командабыз медиа сабаттуулук көндүмүңүздөрдү жакшыртканга, маалыматтар менен иштегенге жана контентти талдаганга жардам берет.

Калп маалыматтарды жана мифтерди төгүндөгөнгө, жемкорлук көрүнүштөрдү аныктаганга, дүйнөлүк конспирологиялык кутумдар менен күрөшкөнгө, өлкөнү экоцидден сактаганга, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө, аныкталган маселелерге коомдун назарын тартканга сездерге болгон жардамыбызды бергенге даярбыз.

Жакында биздин мектепке кабыл алуунун шарттарын кенен-кесири айтып беребиз. Биздин жаңылыктарга назар салып туруңуздар! Калп жаңылыктардын курмандыгы болбогонго аракет кылыңыздар!

Долбоорду Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен Factcheck.kg жана Медиа Өнүктүрүү Борбору командасы ишке ашырмакчы.