(Кыргыз) Атамбаевдин Бишкектеги Жылуулук борбору тууралуу калпы

(Кыргыз) Factcheck.kg экс-президент Атамбаев “Апрель” телеканалында берген интервьюсунда билдиргендей коңшу өлкөлөрдөгү жылуулук борборуна сарпталган каражаттардын суммасынын чын-төгүнүн текшерди.

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

“Мисалы, Өзбекстанды алалы. Туракурган жылуулук электр энергия борбору 1 МВт үчүн 2,44 млн, а бизде 1 МВт үчүн 1,28 млн. Биз эки эсеге арзан кура алдык”, – Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюусунан – 2018-жылдын 19-ноябры.  
Алмазбек Атамбаев бул интервьюсунда Бишкек ЖЭБ модернизациясын коңшу өлкөлөрдө жылуулук борборлорунун курулушу менен салыштырып, Өзбекстан боюнча чындыкка коошпогон маалыматты келтирген.

Өзбекстандык uzbekenergo.uz сайтында жарыяланган расмий маалыматтарга ылайык, эск-президенттин айткандары “калп” деп таанылды.

“Келишимдин толук баасы  –  749 млн. доллар АКШ түзөт. 1 МВт баасы – 0,832 млн.долл” –  uzbekenergo.uz сайтынан алынган маалымат.

Мындан тышкары биз башка өлкөлөрдүн жылуулук борборлорунун курулушуна кеткен чыгымдарды да текшерүүгө алдык.

“Тажикстанда,  Душанбеде – 1,32 миллион, ошол эле TBEA курган. Бул жерде дагы адамдардын башын айланткыдай кылышкан, анткени курулуш эки баскыч менен жүргөн. Түшүндүрүп келишкенде бир эле этабын айтышат. Эгерде экөөн тең алганда, анда бизге караганда кымбатыраак болот. Тажикстанда TBEA компаниясы бул эки долбоор үчүн дагы алтын кендерин кайра иштетүүгө да жолу ачылды, бул абдан маанилүү” – Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюусунан – 2018-жылдын 19-ноябры.  

Тажикстандык “Таджикэнерго” (ОАХК «Барки Точик») сайтында 300 мВт кубаттуулуктагы казан агрегаттарынын баасы боюнча гана маалыматтар илинип турат.

“ТР парламентинин төмөнкү палатасы Тажикстан өкмөтү менен Кытайдын Экспорт-импорттук банкы ортосундагы өкмөттүк жеңилдетилген насыя боюнча “Душанбе ЖЭБ-2 курулушунун экинчи этабы” долбоору тууралуу Макулдашууну ратификациялаган.  Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытайдын «Эксимбанкы»  331,5 миллион долларов өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлгөн ” –  “Таджикэнерго” сайтынын маалыматы.

Маалыматка ылайык, курулуштун экинчи фазасында 1 мВт – 1,103 млн долларга туура келет. Эгерде биринчи фазаны дагы эске ала турган болсок, Алмазбек Атамбаев айткандай (178 млн. доллар – кубаттуулугу 100 мВт – булак: “Озоди” радиосу) 1,27 млн долларов за 1 мВт – 1,27 млн доллар болот ( бул үчүн 331,5 млнго 178 млнду кошуп бул сумманы жалпы кубаттуулук 400 мВтка бөлөбүз). Пайда болгон сумма дагы экс-президент айткан цифрадан аз($1,32 млн).

Ал эми башка эки кен иштетүү жайлары тууралуу сөз кыла турган болсок, алар айтылган суммага кошумча төлөм катары каралган эмес. Тактап айтканда,  ТВЕА ЖЭБ өз каражатына курган, бирок акчасын алтын кен иштетүүчү жайлардан түшкөн кирешеден алат.

“Эскерте кетсек, кытай компаниясы Душанбе ЖЭБ-2 курулушу үчүн жогоруда айтылган эки алтын кенин иштетүү укугуна ээ болууда” – булак: “Озоди” радиосу

Атамбаевдин Казакстан боюнча келтирген цифралары туура келүүдө. Караганда ЖЭБ-4 жана ЖЭБ-3 борборлорунун 1 мВты чындап эле кымбатка айланган, бул $2 млнду түзөт.

Бул маалыматтардын негизинде Алмазбек Атамбаев төмөнкү жыйынтыктарга келүүдө.
“Бишкекте ЖЭБ курулушу, 1 мВты, коңшу өлкөлөргө караганда эки эсеге арзан бааланган”, – Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюусунан – 2018-жылдын 19-ноябры.  

factcheck.kg – БҮТҮМ:

– Алмазбек Атамбаев Өзбекстан жана Тажикстанда ЖЭБ курулуштарына сарпталган каражаттын суммасы тууралуу билдирүүлөрү – “КАЛП”. Бирок ушул эле учурда Казакстан боюнча реалдуу цифралар келтирилген.

– Экс-президент “Бишкек ЖЭБнун курулушу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эки эсеге арзан салынган”, –  деп айткан сөзүнө негиз жок.  Курулуш Казакстанга караганда гана арзан, бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен салыштырганда, тескерисинче кымбатка айланууда.