(Кыргыз) Башкы дарыгердин кезектеги калпы жана манипуляциясы
26-апрелде Европалык эмдөө жумалыгына карата пресс-конференция болуп өттү. Анда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө жана илдетти дарылоо тууралуу бир нече билдирүү жасады.
“Эмдөө жана дарылоо — бул түрдүү түшүнүктөр, алар бири-бирине карама-каршы келбейт. Тескеринче, бири-бирине колдоо көрсөтөт. Эмдөөдөн өткөндөр оорубайт. Бүгүн президент өзү бул тууралуу маек курат”.
Factcheck.kg министрдин сөзүн текшерип көрүүнү чечти:
“Эмдөөдөн өткөндөр идлетке кабылбайт”.
Чынында эмдөөнү толук алган соң, илдетке кабылган учурлар аз эмес. Бул тууралуу массалык маалымдоо каражаттары бир нече ирет айтып келген. Учурда көйгөй актуалдуу бойдон калууда.
Коронавируска каршы бир нече вакцина натыйжалуу болгонуна карабай, алардын бири да инфекциядан коргой тургандыгы жөнүндө 100%дык кепилдик бере албарын буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдаган.
Вакцинанын натыйжалуулугуна адамдын жаш курагы, организмдин өзгөчөлүгү жана буга чейинки оорулары да таасирин тийгизет.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун расмий сайты да. бир катар россиялык окумуштуулар да эмдөөдөн кийин инфекция жугушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдаган.
Ал эми Telegram мессенджеринде эмдөөдөн соң ооруп калгандардын тайпасы ачылып, анда 5 миңдей адам бар экени белгилүү.
Жыйынтык: жалган.
Дүйнө жүзү боюнча толук эмдөөдөн кийин, коронавируска кабылган учурлар катталган.
Биз министрдин дагы бир билдирүүсүн текшердик. Ал пресс-конференцияда мындай деген:
“Көптөгөн өлкөлөрдө аконит миңдеген жылдар бою колдонулуп келген. Кыргызстанда да кылымдар бою колдонулган”.
Кыргызстанда аконит элдик медицинада чын эле колдонулуп келен. Бул тууралуу 1979-жылы Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясында басылып чыккан Абдулхай Алдашевдин “Акониттер (фармакология, токсикология жана колдонуу) аттуу монографиясынан биле алабыз.
Бул китепте акониттин алколоиддик касиети байыркы заманда табылганы тууралуу айтылат. Бирок, монография элдик медицина, гомеопатия жана элдик ветеринария тууралуу гана экенин баса белгилөө керек. Ал тууралуу китептин рецензиясында да айтылган. Автордун айтымында өлкөдө акониттин 9 түрү бар. Алардын ичинде өтө уусу азыраагы да, көбүрөөгү да бар. Өтө уулуу аконит аңчылыкта карышкыр, түлкүлөргө карата колдонулуп, ал эми табыптар элдик медицинада колдонгону жазылат. Бирок аконит канчалык деңгээлде натыйжалуу экени тууралуу кеп козголгон эмес.
Монографиянын соңунда Абдулхай Алдашев келечекте аконит салттуу медицинада колдонуларына ишеним арткан.
Бирок, буга карабай, бүгүнкү күндө аконит бир гана элдик медицинада жана гомеопатияда колдонулат.
1947-жылы жарык көргөн Мамлекеттик фармакопеяда “Тянь-Шань аконити” тууралуу макала бар эле, бирок кийинки редакцияларда ал алынып салынган.
Жыйынтык: манипуляция.
Аконит эзелтен бери салттуу медицинада колдонулбай келгенине карабай, министр аны коронавируска каршы натыйжалуу дармек деп белгилөөдө.
Бейшеналиевдин кезектеги билдирүүсү:
“Бул тууралуу президент өзү бүгүн интервью берет”
Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек министрдин сөзүн төгүндөдү.
Анын айтымында президенттин иш планында аконит тууралуу билдирүү берүү каралган эмес.
Жыйынтык: жалган маалымат жана манипуляция.
Өлкөнүн башкы дарыгери президентке жалган шилтеме берип, маалыматты бурмалоого аракеттенген.
Башкы беттеги сүрөт: © REUTERS / VLADIMIR PIROGOV