(Кыргыз) «400 жылда бир гүлдөгөн» Махамеру гүлүнүн таржымалы

(Русский) “Цветок Махамеру, который цветет каждые 400 лет в Гималаях” – такое сообщение распространяется социальных сетях и через мессенджеры. Правда?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Таң калычтуу гүл тууралуу маалымат социалдык тармактар менен мессенджерлерде кеңири жайылды.

«Бул   Гималай  тоолорунда  өскөн   Махамеру  гүлү. Ал ар  бир   400  жылда  бир   гүлдөйт. Биздин  муунга  аны   көрүү  насип  этиптир. Башкалар  да   көрүүсүнө  себепкер  болуңуз», деп айтылат сүрөттөмөдө.

Гүлдүн сүрөтү аркылуу издөө салсак, 2016-жылдан тарта 2019-жылга чейин жарык көргөн эбегейсиз көп маалымат табылат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/8bad4e5f4071e41dbd9c415b80d46afa5288814b.png?resize=640%2C643&ssl=1

Гүлдү сүрөтү аркылуу издесек, анын анык аталышы тууралуу да маалымат чыгат. берди. Протея (лат. Protea cynaroides) — гүлү өз түркүмүндө эң чоң гүл болуп саналат. Ал гигант протея, ханыша протея, бал челек жана падыша шекер бадалы аталыштары менен да таанымал.

Аталган гүл тууралуу маалымат ачык булактарда кеңири кездешет.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/e9347854182a73933925eca0cb717cf0fa1aed1f.png?resize=640%2C688&ssl=1

Протея Түштүк Африканын түштүк-чыгышында жана түштүгүндө жайылып, 1975-жылы аталган өлкөнүн «улуттук гүлү» наамына татыган.

Жыйынтык

Фейк.

Соцтармакта жана мессенджерде тараган маалыматта протея аттуу гүлдүн сүрөтү көрсөтүлгөн. Анын Мекени Гималай эмес, Түштүк Африка Республикасы. Протея 400 жылда эмес, жыл сайын гүл ачат.

P.S. Окурманыбыз Азамат Аттокуров алгачкы билдирүүдө артишок протеясы эмес, жыгач сымал Карнегия экенин аныктаган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/21ba3fbdd0f758150b0054cb1f9a010fb6471135.jpg?resize=640%2C586&ssl=1

Ал эми экинчи сүрөттө Махамеру эмес, дал артишок протеясы чагылдырылган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/a2a76a217fce4f52783238989627a61a9cf501f9.png?resize=356%2C634&ssl=1