(Кыргыз) Жылдызга окшош чептер эмнеге курулган, бул кутумчулардын ишиби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Telegram’да жылдыз көрүнүшүндөгү чептердин сүрөттөрү таркатылууда. Бул чептер ар башка өлкөлөрдө – Жапанда, Мальтада, Испанияда, Португалияда, Италияда, Украинада, Бразилияда, Уругвайда жана АКШда – жайгашканы менен, конспирологдор мындай көрүнүштөгү чептер жөндөн жөн пайда болгон жок, алардын артында кайсы бир “эл” турат деп шекшигендерин билдиришкен.

Factcheck.kg редакциясы алардын шекшүүсү канчалык жүйөлүү экенин аныктады.

Таркатылып жаткан постто төмөнкү чептер келтирилген.

Горёкаку (Жапан). Бул европа стилиндеги биринчи жапан чеби болгон. Аны 1864-жылы түндүк Жапан жерлерин коргоо үчүн курушкан. Форттун беш жактуу формасы чептин дубалдарына көбүрөөк замбиректерди орнотууга мүмкүнчүлүк берип, артиллериянын огу жетпеген “далдоо жерлердин” санын азайткан. Учурда чептин ордунда бакзар отургузулган, ал беш нурлуу жылдыз формасында.

Маноэль форту (Мальта). Гзирадагы Маноэль аралындагы жылдыз форт. XVIII кылымда Улуу Магистр Антонио Маноэль де Вилен башкарган жылдары Ыйык Иоанн ордени тарабынан курулган, кийин чеп анын атынан аталган. Учурда ал оңдолуп чыгып, аралдын көрүнүктүү эстеликтеринин бири болуп эсептелет. Ага туристтердин жана тарыхый реконструкцияларды жакшы көргөн ышкыбоздордун кызыгуусу чоң. Чепте Мальта тарыхынын ар башка мезгилдерине байланыштуу майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Памплон сепили (Испания). XVI жана XVII кылымдардын орто ченинде Памплон шаарында курулган Кайра жаралуу доорунун аскердик чеби. Бул күндөрү анын көп бөлүгүн бакзар ээлейт, ал эми имараттарында маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Сан-Жуан-да-Барра форту (Португалия). Кабанас-де-Тавира шаарынын чыгыш тарабында Алгарвадагы Тавир муниципалитетинин Риа-Формозадан ылдыйраак дөңдө жайгашат

Сант-Анджело Кастели, Адриандын Күмбөзү катары да белгилүү (Италия). Римдеги Адриан бакзарындагы цилиндр түрүндөгү имарат. Алгач император Адриан аны өзү жана үй-бүлөөсү үчүн күмбөз катары курдурган. Кийин ал чеп жана сепил катары колдонулган, азыр ал жакта музей жайгашат. Ал бир кезде Римдеги эң бийик имарат болуп эсептелген.

Орлов чеби (Украина) 1738-жылы аты өзгөргөнгө чейин Тогузунчу деп аталчу. Анда Орлов полкунун Биринчи батальону жайгашат эле. Харьков облусунун Дьячково айылынын жанында жайгашкан. Учурда дээрлик сакталган эмес.

Оранж форту Бразилиядагы Пернамбуку штатынын түндүк жээгиндеги Итамарака аралында жайгашат. Голланддык инженер Питер ван Бюрен 1630-жылы португалдардан коргоону максатында жыгачтан төрт бурчтуу чептин долбоорун чийип, аны курган болчу. 1649-жылы чеп таштан кайра жасалып чыккан. Форт ал кезде Нидерландияда бийлик кылган Оранж-Нассау Үйүнүн атында атала баштаган. Бүгүн фортто музей жайгашат, ага жылына 70 миң адам келет. Анда Бразилиянын голланд доорундагы артефакттарды көрсө болот.

Санта-Тереза чеби (Уругвай). Санта-Тереза улуттук паркында жайгашкан эски чеп. Аны 1762-жылы португалдыктар курган. Кастильос коргонуу линиясынын бир бөлүгү болуп, түштүк жакта жайгашкан Мерин булуңунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Кастильос-Гранде тоосунун жанындагы Ангостура капчыгайын коргошу керек болгон.

Джей форту (АКШ). Нью-Йорк булуңундагы Губернатор аралынын жээгинде жайгашкан АКШ армиясынын мурдагы бастиондук форту. Джей форту аралдагы эң эски коргонуу объектилеринин бири, ал Федералисттер партиясынын мүчөсү, Нью-Йорктун губернатору, Кошмо Штаттардын башкы соту, мамлекеттик катчы жана Кошмо Штаттарынын негизделишинин башында турган адамдардын бири Джон Джейдин атына коюлган.

Жогоруда айтылгандарга таянып, чептердин ортосунда эч кандай байланыш жок экенин байкасак болот. Аларды бириктирип турган бир гана нерсе – алардын бардыгы бастиондук деп аталган фортификациялык чептердин түрүнө кирет.

Ушуга окшош чептер дүйнө жүзүндө көп курулган. Ал эмес алардын ар бири тууралуу кенен маалыматтарды камтыган, көптөгөн сүрөттөрү бар атайын сайт дагы бар.

Бастиондук форттор замбиректер согуш талаасында чоң күчкө айлана баштаганда пайда болушкан. Ушуга окшош алгачкы форт Италияда 15-кылымдын орто ченинде курулган. Ошол кезде илгеркидей шакекче түрүндөгү чептерди замбиректер бат эле талкалап коёру байкалган. Бастиондук чептер – артиллерияга каршы жооп десек болот, ал, биринчи кезекте, замбиректердин огунан коргонуу максатында ойлоп чыгарылган. Ошол эле кезде форттун формасы жооп иретиндеги артиллериялык ок атууга да ыңгайлуу болгон.

Жылдыз жеби бир-бирине колдоо көрсөтө алгандай жайгашкан үч бурчтуу же ромб түрүндөгү бастиондордон турган абдан тегиз түзүмдөгү курулуш болгон. Ал адатынча бардык жагынан аң менен курчалган.

Мындай форманы Микеланджело Флоренциянын топурактан жасалган коргонуу сепилдерин курууда колдонгон, ал эми он алтынчы кылымда италиялык архитекторлор Алькасар Перуцци жана Винченцо Скамоцци аны жакшыртып чыгышкан. Бастиондор Италияда XVI кылымдын орто ченинен тартып көп курула баштаган. Кийинки үч жүз жылдыкта мындай формадагы чептер дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келген.

Тыянак: жалган. Бул чептердин ортосунда эч байланыш жок, бир гана алардын бардыгы бастиондук фортторго кирет. Дүйнө жүзүндө жылдыз түрүндөгү чептердин көп болушу алардын замбирек огунан коргонууга ыңгайлуулугу менен гана түшүндүрүлөт.