(Кыргыз) Түштүк Кореяда бекерчилик боюнча таймаш уюштурулганы чынбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Түштүк Кореяда бекерчилик боюнча таймаштар уюштургандыгы тууралуу маалымат кеңири тарады.

 

Бул билдирүү фейк же такталган маалымат экенин Factcheck.kg текшерип көрдү.

Ачык булактардан 2014-жылдан тарта жыл сайын Түштүк Кореяда бекерчилик боюнча таймаш өткөрүлөрүн аныктадык. Бекерчилик таймашынын расмий аталышы

Space-Out, сөзмө-сөз которгондо “тышкы дүйнөдөн акыл-эсти толук эс алдырып, ажыратуу” дегенди билдирет.

Space-out competition.com сайтында мелдештин шарты жана маңызы түшүндүрүлгөн. Мындан тышкары, аталган сайттан таймаш учурунда тартылган сүрөттөрдү да көрсө болот. Чемпионаттын автору Вупс Ян (Woops Yang) аттуу сүрөтчүнүн айтымында ири шаарлардын тургундары бекерчиликтен кооптоно баштайт. Мындан улам, катышуучуларды тынчтандырып,  тышкы чөйрөдөн алаксытуу максатында бекерчилик таймашы ойлоп табылган.

Ал эми социалдык тармактарда колдонуучулар активдүү бөлүшүп аткан сүрөт 2016-жылдын 27-майындагы таймаш учурунда тартылган.

Жыйынтык: чындык. Түштүк Кореяда бекерчилик боюнча таймаш уюштурулары чын.