Депутаттар декларацияларын жок кылууну, а мурда топтогон байлыгынын баарын мыйзамдаштырууну талап кылышууда

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Надира Нарматова Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйындарында аткаминерлердин декларациялары тууралуу пикирин билдирип, өткөн жылдагы мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгууну сунуштады. Ал журналисттер декларацияларды “чукулашып”, адал эмгеги менен акча тапкан аткаминерлер тууралуу жалган маалыматтарды таркатып жатышат деди.

Документти Экономика жана коммерция мининстри Данияр Амангелдиев даярдаган. Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоору эч кемчиликсиз даярдалган деп айтылат. Амангелдиевдин билдирүүсүндө, мыйзам долбоорунун эң башкы артыкчылыгы – бизнести көмүскө экономикадан алып чыгат.

Чын эле кемчиликтери жокпу?

Нарматова менен Амангелдиев аткаминерлер акчаны адал эмгеги менен табышат, журналисттер аларды текшербеши керек деген пикирде. Алардын айтымында, бул мыйзам долбоору мүлкүн катып келишкен “таза, чынчыл” аткаминерлер үчүн жазылган. Ал күчүнө кирсе аткаминерлер мыйзамсыз жол менен тапкан активдерин декларацияга киргизип*, аларды адалдаштыра алышат. Бийлик аларга карата кылмыш иштери козголбой тургандыгына кепилдик берет.    

*Ред. түшүндүрмөсү: Мыйзам бузуу менен табылган бардык активдерди декларация кылса болот. Бирок адамдарды сатуу, баңги аткезчилиги жана ушул сыяктуу адамга жана жеке менчикке каршы башка кылмыштардын негизинде табылган байлыкты адалдоо мүмкүн болбойт.

Бирок да:

  • Аткаминерлердин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматтар жарандарга жеткиликтүү болбой калат.
  • Бул өзгөчө декларацияларды ачыктаган тараптар жоопкерчиликке тартылат.
  • Мурунку бардык декларациялар жок кылынат.

Ушул логикага таянсак, бюджетке миллиондогон сомдорду кайтарышкан мурдагы аткаминерлер Раимбек Матраимов жана Кубанычбек Жумалиев, келтирген чыгымдарын толтурбай эле бул мыйзамды колдонуп, болгон байлыктарын мыйзамдаштырып, аны менен кошо кызмат орундарын да сактап калышмак.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган эки экс-аткаминер “кустуруудан” өткөрүлүп, келтирген зыяндарын толтуруу максатында 2.5 млрд жана 1 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты төлөп беришип, камакка алуу жазасынан кутулушкан.

Коом маанилүү маалыматтарга жетпей калат. Декларациянын мааниси

Мамлекеттик кызматтагылардын декларацияны тапшыруусу алардын жана жакын туугандарынын кирешелерине жана мүлкүнө көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүү куралы болуп эсептелет. Ошондой эле бул коомго аткаминерлердин кирешелерин жана мүлкүн билүүгө, алардын жашоосу көрсөтүлгөн кирешелерине туура келишин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, декларация жемкорлук менен күрөшүүнүн, мамлекеттик башкаруунун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоонун маанилүү куралы болуп эсептелет. Декларацияны жабуу элдин мамлекеттик органдарга ишениминин азайышына алып келет.

Шайлоочуларга отчет бергенден көрө, жаап-жашырган кыйла жеңил. Надира Нарматова акыркысына ыктайт

Салык кызматынын маалыматы боюнча, Надира Нарматова 0 сом киреше көрүп, анын чыгашасы ушунча эле өлчөмдө болгон. Мүлк деген жерде 450 чарчы метрлик үйүн жана 780 чарчы метрлик административдик имаратты, 7 млн сомдук малын жана 2.2 млн сомго жасалгаларын көрсөткөн.

Ошондой эле депутат айым бир авто унаасын көргөзгөн, бирок Мамлекеттик каттоо кзыматынын маалыматы боюнча, ага төрт автоунаа катталган.

Надира Нарматованын эки Идентификациялык салык номери бар (12012195800710 жана 12012195810055), бирок мыйзам боюнча КР жаранынын бир гана ИСНи болушу керек. Биринчи ИСНге авто унаа катталган эмес, бирок экинчи ИСНде алардан төртөө.

Үч авто унаа тууралуу маалыматтын жашырылышы жана эки ИСНдин болушу депутаттын декларациядагы маалыматтарынын аныктыгы боюнча шектенүүнү жаратат. Ошондой бул салыктык отчет боюнча мыйзамды бузуу болуп саналат.

Тыянак: Аткаминерлердин декларацияларын жашыруу жарандык көзөмөлдүн жана ачык-айкындуулуктун принциптеринин сакталышы боюнча белгилүү бир шектенүүлөрдү жаратат. Анын үстүнө демилгеленген мыйзам долбоору жемкорлук кылмыштарды жашыруунун жолдорунун бири болуп калышы мүмкүн.