(Кыргыз) Медициналык маскалар кычкылтекти өткөрбөйт деген маалымат жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

WhatsApp тиркемеси аркылуу медициналык маскалар аба өткөрбөйт деген өңүттө маалымат тарады. Тасмада белгисиз адам маскага суу куюп, ал аркылуу суу өтпөгөнүн көрсөтөт. Андан соң, автор суу өткөрбөгөн маскалар абаны да өткөрбөйт, жыйынтыгында адамдар көмүр кычкыл газы менен ууланат деген бүтүм чыгарган.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Алгач медициналык маскалар чынында эле суу өткөрбөрүн тактайбыз. Ал үчүн ар түрдүү аптекалардан бир нече маскаларды сатып алабыз. Тасмадагыдай эле ал маскалардан да суу өткөн жок. Андан соң мындай көрүнүштүн себебин ачык булактардан издейбиз. 

Издөө аркылуу N95 респираторлорунун жана башка медициналык маскалардын экинчи ирет колдонуу көйгөйлөрүн чечүү менен алектенген   N95DECON ассоциациясынын сайтына туш болобуз. Бул сайт окумуштуулар тарабынан түзүлгөн.  

Аталган ресурста медициналык маскаларды колдонуу тууралуу сунуштар кеңири берилген. Маалыматка ылайык, натыйжалуу маскалар сууну өткөрбөгөн катмарга ээ. 

 

N95DECON ассоциациясы өнөр жай өндүрүүчүлөр жана ташып-жеткирүүчүлөр үчүн №1 америкалык платформага, мындан тышкары Түндүк Америкадагы The Thomas аттуу  маркетинг борборуна шилтеме берген. The Thomas сайтында хирургиялык маскалардын сапаты, сууга туруштугу жана тыгыздыгы  тууралуу кеңири маалымат берилип, маска өндүрүүчүлөрү үчүн атайын стандарттар жана сунуштар көрсөтүлгөн

Маскалар тууралуу маалыматтарды изилдеп көрүп, кадимки марлиден жасалган илгерки маскалар азыркы тапта тигиши жок материалдан жасалган маскаларга алмашылганы жана кийинкилер мурдагыдан кыйла натыйжалуу экенин аныктадык. Мындан тышкары, заманбап маскалар бактерияларды өткөрбөйт, ошол эле учурда абаны өткөрөрү маалым болду.  Алар көпчүлүк учурда тыгыздыгы бир чарчы метрге  20 же 25 грамм болгон полипропилен материалынан жасалат. Мындан тышкары полистирол, поликарбонат, полиэтилен жана полиэстерден да жасалат.  Мындай маскалар тамчылардан, аэрозолдон коргоочу (мисалы, чүчкүргөндө) сапаттарга ээ.  

Хирургиялык заманбап маскаларга 5 талап коюлат:

Бактерияларды фильтрлөө натыйжалуулугу. Мүнөтүнө 28,3 литр ылдамдык менен маскага стафилококк бактериясынын аэрозолу чачыратылат. Бактериялардын кайсы бир пайызын маскалар тосуп калышы керек.  

Бөлүкчөлөрдү фильтрлөө натыйжалуулугу. Бул тест латекс бөлүкчөлөрүнүн тести деп да аталат. Масканы полистирол микросфера аэрозолу менен чачканда, чыпкалоо жөндөмдүүлүгү. 

Дем алуу учурундагы вентиляция. Маска дем алуу учурунда жетиштүү желдетүүнү камсыз кылып атканын текшерүү үчүн анын ичине аба агымын киргизип, андан кийин масканын эки тарабындагы басымдын айырмасын өлчөнөт.

Суюктуктан коргоо. Масканын ичине суюктук кирип кетпеши үчүн хирургиялык маскаларга жасалма кан куюлуп, адамдын кан басымына окшогон басымдар колдонулат.

Жалындуулук. Операция бөлмөсүнүн айрым бөлүктөрү оңой эле өрттөнүп кетиши мүмкүн болгондуктан, хирургиялык маскалар күйүп кетүү жөндөмүнө текшерилет. Алар 1-класстагы отко чыдамдуу болуш керек.

Жыйынтык: Маскалардын сууну өткөрбөгөн касиети анын сапаты жана натыйжалуулугунан кабар берет жана дем алуудагы вентиляцияга залакасын тийгизбейт. Социалдык тармактарда тараган видеодо фактылар бурмаланган. Ал колдонуучуларды дүрбөлөңгө салган фейк маалымат болуп саналат.