(Кыргыз) Беларуста Биринчи канал аккредитациядан айрылды деген маалымат — жартылай чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Биринчи канал (Первый канал) жалган репортаждары үчүн Беларус президенти Александр Лукашенко тарабынан аккредитациядан айрылды. Мындай маалымат социалдык тармактарда тарагандыктан,  Factcheck.kg анын чын-төгүнүн тастыктады.

Алгач  «лукашенко лишил аккредитации первый канал» деп издөө салсак,  tut.by аттуу белорус басылмасында, мындан тышкары, орусиялык  Lenta.ru, РБК, немец DW сайттарында жарыяланган макалаларга туш болобуз. Алар менен таанышып чыгып, 6-майда Беларустун Тышкы иштер министрлиги Биринчи каналдын журналисти Алексей Кручининдин аккредитациясын алып койгонун биле алдык. Мындан ары Алексей Кручинин Беларуста журналист катары иштей албайт, бирок, ага өлкөдө болууга тыюу салынган эмес.  Журналист менен катар эле, анын кесиптеши, Биринчи каналдын оператору жана Беларус жараны аккредитациядан айрылган.

Ал эми Биринчи канал маалыматты мындайча тастыктаган: «Биздин тартуучу топ аккредитациядан айрылып, журналистибиз өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Беларус бийлигинин бул кадамын негизсиз деп эсептейбиз».

Белгилей кетчү жагдай, журналисттин ишмердигине Лукашенко эмес, Тышкы иштер министрлиги тыюу салган. Бул кадамга ТИМ  Лукашенконун айтымы менен барганбы же жокпу, далилдөө мүмкүн эмес.

Көпчүлүк басылмалар журналисттин ишине салынган тыюунун себебин коронавирус тууралуу тартылган репортаж деп эсептейт. Биринчи каналдын журналисттери Минск шаарынын жанындагы Столбцы райондук борборуна барып, ал жердеги эпидемиологиялык абалдын “кескин начарлашы” тууралуу сюжет даярдаган.

Жыйынтык: жартылай чындык. Биринчи канал Беларуста аккредитациядан айрылган, бирок мындай чечим Александр Лукашенко эмес, ТИМ тарабынан кабыл алынган.