(Кыргыз) Акыйкатчыны кетирүү, чет элдик агенттер менен күрөшүү жана капиталдын мунапысы: парламенттин экинчи сессиясынын иш жыйынтыктары

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

29-июнда Жогорку Кеңеш каникулга чыгаардын алдындагы акыркы жыйынын өткөрдү. Kaktus.media белгилегендей, жыйында 50 мыйзам долбоору жана токтом караштырылды. Андан кийин депутаттар мамлекеттик резиденцияга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюштурган “чайга” жөнөштү.

ЖКнын спикери Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын II сессиясында 75 жыйын өткөрүлгөнүн, алардын ичинен экөөсү кезексиз жыйын экенин, 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынганын билдирди. Factcheck.kg’нин журналисттери Жогорку Кеңештин иш алып баруусунун акыркы жылындагы эң резонанстуу учурларды эскерет. Бирок алгач, парламентарийлерди бакканга канча каражат кеткенине көңүл буралы.

Сандар

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарга ылайык, активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда сессиянын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин чыгымдары 548.5 млн сомду түзгөн. Баарынан көп каражат ЖКнын кызматкерлеринин айлык акыларына жумшалган – 464 млн сомдон ашык. Эгер бул санды иш айлардын санына бөлсөк, ар бир айда айлык акыларга 46.5 млн сомдон жумшалып турган болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, депутаттар жыл башында биринчи кезекте өз айлыктарын көтөрүшкөн, бирок канчага көтөрүшкөнү – белгисиз.

Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү

2022-жылы күзүндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жаңжал чыккан. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча профилдик комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун бекиткени менен комитеттин төрагасы Чингиз Айдарбеков ага кол коюудан баш тарткан. Кийин аны комитеттин жетекчилигинен алышкан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы боюнча, бул келишимге ылайык, Кемпира-Абад суу сактагычынын 4485 гектары Өзбекстанга, ал эми Кыргызстанга 19699 гектар жер өтмөк.

Келишим коомдо чоң нааразычылыкты жаратты. Өзгөндө жана Бишкекте митингдер өттү. 2022-жылы 15-октябрда Өзгөндө курултай өтүп, бир катар саясатчылардан жана коомдук активисттерден турган Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзүлгөн. Кийин комитеттин мүчөлөрү “массалык башаламандыкты” уюштуруу шегинде камакка алынган болчу. Бул окуялар «Кемпир-Абад окуясы» деп аталып калды.

Бир айдан соң ЖКнын Эл аралык иштер боюнча профилдик комитети жаңы жетекчиси Улан Примов менен Кемпир-Абад жерлерин Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин бекиткени белгилүү болду. Эки күндөн кийин келишимди Жогорку Кеңеш бекитип берген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кетирүү

Атыр Абдрахматова

19-апрелде экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматова ЖКнын жыйынында “2022-жылы Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө” жылдык докладын жасаган. Докладдан кийин депутаттар акыйкатчынын ишин канааттандырлык эмес деп баалашкан, ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлдөрү Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch уюму Абдрахматованы колдоп чыкканына, ал эми БУУ анын адам укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүн жогору баалаганына карабай 27-апрелде ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди бекиткен. 3-майда Жогорку Кеңеш депутаттарынын көбү Атыр Абдрахматованы кызматынан бошотууга добуш беришкен.

Активдерди легалдаштыруу мыйзамы

4-майда Жогорку Кеңеш Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштырууга жана мунапыс берүүгө байланышкан мыйзам долбоорун кабыл алган. Бул мыйзам мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү мыйзамдаштырууга жана ошондой эле эски декларацияларды жок кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, аткаминерлер эмнесин мыйзамдуу жол менен, а эмнесин мыйзамсыз жол менен тапканы белгисиз болуп калат. “Адилет” укуктук клиниканын юристтери мурда билдиргендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана да бир катар эл аралык келишимдерге каршы келген. Талдоонун толук текстин бул жерден окуса болот. Белгилей кетсек, Factcheck.kg’нин журналисттери бул мыйзам долбоору тууралуу материал даярдашкан жана ага байланыштуу эң көп берилген суроолорго жооп беришкен болчу.

Калган мыйзам долбоорлор: сунушталгандар жана кабыл алынгандар

19-майда ЖКнын сайтында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоордун тексти жарыяланган болчу. 20-июлга карата аны демилгелеген депутаттардын катарында Надира Нарматова баш болуп 20 киши бар. Factcheck.kg редакциясы бул тема боюнча материал даярдаган. Биз аныктагандай, мыйзам долбоору көп жагынан 2012-жылы кабыл алынган орусиялык чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет.

21-майда парламент үчүнчү окутууда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү. Ошондой эле кыргыз тили сот өндүрүшүндө, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде, мамлекеттик органдардын ишинде, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда ж.б. милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

Июньдун башында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынган. “Медиа Полиси Институту” коомдук фондусу бул мыйзамды цензура киргизүүнүн жана жарандардын маалыматка жетүүсүн чектөөнүн дагы бир аспабы катары баалаган.

8-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары өзүлөрү мурда сындап келген “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Мурда депутаттар курултайга мыйзам чыгаруу демилгеси берилгенине жана депутаттар отчет бериши керек болоруна каршы чыгышкан. Кабыл алынган мыйзам долбоорунда беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылган жана анда делегаттар курултай өтө турган убакытка гана шайлана тургандыгы айтылат.

Ошентип ЖКнын VII чакырылышынын II сессиясында:

  1. Парламентти каржылаганга дээрлик 550 млн сом жумшалган
  2. Коомдун нааразычылыгын жараткан бир катар мыйзамдар кабыл алынган
  3. Жарандардын эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзгөн башкы адам – Акыйкатчы кызмат ордунан бошотулган.